www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын тургуну ичинин катуу ооруганынан улам дарыгерге кайрылып, кош бойлуу экенин билгенден бир саат өтпөй көз жарды. Бул тууралуу аталган шаардагы №8 оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Наталья Пивненко РИА Новостиге билдирген.

Анын айтымында, 12-сентябрда түнкү саат 12лер чамасында ооруканага ичинин ылдый жагы катуу ооруганына арызданган аял түшкөн. Ал дарыгерлерге жатын шишиги жана асциттен (ичке суюктук топтолуп, чоңоюп кетиши) шектенип жатканын айткан.

"Биздин гинекологдор аны текшергенде, аялдын боюнда бар экенин жана толгоосу башталганын аныкташкан", - дейт дарыгер.

Төрөгөнгө чейин аял медициналык мекемеге кайрылып, каттоодо турган эмес. Анын үстүнө ал барган ооруканада төрөт бөлүмү жок болгон.

"Биздин дарыгерлер операция бөлмөсүнөн төрөт кабыл алуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын таап, төрөттү кабыл алышты. Жыйынтыгында салмагы 3,5 килограмм, бою 52 сантиметр дени сак бала төрөлдү", — дейт Пивненко.

Белгиленгендей, төрөттөн кийин эне-бала адистештирилген төрөт бөлүмү бар ооруканага которулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости