www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөктү түшүргөн кышта Жапаровдун жүзүн көрөбүзбү, ким билет? Эптеп «Өлө элек аюунун терисине» качыргандар көбөйдү. Азыркы Минкаб төрагасына ылайыктуулардын бири Марат Султанов. Өлкөдө Түндүк-Түштүк альтернетивасы болууга тийиш, мамлекет башында аркалык тургандан кийин өкмөт башчысы Түштүк тараптан болгону оң. Мындай тартип менен болгондо Марат Султанов  Минкабдын төрагасы болууга ылайык, анын Жапаров сымал минфин болгону белгилүү. Ал үч жолу финансы министри боло электе бул жакты тейлеген. Андан соң спикерликке жетип элдин ишенимине ээ болгон. Көптөн бери бийлик тарапта көп чыкпай жүрөт, мүмкүн өз мөөнөтүн күтүп жүргөндүр. Учурда Акылбек Жапаров иштен алынса ордуна кимди алып келебиз деген маселе дагы чечилип калганы кеп болуп жатат. Ак үй, Көк үйдөгү имиштерге караганда Кабмин төрагасы болуп Марат Султанов келип калышы ыктымал. Бул кадр дагы жөн жеринен тандалып жатпаса керек. Бул жагынан эл кубанып турат мамлекетке пайдасын тийгизчү адам.

Орусия мени колдойт деп Сапар Исаков колун ушалап, чочкодой далысы менен сезип учурун күтө баштады. Анткени Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду кетирсе ордуна Орусия мени койбогондо кимди койот деп Сапар Исаков дардалаңдай баштады. Орусиянын биздин өлкөгө эмне тиешеси бар, баягы Москва билет деген советтик илдеттен кутула албай жүрөбүз. Анын үстүнө анын кадыр-баркы эл алдында нөлдү көздөй салаңдап турат. Ушундай оор ахыбал келе жатканда эл алдында кадыр-баркы жок адамды алып келип бийлик деле баш оорутпаса керек. Сапар Исаков Орусия тараптан делбелектеп чуркап келип калышы ыктымал экен. Анткени менен Акылбек Жапаровдон ашса ашат, асты кем калбаган кыйын «жуликтердин» бири катары таанымал болгон. АШАнын көрүнүктүү кадрларынын бири. Учурунда премьер- министр сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган.

Кышты көздөй кыбырап жылып баратабыз. Кышта боло турган электрге болгон тыйуулар көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузуп, кандай күнгө кабылдык деп кейип турушат. Өлкөдө саясий-экономикалык абал кыйла оорлошуп кетти. Акыркы кездердеги сын айткандарды жектеп, баса калган камоолордун күчөшү, инфляция, кымбатчылыктын өөрчүшү, энергетикалык кризистин курчушу коомду нааразычылыктарга түртүп, чыңалуу апогейине жетип калды. 

  Бийликтин элдин көксөөсүн убактылуу болсо да суутуунун жападан жалгыз жолу Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү. Башка жол жок. Президент Садыр Жапаров деле дал ушул абалды сезип турат. Андыктан, жакынкы аралыкта кырдаал курчуп кетсе, Акылбек Жапаров "сары улак катары садага чабылып" кетиши мүмкүн. Бийлик элди кысканды күчөтпөй тизгин тартып, казандагы кайнап жаткан бууну чыгарган компромисске барбаса, мунун кесепети элди социалдык жарылууга жеткирет. Азыр эл салыктан, кымбатчылыктан баш көтөрө албай калышты. Бул жакшы көрүнүш эмес. 

Электроэнергия менен жылытуу системасына альтернативасы жок көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында: "Борбордук же автономдук жылытуу системасы жок үйлөр бар. Аларга чектөө киргизбейбиз. Былтыр деле электр энергиясы тартыш болгон. Бирок ага карабастан мындай үйлөргө чектөө коюлган эмес", — деди ал.

Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев: "Үч фаза койдургандар, ага уруксат алгандар үйүн ток менен жылыта алат. Мында чарбалык керектөөгө 10 киловатт, жылытууга 7 киловатт деген техникалык шарт бар. Бул документтин ээси электр энергиясын ушул көлөмдө колдонууга укугу бар. Бирок келишимде электр энергиясы өтө көп колдонулган сааттарда керектөөчү өзүн чектеши керек деп жазылган. Бул техникалык шарт аткарылбаса, келишим жокко чыгарылат. Андыктан максимумга жеткен сааттарда электр энергиясы менен жылытууну токтотуп же минимумга түшүрүп турууну суранабыз. Калган учурда чектөө жок, мурун да болгон эмес", — деди Ибраев. Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбай тургандыгы белгиленди.

2023-жылдын сентябрындагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов канча кичи ГЭС майнинг иштерине байланыштуу экенине кызыкты. Энергетика министри Таалайбек Ибраев майнинг Рысалиев кичи ГЭСине гана тиешелүү деп жооп берди. Анын айтымында, 30 МВт керектеп, электр энергиясын “Быстровка” подстанциясынан алган майнинг-компания бар. Бул компания энергияны Алматыдан алып келип, электр энергиясын өткөрүү үчүн төлөйт.

Айжигитов белгилегендей, энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал учурунда майнинг иштерин толугу менен таштоого болот, анткени электр энергиясын туруштук бере албаган линиялар аркылуу берүү да бүт системага зыян келтирет. "Майнинг бизден электр энергиясын такыр албайт. Транзит боюнча эч кандай маселе жок. Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн бир да киловатт энергияны алышпайт. Мыйзамды кабыл алдыңар. Алар мыйзамдын негизинде иштешет", - деп жооп берди Ибраев.

"Алардын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар? Тапканына салыштырмалуу салык өтө эле аз. Эмнеге биз аларга байланып калдык?" – деп ачууланды Айжигитов. “Электр энергиясын өндүрүүдө өзгөчө кырдаал генерацияга киргизилген”,-деди министр.

Депутат ага жөн эле монтер же электрик эмес, энергетика тармагындагы саясатты алып бара турган министр экенин эскертти. "Жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоонун кереги жок. Бул сиз кенен ойлонбойсуз дегенди билдирет. Сиздин ой жүгүртүүңүз өтө кыска", - деди ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости