www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөбүздө бир аз болсо да министрлер арасында жыгылып-тургандар болуп жатат. Бирок чоң өзгөрүүлөр али алдыда деп Франциядан кабарлар тарап жатат. Бийликте кимдир бирөөлөрдүн атын сатмай оорусу пайда болду.  «Эксчиништер» Мамытов, Тагаев, Булекбаевдер жөн жүрүшпөй, кимдир бирөөлөрдүн атын сатышканы эмнеси? Акыркы учурларда бийликке бир дарт жабышты, бул жугуштуу оору бийликтен барып депутаттарга талапкерлерге да барып жабышып алды. Анткени мага УКМКнын төрагасы бата берген деген мактанууну атка минер болгондор көбүрөөк колдонууда. Мындай жугуштуу оору вирус сыяктуу туш тарапка тарап жатат. Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткандардын теледебаттары өткөн. Теледебатта кызык жагдайлардын сыры ачылууда. Талапкер Эркин Булекбаев, УКМКнын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов, Ленин районунун мурдагы акими Руслан Тагаев Ташиевден бата алып, шайлоодо каржылап жатат деген билдирүү жасап жатышат. Чынында Тагаев өзү да менин артымда Ташиев турат дегенди айтып мактанып жүрөт экен. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегенди, эске алсак, Тагаевдин бул кылыгы шайлоонун таза өтүшүнө көлөкө түшүрө турган болуп калды. 

Ал эми казак улутундагы Булекбаев менен УКМКнын кандай тиешеси бар? Токон Мамытов коопсуздук жагында чоң кызматтарда жүргөн. Булекбаев учурунда УКМКда камалып жаткан кыраандардын бири. Эң негизгиси УКМКнын төрагасынын атын сатып жатканын кандай түшүнсө болот? Ташиев бул боюнча расмий түрдө Тагаевге байланышы бар же жогун айтып койбосо, элдин таза шайлоо өттү дегенге ишениши кыйынга турат. Натыйжада, Ленин районунда аягы үзүлбөгөн шайлоо өтүп, мамлекеттин акчасы талаага чачыла береби?

 Акыркы учурда Франциянын www.intelligenceonline.fr басылмасы УКМК  төрагасына көбүрөөк басым жасап, аны жакынкы күндөрү КР президенти болот деп маалымат чыгарды. Төмөнкү маалыматты жалпак тил менен айтканда “эки досту” кайраштыруу катары жазганын баамдасак болчудай .Франция басылмасы төмөнкүдөй маалыматты таратып жатат. Путин илгери КГБ да иштеп, ФСБны башкарганын көп кишилер билет. УКМК төрагасы Орусиянын колдоосу менен Кыргызстандын президенти болууну пландоодо. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт башчылыкка, андан кийин келечекте президент болууга даярданып жатат. Калк

Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамында өзүнүн кландык таасирин камсыз кылуу максатында кыргыз өкмөтүндөгү кадрдык өзгөрүүлөрдүн планын түзүүдө. Албетте, Кремлдин макулдугу жок булардын баарын кыла албайт. 

Биздеги маалыматтарга караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин кесиптеши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго караганда Камчыбек Ташиев менен мамиле түзүүгө көбүрөөк кызыкдар. Ансыз деле президенттин көлөкөсүндө бир катар стратегиялык чечимдерди иш жүзүндө көзөмөлдөп турган УКМКнын башчысы 2027-жылга карата президенттик шайлооодо анын колдоосун жана премьер-министрликке дайындалышы мүмкүн экенин көшөгө артында бекемдеп жатат.

Ташчиев өз кезегинде УКМК менен милиция кызматкерлери үчүн инфраструктураны куруу жана жабдыктарды жакшыртуу программалары, ошондой эле коомчулукта “тартипти калыбына келтирүү” жана “коррупция менен күрөшүү” иштери менен өзүнүн популярдуулугун арттырып жатат.

Өлкөдө, айрыкча өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунда кеңири колдоого ээ болгон Камчыбек Ташиев өзүнүн саясий амбициясын азырынча сөз менен көрсөтүүдө. Акыркы айларда ал бир нече жолу УКМК башчылыгынан кетүүнү кааларын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде жана Фейсбуктагы баракчасы аркылуу да бир нече жолу айткан.

Анын үстүнө Камчыбек Ташиевдин карьерасын президент Садыр Жапаровдун карьерасы менен бөлүп кароого болбойт. Экөө тең Курманбек Бакиев президент болуп турганда (2005-2010) жогорку саясий кызматтарды аркалашкан. Ошол эле учурда УКМК башчысы мүмкүн болгон тирешүүлөрдү алдын ала көрөт.

Ошондой эле, биздин маалыматка караганда, Камчыбек Ташиевде азыркы президентке карата “компрамат” бар, деп жазган басылма. Толугу менен бул шилтемеде: https://www.intelligenceonline.fr/renseignement-d-etat/2023/06/28/fort-du-soutien-russe-le-maitre-espion-kirghiz-garde-la-presidence-en-ligne-de-mire,109997871-art

Эске сала кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алгылыктуу иштерди жасап коомчулуктун колдоосуна алынса, КР Президенти Садыр Жапаров элдин алкышына татыды. Мурдагы бийликтин 30 жылда жасабаган эмгектерине эл ыраазы экендигин айтпай кетпесек болбойт. 

Кызыгы, франц басылмасы айласы кеткенден Жапаров менен Ташиевдин арасына кара мышык болуп аралап, мамилесин бузганга аракет кылып башташты окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости