www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш "Талибан"* кыймылы аялдардын жана кыздардын укугун коргоо маселесинде милдеттерин аткарбай жатканына тынчсызданып, уюмду - берген убадасында турууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазат. "Ооган аялдары менен кыздарына байланыштуу талибдердин берген убадасы аткарылбай жатканына санааркап жатам. Мындан улам Ооганстандын кыздары менен аялдарынын кыялы талкаланат", — деди Гутерриш.

Анын айтымында, 2001-жылдан бери Ооганстандын мектептеринде болгону 3 миллион кыз окуган. Ал эми окуу жылынын орточо узактыгы алты жылдан 10 жылга чейин эле. Гутерриш кыздар менен аялдар көңүл чордонунда болушу керектигин айтып, алардын окуу, иштөө, коомдук турмушка катышуусун - алардын жөндөмүн өнүктүрүү гана аныктай турганын кошумчалаган.

"Ооган экономикасынын 80 пайызында аялдардын ролу чоң, бирок ал каттоого алынган эмес, бейрасмий болуп эсептелинет. Алар жок ооган экономикасы жана коомчулугу кайра калыбына келе албайт. Мен талибдерди аял жана кыздар маселеси боюнча сөзүнө турууга чакырам жана эл аралык гуманитардык укук боюнча өз милдеттерин аткарууга үндөйм", — деди ал.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ооган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Талибан өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Ооганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Ооган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган. Ал эми октябрь айынын башында Орусия талибдерди Ооганстан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости