www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө БШКнын төрайымы катары туура эмес иштери менен Гүлнара-Клара Самат мурунку фамлиясы Кабилованы жашырып фамилиясын өзгөртүп алган. 2015-жылы «Өнүгүү –Прогресс» партиясынан шайлоо «рингине» жол ачкан Стамкулов Тазабек Икрамов деп өзгөрүлүп алган. Жалал-Абад облусунда Сузак районунда «Өнүгүү –Прогресс» партиясынын өкүлү Тазабек Икрамов (мурунку фамилиясы Стамкулов) баштаган топ 2015-жылдын 5-августунда «Бир бол» партиясынын өкүлүнө кол салган. Албетте, күч органдары «Өнүгүү –Прогресс» партиясын калкалап, байкоочу катары унчукпай калган. Азыркы «Өнүгүү –Прогресс» партиясына кире качкан Тазабек Стамкулов (Икрамов) Сузак районунда 1974-жылы туулган. Ал 2009-жылы ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Жээнбеков Жусупжан Амиржановичтин уулун уурдап барып, көзүн тазалаган иш боюнча күнөөлөнгөн. ЖК депутаттары СДПКчы Руслан Шаботоев менен кошо СДПКчы Жусупжан Жээнбековдун уулу 2008-жылы сентябрда жок болуп кетип, 2009-жылы анын сөөөгүнүн калдыктары Кеминден табылган. Милиция тарабынан Амиражановдун өлүмү боюнча күнөөлүүлөр Зикирбаевдин тобундагы 3 адам табылып. Андан соң ММКларда бул өлүмдү заказ кылган Тазабек Стамкулов экени белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги тастыктагандай Тазабек Стамкулов криминал дүйнөсүндө белгилүү УКТ (ОПГ) мүчөсү болсо, бир тууганы Кумарбек Стамкулов «Замандаш» партиясынын тең төрагасы болгон. «Өнүгүү –Прогресс» партиясына оогон Тазабек Стамкулов шайлоо мушташын ачып берди. Төпөштөлүү кезеги кимде болду экен?
Андан соң жөн калбай «Ата-Журт» партиясы менен жакалаша кетип, РАЖ фракциясынын теңтөрагасы Ташиевди баса жыгылган. Ошол кармашта БШК Ташиевге каршы иштеп Ташиевди депутатка талапкер катары полномочиесин жокко чыгарган.
Бул чакырылышта да депутаттар бири-бири менен сөз аркылуу коколошо баштаган. «Атажуртчу» депутат Токторбаев Икрамов Тазабекти таза кеп менен коколоп өлтүрүп койо таштады. «Айласыз каман арстанга тиш салат» болуп, алгач Токторбаев экинчи парламенттен бери депутаттык креслону ээлеген, төртүнчү чакырылышта спикер болуп, кийинки чакырылыштарда парламентке өтпөй жаңы өткөн азуулу депутат Адахан Мадумаровго азуусун кайраган. Адахан мырза элге мугалим болуп жатканын баса белгилеп, өзүн-өзү көтөрмөлөгөнү токтотушун талап кылды. Мадумаровко «кой терисин жамынган карышкырсың» -деп атырылды. Албетте ал кездеги спикер Талант Мамытов чоочуп кетип микрофонун өчүрөр менен Токторбаев токтобой жинденип залда ачуу кыйкыра баштаган. Спикер - ооз толо айтылат, бирок, ордундагы адам татыксыз экени белгилүү болчу. Экс-спикер «Маяне» Дастан Жумабеков менен «Тили сынган» «Сексалю» Тазабек Икрамов «Кыргызстан» партиясы аркылуу мурунку парламентке келишип, элди жүдөткөн. Эми да депутат болуп келишти. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» дегенчеликке барбай, күтүүсүз бурулушка үмүт кылсак болмок. Кээде жаның ооруса да шишиген, ириң баскан жериңди кесип ыргытууга туура келет. Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамовго карай башка салыштырууну айтып не? Түшүнүктүү да... Себеби, коомчулук буларга тоюп бүтүштү. Депутаттык кызматты булгашканы, «кошоматка кой союшканы», сабатсыздар, элементардуу шартта көп катачылыктарды кетиришкени элдин эсинен кетпейт. Дал ушулардын айынан «Кыргызстан» партиясынын ээри кыйшык токулса, Канатбек Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун 5 жылдан берки эмгектери талаага кетип, кадимкидей калк арасында ишенбөөчүлүк, коркунуч жаралганы бышык. Мындай жагдайда чечкиндүү гана кадамдар керек го? Алдын ала эле партия элге жек көрүнүп шайлоого катыша алган жок. Ансыз да сын пикирлер жетиштүү айтылып келген партия орду түбү менен жок болду.
