www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-октябрда «Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча жыйынтыктоочу арбитраждык чечим чыгарылгандыгын министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү боюнча борбор маалымдайт.

Чечимге ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кенемте тууралуу талабы Арбитраж тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж токтом кылгандай, Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык аракеттерге барган.

Доогер, «Penwell Business Ltd» оффшордук компаниясы, 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда республика доогердин инвестициясын «БиМоКом» ЖЧКсына (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя. Бул чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Бул маанилүү жеңиш министрлер кабинетинин сот өкүлчүлүгү боюнча борбордун командасынын жана Кыргыз Республикасы тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн – «Willkie Farr & Gallagher LL«» эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша болду, деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости