www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Киргиздер» өздөрү кыргыз тилин билбегени аз келгенсип бизди крокодилдерге теңеп мазактайт.Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын профессору Айнура Жоробековага сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аталган окуу жай билдирди. Дипакадемияда Жоробекованын Орусиядагы форумда сүйлөгөн сөзү боюнча чогулуш өтүп, окуу жайдын кызматкерлерине пикир билдирүүдө Тышкы иштер министрлигинин расмий позициясынан чыкпоо керектиги эскертилди. Жоробекова форумда орус тилинин Борбор Азиядагы абалы, орус диаспорасына кысым көрсөтүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүлгөнүн белгиледи. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлү катары сүйлөгөн: «Кыргызстанда орус тилинин абалы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы экенин айттым. Бир гана бизде орус тили расмий тил макамына ээ, бул макам Конституция менен бекитилген. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн 90 пайыз аймагында орус тилинде да маалымат таратышат. Мен өз сөзүмдө көпчүлүк биле бербеген «улуттук крокодилдер» деген терминди колдонуп ката кетирдим. Бул термин эксперттер арасында колдонулат жана ал улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын тобуна карата айтылат. Мен бул термин коомчулукта ушунчалык терс пикир жаратканына өкүнүп жатам», - дегеен Жоробекова.

Бир нече күндөн бери Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда кафедра башчысы болуп иштеген Айнура Жоробекованын кыргыз тилин жактагандарды "Улуттук крокодилдер" деп эл аралык форумда сүйлөгөнү боюнча коомчулукта нааразычылыктар дагы деле токтой элек. Окумуштуу, профессордун минтип орус тилине артыкчылык жасап, кошоматтанып, бүтүндөй кыргыз улутун намысын тебелеп, басынтып, келеке кылып, мазактаган билдирүүсү боюнча жоопкерчилик маселеси каралышы керектигин Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып чыгышты. Бул тууралуу депутат Камила Талиева  31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында: "Тарых илимдеринин кандидаты, Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда кафедра башчысы Айнура Жоробекова кыргыз элин шылдың кылып келди", - деп айтып, улутка шек келтирип жаткан окумуштуулар окуу жайда иштебеши керек жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин белгиледи. 

Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев: "Башкаларга сабак болуш үчүн ал жоопкерчиликке тартылат деп ойлойм", - деп, бул боюнча иликтөө жүргүзүлөөрүн билдирди. Ырасында, Айнура Жоробекованын нигилисттик көз карашы коомго илдет катары жукпас үчүн, сөзсүз түрдө жоопкерчилигин караш милдет. Иштен алынышы зарыл. Укуктук жагын дагы мыйзамга ылайык карап чыгуу абзел. Ансыз, улуттун баалуулуктарын коргой албайбыз. Ар ким шылдың кылып, тебелеп тепсей беришет.

Ал кыргыз тилин кемсинтүү ниети болбогонун кошумчалады. Дипакадемиянын ректору Чынара Адамкулова А.Жоробековага сөгүш жарыялады. Жоробекова 1967-жылы туулган. Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Россия Славян университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Борбор Азия эл аралык университетинде иштеген. 2014-жылдан бери Дипакадемиянын эл аралык мамиле жана укук кафедрасын башкарып келет.

Эсеп палатасы 2021-2022-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп 103 809 500 сом талаага сапырылганын тастыкташты. Ушул министрликке караштуу «Кыргыздипсервис» аттуу мамлекеттик ишкана бар, бул ишкана эмнеге манчыркаганын ким билет жүздөгөн миллион сомун бухгалтердик эсебинде байкамаксан болуп көрсөтүшкөн эмес. Эсеп палатасы эсептеген соң дебитордук карыздарына кийирүүгө мажбур болушту. «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы 227 100 сомго 5 машинаны ремонттон өткөзүп дешкен, эми алар ремонттон өткөздүбү же кылт этип сугунуп коюштубу ким билет?

Бюджеттин резерви бардыгы 13 523 600 гана сом болгон.ТИМдин 2020-жылдагы балансында пайдаланбаган бюджеттик каражаттар 2020-жылдын 31-декабрына 12 266 300 түзгөн, бул каражат кайдан чыкты?  Бул министрликти 2020-жылдын 14-октябрынан Бабанов койдурган Руслан Казакбаев жетектеп келди, ал эми «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору 2021-жылдын майында Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Талант Султанов жетектеп келген.

Мамлекеттик менчикти жеке менчикке айланткандар кимдер? Мамлекеттик бюджетте ашыкча жүктөрдү алып,тиешелүү гана пункттар менен парламенттен өткөнү турат. Бул абдан кубанычтуу нерсе, анткени "Кыргыздипсервистин" мурунку мамлекет башчылары дайындап кеткен Башкы директору Айнура Садырбековнага окшогондор мамлекеттик менчикти жеке менчикке айлантып көнгөн. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын көптөн бери бул ишканага тиешеси жок адам айдап жүргөнү элге таанымал болуп бүттү. Бул адам Талант Шаршеев ал эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги, жөн кызмат эмес. Ал жакта министр болуп келген Кудайберген Базарбаев катуу көзөмөлдүккө алгандыктанбы өз кызматтык машинасын колдонуудан качып "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын башынан колдонуп көнүп калган.

Анткени, себеби да бар "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Талант Шаршеевге сүйүктүү жубай болгондон тышкары кызматтык автомашиналарга мунайзатын өзү бөлөт. Ай сайын мамлекеттин эсебинен 400 литрден ашык мунайзаты чыгымдалат. Начальник Талант Шаршеев мейли бир айдамактан миң айдасын, бирок ушул мамлекеттик автоунааларды айдай турган айдоочулар да мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алышат да. Бул мамлекеттин эсебинен камсыздалган кызматтык машиналарды Талант Шаршеев «Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» чартаңбай тээп айдагандыктан айдоочулар кантип айлык алышат же "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору өзүнүн күйөөсүн айдоочу кылып каттатып алганбы? Анда Талант Шаршеев эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги болуп иштейби же аялынын «шопуру» болуп иштейби? Деги "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору мамлекеттик бюджетти мүлжүп канча акча алат?

"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директоруна келсек мамлекеттик бюджеттин акчаларын самандай сапырбай өз кызматын татыктуу аткарса деген ой.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости