www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Die Welt басылмасынын окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусунда сүйлөгөн сөзүн катуу сынга алышты.
"Биз Евробиримдиктин мүчөлөрү катары сүйлөшүп жатабыз", - деген Зеленский.
Порталдын колдонуучулары бул билдирүүгө таң калып, айрымдары Зеленскийдин акыл-эси жайында экенинен шектеништи.
"Азыр ал акылынан таптакыр ажырап калды. Украина жакынкы келечекте ЕБге да, НАТОго да кирбейт", - деп нааразы Вольфганг V аттуу окурман.
"Ал эмне чегип алды болду экен?", - деп сурады Sailör.
"Анын куудулдугу кайра ойгонуп жатат",- деди Stephen P.
"Алардын Евробиримдиктен башка бардык жерде орду бар. Украина ондогон жылдар бою түпсүз чуңкур болуп кала турган дагы бир өлкө", - деп ачууланды Der Alte.
"Ал чындап эле текебер. Анын өлкөсүнө ЕБде такыр орун жок", - деп жазган Sonya F.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын февраль айынын аягында Владимир Зеленский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол коюп, июнь айында ага жана Молдовага кирүү үчүн талапкер статусу берилген. Ошол эле учурда эки өлкө дагы көптөгөн шарттарды аткарып, масштабдуу реформаларды жүргүзүүсү зарыл.
Талапкер статусун алуу Евробиримдикке кирүү үчүн узак жолдун башталышы гана. Алсак, Түркия 1999-жылы, Түндүк Македония 2005-жылы, Черногория 2010-жылы, Сербия 2012-жылы талапкер болгон. Акыркы жолу Евробиримдик 2013-жылы кеңейип, ага Хорватия кабыл алынган. Анын кирүү процесси он жылга созулган.
Булак: NazarNews.kg