Аңгыча Токторбаевди жоошутам деп «Сексалю» Тазабек Икрамов жеңин түрүнүп чыккан. Токторбаев менен «Тили сынган» Тазабек Икрамов ортосунда кайым айтышуу болуп кетти. Токторбаев токтоосуз «оозуңду жап» деди эле, Икрамов «эшикке чыгып кет» деди. «Атажуртчулар» Токторбаевди токтоосуз тормуздап отурган жерине жеткирип коюшкан.
«Сексалю» депутат Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып келген. Сузак району парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан көп адамдар коюп алдыга суурулуп чыккан. Жусупжан Жээнбеков төртүнчү чакырылыштагы депутат да койгон. Бул эки эрендин ортосунда депутат талашып кер-мур айтышуулар болгон. Ага эмне себеп болду? Кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдыздай Жээнбеков Сатыбалды деген бар эле. Акаевдин доорунда ууланып, күтүлбөгөн жерден, а дүйнөгө сапар тарткан. Дал ошол ууланар алдында аны менен кошо Көтани менен Бакетаев болгонуна тарых күбө. Арийне, бул ишти Акаевдик бийлик жаап койгон. Анын иниси Жээнбеков Жусупжан Акаевге каршы аттанып Жалал-Абад шаарында элдик губернатор болгон. 2005-жылдары Жалал-Абад менен Таластын губернатору 2007-жылы СДПК партиясынан парламентке келген. Депутат кезинде Жусупжан Жээнбеков уулунан ажыраган. Бахтияр Жээнбеков Орусиянын Москва шаарында ири ишкерлик менен алектенген. Жээнбеков Бахтияр Жусупжановичтин өлүмүнө күмөн жараткан алтынчы чакырылыштагы ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов деген сөз эл арасына тараган. Ал дене тарбия мугалими болуп эки жыл иштегени менен «чимкирик депутаттыгына» таянып, Билим министрлигинен «Эл агартуу отличнигин» же азырынча «Мыкты мугалим» наамына татыган. Бирок анын билим деңгээли «Акела» менен «Аттилланын» айырмасын билбеген нөлөбөй класстын сөлдүрөгөн окуучусу менен барабар. Сабатсыздыгы нөлдү карап турганына карабай «Мыкты мугалим» наамын агай-эжейлерден тартып алган. Бирок сахнага чыгып ыр «чо-озуп» жиберет. Балким «мыкты артист» деген наам алса жарашмак.
Бахтияр Жээнбековду өлтүргөндөр кармалып оор жазага тартылганы менен «заказчик» кармалбай калган. Ишенимдүү булактарга таянсак, Тазабеков менен Жээнбековдун ортосундагы кер-мур айтыш бүгүн эле болбосо керек.
Тазабек Икрамов: «Сузактан мен чыгып атсам, сиз кыйналып каласыз го?» - деп атаандашы Жусупжан Жээнбековго бир тийиптир. Анда Жусупжан Жээнбеков: «Эй, Тазабек, көрөбүз ким кыйналып каларын...» - деген таризде кекенип, каршылык көрсөтүүгө бел байлаптыр. Тазабек Икрамов менен Жусупжан Жээнбеков кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан аймактарда «аласаларын» талашып, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» болуп турушкан. Сузак УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кичи мекени. Андан тышкары, Сузак районундагы шайлоонун атмосферасына өзбектер эбегейсиз таасир этээрин, алардын добушу чечүүчү ынгай жаратышы мүмкүн эле. Ата-баладай эки саясатчы тирешип, бир-бирин эңип түшүүгө ашыгып калганда, ортосун араң тынчытып криминалдык күчтөргө таянган Икрамов жеңип чыккан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg