www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин учурунда кошоматка кой союп жүрүп Кыргыз темир жолун тейлеп байып алган Иса Өмүркулов Отунбаеванын учурунда Бишкекке мэр болгон.  Исакенин «журт атасы» АША аны мышык чычканды ойноткондой ойнотту. Бишкекке мэр болуп турганда баласы кимдир бирөөнү топтой сүзүп кеткен, ушунун азабын Исакең көрүп АШАны «журт атасы» атап, кошоматка эл кой союп жүрсө бул уй союп жүрдү. АШАны Беш-Күңгөйдөгү дачасына алып нечен ирет сыйлады, АША болсо ичкен сайын каматам деп жулунуп акыры СДПК партиясына лидер кылды. Жээнбеков президенттикке  келер менен АШАны «кидать» этти.

Келме кезек демекчи, бир кезде өзү мэр болуп турганда мыйзамсыз курулуш иштерине байланыштуу рейд кылып жатабыз деген иш-чараларды жүргүзүп калчу Иса Өмүркуловдун дүкөнү дагы бузулду. Учурунда мыйзамды сүйлөгөн Өмүркуловдун ичинен кан өтүп кетти көрүнөт. Сыягы, өзү мыйзамсыз курулуш куруп алып, мага жараша берет деп ойлосо керек. 

Жараткан ошентип таразалап коёт. Таба эмес, тобоо. Төө минген кези көзүнөн учуп, тирүү туруп элде жок, кеп-сөздөн калганына намысы болсо ардангандыр. Ошол үчүн "эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" дешкен да ата-бабалар. 

Алмазбек Атамбаевди "ата" деп жүргөндө азуусун айга жанып, каалагандай талтаңдады эле. Ошого ыраазы болбой, ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт болуп, чириген байлыгы туруп, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев айткандай Атамбаевден акча сурап кетчү экен. Көрсө, ынсапсызды тойгузуу мүмкүн эмес тура. 

Кийин ичкен кудугуна түкүрүп, Атамбаевдин "тузуна сийип" сатып кетти. Мына эми эч жерге батпай, аш-тойго бара албай, "өлүү дүнүйөсүн" коргоп, жек көрдүгө айланып отурат. Кудайдын каарына калат деген ушул эмеспи...

Усубалиевди эл акыны Майрамкан Абылкасымова, Атамбаевди депутат Иса Өмүркуловдор «Журт атасы» деп кошоматтанышкан. Ал эми Акаевди маркум Барчынбек Бугубаев: «Эй кыргыздар Акаевди ата дейли» -деп коркутту. Кыргыздардын барынын жүрөгү түшүп кетип «Ата» дей баштады эле жалгыз эле Саяковский чыгып Акаевди Ата десең, Майрамды мама деп ал деп сес көрсөттү. Атамбаевди «Журт атасы» деп даңазалап жүргөн  Иса Өмүркулов бүгүн Атамбаевди карап «үрүп» жүрөт. Атамбаев өкмөт башына келгенде Иса мырзаны Бишкекке мэр кылган. Эми анын Ата-Түрк сейил багын кыргыз атка минерлери бөлүп алып хансарай салып жатканына ооз ачып унчуга алган жок. Анын уулу жолдо кетип бараткандарды таракандай тебелеп кетти. Кылмыш иши козголду эле досу Атамбаев басып койду. 2013-жылы Бишкек мэри Иса Өмүркуловго БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: «ЖЕҢИШ СЕЙИЛ БАГЫНЫН АЯНТЫН МЫЙЗАМСЫЗ КИЧИРЕЙТКЕН» деген кылмыш ишин козгоп, Бишкек мэринен жек көрүмдүүлүк менен түшүп, камала турган болгондо, досу Атамбаевге жетип барып буурчак-буурчак жашын төктү эле, досунун боору ооруп кетип бул кылмыш ишин жаптырып, КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат кылып, кийин КСДП фракциясына жетекчиликке алып келген. Атамбаев президенттен кетип бара жатып досун унуткан эмес, эч эмгеги жок Иса Өмүркуловду «Даңк» ордени менен сыйлап кеткен.Эми башкалар Атамбаевди жамандаса жамандай берсин, «пилге үргөн кандекке» окшоп, Атамбаевдин жакшылыгын көрүп, 2016- жылы референдум учурунда  «журт атасы» деп жүрүп, эми кызматтан кеткенде аны жамандап жатканын карапайым эл кандай түшүнөт? 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости