www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык 2 тасма Алматыдагы фестивалда сыйлык алды

Кыргызстандык 2 тасма Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Байкоңур" кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында сыйлык алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Дастан Мадалбековго "Атасынын уулу" тасмасы үчүн «Мыкты режиссерлук иш» сыйлыгы жана Никита Ловецкийге "Галина Петровна" тасмасы үчүн Киносынчылардын калыс тобунун диплому тапшырылган.

Эскерте кетсек, аталган кинофестиваль 6-10-сентябрда Алматы шаарында өтүп, ага 6 мамлекеттен 18 тасма катышты.

"Байкоңур" фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости