www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурду канжаланып талкаланган Бейшеналиевдин ордун Баатырова тартып алгандан бери, “чык-чык” деп убакыт өтүп жатат. Байсаловдун мөөнөтү тамам болду, эми НПОсуна барып өз каалаганындай бийликти шыбай берсин. Же “Манас” орденин тагып алып, кербездене басып жүрсүн. Аны эч ким сүйгөн жок, канчалык кошомат айтса да. Парламентти тоготпой кепек ордуна көрбөгөн Эдикең «ээрге чапкан күлтүктөй» болуп бул ирет да ЖКны тоготкон жок. «Уу коргошун» атка конгон экс-министрди Башкы прокурор Зулушев какатып койгон соң «жалдырама тийген көк мээ» койдой болуп Эдил Байсаловдун үнү бүткөн. Мына кечээ эле Алымкадыр Бейшеналиев өз ой-пикирлерин бөлүштү эле, кайдан-жайдан Эдил Байсалов пайда болуп кызматынан бошоп турган жаранды чоң кысмакка алып, оозунан чыккан жалын ааламды бүркөт. Көрсө Эдикең чамгарактап кайра «кымпылдама» айтып калыптыр. Ме дегенде манасчыларга тийишип «Сагынбай Манасчы» тасмасын жамандап да кирди. Бул тасмада Эдил Байсалов айткандай эч жамандык деле жок. Ошондуктан «диван баатырлар» түп көтөрүлүп колдоп чыкты эле, аларды каакымдай да көргөн жок. Алардын арасында Франциядагы элчибиз Садык Шер да бар.
Кыргыз коомчулугу накта эле эки жаатка жарылып баратат. Бул жерде Түндүктүн да, Түштүктүн да, фракциянын да, партиянын да, уруунун да, уруктун да жыты жок. Бул жерде эки күч тирешкени туру. Биринчи күч отуз жылдык авторитардык режимдин пардасын сыйырып, бирок там-туң баса албай телчигип бараткан күчтөр. Экинчи күч элдин канын соруп, миллиаррдарды ашап, өз элин жарга түртүп келген авторитардык режимди жактаган «семьякраттар». Тиреш башталды…
«Кол куурчак» ким? Албетте, мындайда «жаагын жана безеленген» Эдил Байсаловдун чындыкты тике айта албай, «төрөлөрүнө» кошомат кылып отурганын байкайбыз. Чындыгы эле акаевчил, атамбаевчил деп азыр бөлүүгө болбойт. Отуз жыл иштебеген киши БОМЖ болуп кетпейби. Короо шыпырдыбы же министр болдубу, ал заманда бардыгыбыз тең эле иштеп жан багып аттык. Атамбаевдин авторитардык режимине каршы кыргыздын мен деген адамдары баш кошуп, каршы чыгышты. Бирок, кээ бирлери Атамбаевдин авторитардык режиминин туткунунда калып, сыртынан «Алмазбек Шаршенович»-дешкендери менен, ичтеринен сызып, зулум заманга туш болгонун сезип эле турушту. Арийне, алар баш көтөрө алышмак эмес. Биринчиден, Атамбаев алардын куйругуна «калбыр» байлап койгон. Экинчиден, мураскор Икрам Илмиянов бийликке келсе, алардын бийлиги түбөлүккө калчудай сезилчү. Ошол учурда деле, бычактын мизи менен жүрүп Атамбаевдик бийликке каршы адамдар чыгышып, Кыргызстанга чыныгы демократияны алып келишти.
Демократиянын шарданы менен кечээ эле Атамбаев менен коюн-колтук алышып жүргөндөрдүн көпчүлүгү кайрадан бийликке келишти. Бирок, коом өзгөрүлдү. Башмыйзам боюнча президент көптөгөн ыйгарым укуктарынан калыбына келтирген. Буга биз көнө албай койдук. Велосипедди кайра жасап чыгарууга болбойт, ошонун сыңарындай мындай түзүлүштөгү мамлекеттер ондоп саналат. Мааниси мында ушунда, Атамбаевдин убагында Соц, министринин орун басарынан жыдып калган соң Эдикең эдиреңдеп Атамбаевге каршы чыга баштаган. Ага барынан ыйык кызмат, кызмат бере турган болсо орун үчүн жанталашып, мактап, жактап калат.Себеби мындай ушул жолдор менен кетүү ага окшогон бийликтин көзү менен тең айлангандар үчүн жагымдуу.
Азыр бийликте дал экиге бөлүнүү пайда болду. Демократиялык күчтөрдүн башына «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» соргок Жапаров баш болуп элди демократия менен алдап чөнтөгүн кампыйтып алуунун камын көрүүдө. Ал эми авторитардык режимди калыбына келтирүүнү самаган күчтүн башында барыбызга кимдер келгени белгилүү. Авторитардык режимди жактагандар өзгөчө кадыр-баркы, эл-журтта таасири бар деп, өздөрүнө имергиси келгендер артты көздөй жол жок экенин сезип турушат. Ошондуктан булар авторитардык бийликти жымсалдап элдик бийлик тараптабыз деп, Жапаровду жарып жеп жибергиси келип турушат. Жарып жебесе да бул бийликтин дарамети чектелүү Эдил Байсаловду туу кылып көтөргөн Жапаров «жырткычтардын» арасында эле баркы болбосо, Ак-Талаадан депутат болуп келген «самый ходжа» Самыйкожолор бир секундда тытып жеп коюшу мүмкүн. Колдорунда бийлик турганга ичип-жеп көпкөн мындай адамдарды кол куушурган кошоматчылары мактап жатып кебелбес монументке айлантып баратышат. Арийне, булар деле бийликти көргөндө «кол куурчакка» айланышы мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg