www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым маалыматтардан алганда, “Дөө Чыңгыз” тирүү кезинде Эркин Тентишевдин бизнесин калкалап келгени, эч кимди тийгиздирбегени, акыбетин да алып турган. Таасирдүү байлыкка жетүү үчүн “кызылдардан” же “каралардан” колдоо керектиги ушулбу? Жандырмагын чечүү оңой эле. Камактан “Дөө Чыңгызга” бешөө жабылып, кыйноого алуу менен өлтүрүшкөнү коомчулукка жарыяланып кеткен. Бул боюнча тергөө иштери уланып атса керек. Аныгында, “каралар” ичинде да карама -каршылыктуу талкуулар жаралганбы? “Дөө Чыңгыздын” ката кетиргенин аныкташпай, саткынчылыгы далилденбей, шашылыш түрдө жантаслим жазасын алганбы? Ушул теманын айланасында өз ара күбүр-шыбырлар күч алып, түрмөлөрдө сөз козуп, эркиндикте да айтылууда. Аягы кандай болот экен? Түкшүмөлдөр басылбай жатканы, кырдаалдын тынч эместиги эмнени билдирет? Ооба, көп жаңылыктар көшөгө артында окшойт.
Эркин Тентишев бекер жерден Чүй облусунун губернатору болуп чалкалап жүрбөгөндүр, аны колдоп жүргөн “Дөө Чыңгыз” болуп бул анын марионеткасына айланган. Эркин Тентишевдин талашка түшкөн медициналык окуу жайы боюнча сөз кылсак: Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институту медициналык багыттагы алдыңкы окуу жайларынын бири. Бул институтту Тентишев Эркин Саткынбаевичтин жетекчилиги менен Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин студенттеринин сапаттуу медициналык билим алуусуна шарт түзүп ушул окуу жайын ачкан.
Окуу жайына Аида Токтоматова 29 пайыз ээлик кылганына карабай, жасалма жол аркылуу Эркин Тентишев буйрук чыгартып, мыйзамды одоно бузуу менен өз карамагына өткөзүп алган. Бул боюнча тийешелүү органдар тарабынан иликтенип, көз боёмочулук жасалганы аныкталып, кылмыш иши козголуптур. Ошондо Аида Токтоматова “кол койгон” дедиртип, “жасатканы” ырас.
Бул жагын юстиция министрлигинин соттук-экспертизасы фактылардын негизинде ашкерелеген. Окуу жайдын ачылышы боюнча кичине артка чегинели. Бул демилгени Эркин Тентишев убагында көтөрүп, Ахматбек Келдибековго келип, негизинен чет элдик студенттерди тартуу үчүн институт ача турганын, ага «учредитель» катары Аида Токтоматованы кошууну айтып, сураныч келтирет.
Маселенин маңызына келсек, каржылык жактан колдоо керек болгон. Ошентип, саамалык башталат. Ахматбек Келдибеков жубайы Аида Токтоматовага институттун 29 пайызын жаздырып, ар убак каржылык колдоосун жасап турат. Тилекке каршы, алма шак мөмө бере баштаганда Эркин Тентишев кыйшаңдап, бузуку оюнун баштайт. Бир топ убакыт өтөт. Акыры берегидей алдамчылык жол менен кыска убакытка гана максатына жетип, бирок шибеге капты тешип чыккандай, баары ачыкталып атпайбы. Натыйжада, Эркин Тентишев адамгерчиликсиз, кыска ойлонгон кадамы менен өз башына мүшкүл жасады.
Бул медициналык институттун билим берүү багыты медицинага арналгандыктан келечектеги медицина кызматкерлерин мыкты деңгээлде даярдап, сапаттуу билим берүү үчүн баардык шарттар жана азыркы учурдун талабына ылайык жабдылган. Аз убакыттын ичинде медициналык институт инновациялык жол менен өнүгүүнү колго алып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып келишүүдө. Учурда бул окуу жайда 14 мамлекеттен келген студенттер билим алышууда. Алар: Индия, Пакистан, Непал, Афганистан, Азербайджан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Сомали, Египет, Ирак, Малайзия, Бангладеш жана Ливан мамлекеттеринин билимге суусаган жарандары.
Азыркы учурда АзМИде үч миңден ашык студент билим алып жаткан учуру. АзМинин жетектөөчүсү С.Тентишевдин бул институтту ачуудагы негизги максаты республикабыздагы билим берүү тармагын алдыга жылдыруу менен сапатын жогорулатуу болгон. Мындан сырткары билим алам деген чет элдик жарандарды да мыкты медик кылып тарбиялап чыгуу болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg