www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде «Ата-Мекен» партиясынан Болот Шерниязовду «мародёрсуң» дегенге чейин барган. Ал Бабановго эки ок жөнөтүп: «Эгер мародёр экенимди далилдеп берсең, мен атынып өлөйүн, эгер далилдей албасаң, сен атынып өл», - деген. Бабанов далилдеп бере алган эмес, бирок тирүү жүрөт. Кулов эгер тик учмалардын бир винтигин сатсам, анда атынып өлөм деп курултайда какшанды. Анда учактарды ким сатты? Бул тууралуу журналисттик иликтөөлөр уланып жатат.

2015-жылы «Ата-Мекен» партиясы менен бирге чыккан Мелис Мырзакматовдун көчүгү жер жыттабай шайлоо алдында чымын-куюн болуп партия издеп жүргөн. Балким «Сыныктан башкасы жугат» дегендей, Текебаевдин ушунусу жугуп калгандыр? Анын «Ата-Мекен» партиясы менен 2015-жылы түзүлгөн коалициясынын иши бүттү окшойт. Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” эми  “Ар-Намыс”, НДПК, “Элдик көзөмөл”, “Мекен сакчысы” партиялары “Намыс жана тартип” аттуу коалиция түзгөнү белгилүү болду.

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Кулов Мырзакматовдун алдына корголодубу же Мырзакматов Куловдун алдына корголодубу - ким билет? Бул коалицияга Мелис Мырзакматов, Феликс Кулов, Артур Медетбеков, Дмитрий Федоров жана Кубанычбек Исабековдор келе жаткан парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн биригишти.

2010-жылдын 7-апрелинде  бийлик кулаган соң, кыргыз элинде дагы бир баатыр пайда болгон. Бул баягы эле Феликс Кулов эле. Анын амбициясы кайрадан тынч жаткызбай Москва, Астанага чейин алып учуп жөнөдү. Бир гана чындыкты айтып коюшубуз керек ушундай алкеш-чалкеш заманда каякка баштарын батыраарын билбей, «Ар -Намыс» партиясына кыргыздын мыкты чыкмаларынын бир тобу чогулган. Ошолордун кадыр-баркынан улам «Ар-Намыс» партиясы парламенттик беш пайыздык чектен өтүп келген.

Бирок, парламентке келген соң бир-биринин көчүктөрүнө суу куйган. Башкы суу куяр Акылбек Жапаров эле. Арийне, баягы эле Куловдун амбициясынан улам 2015-жылы кайра келүүгө бул партияга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эми болсо парламенттик шайлоо алдында коалиция түзгөнү Мелис Мырзакматовдун алдына барышты.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости