www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө кара тумоо илдетине кабылгандардын саны өсө баштады. Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзорунун жетекчиси Анна Попова билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, илдеттин жайылышына күндүн ысышы дагы себеп болуп жатат.

"Биз дүйнө жүзүндө кара тумоого кабылгандар көбөйө баштаганына күбө болуп жатабыз. Бул нерсе дагы бүгүнкү күндүн коркунучтарынын бири. Күндүн ысышы, климаттын өзгөрүшү оору очогунун аймагын өзгөртүп жатат", — деди Попова.

Ал мындай кырдаалдарга чукул чара көрүү өтө маанилүү экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости