www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
34
Бир ирет Алкымдын үстү менен кош канатынын учун дал эки какканда, бири –бирине тийиштире жапалак үкү учуп өттү. Дыйкан болуштардын так төбөсүнөн куш оңду көздөй бурулду да, бир даракка жакындай берип, арабөк эмес, эми ар бир каккан сайын канатынын учун бири –бирине тийиштире учуп, анан бир карт теректин башына конуп жатып узак делбелектеди. Дыйкан болуш ушул жердеги Борукчу элинин болушу Балбакты эстеп ойго чөктү.
- Шабдан сени Ташкенге эмне үчүн ээрчитип барганын билбейсиңби?
- Жок, билбейм.
- Сен билбесең, мен билем.- дейт Шамен. –Шабдан сени Ташкенге жөн-жай ээрчиткен жок. Менин кыргыз эл ичинде тоодой-таштай кадыр –баркымды бу Балбагым билбейт экен. Кыргызды кой,бөтөн эл арасындагы шоорат-даңкымы, баа баркымды Балбак өз көзү менен көрсүн, көзүн ачып жүрсүн дегени эмеспи.
Балбак ойлонуп калат. Анан Балбак Шабдандын куржундун эки көзү толтура алтын бергени тууралуу айтат, Шамен муну укканда чоочуп кетет.
-О, Кокуй! Алтының да бар беле. –деп акылман Шамен ак да дебей, көк да дебей кыйлага ойго термелет, бир кезде үшкүрүнүп, - Алтын деген “Ал” “тын” деген сөз эмеспи. Адам алтын таппай, азап –тозок табат. Бул алтынды Шабдан сени жакшы көргөнүнөн берген жок. Ал сенден өч алгысы келиптир. Ушунча асыл-ташты сага беримиш болуп, сени тозок отуна тирүүлөй түртүп турат.
Андан ары сөзүн улайт акылман:
-Шабдан абдан куулук кылган экен. Сага Балбак башы жогум, сени көптүргөн көр дүйнө болсо, мынакей ал деген тура. Береги соо алтын эмес, ыза менен кектин алтыны! Ай, ушул алтындын аягы кандай болор экен?
Ушу сөздөрдү айтып, Шамен кабагын чытып, этек-жеңин кагынып туруп кетет. Бир куржун алтынын көрсөтүп чоң атасын кубантам деген Балбак: “Чоң атам карып, алжып калган турбайбы”- дейт ага ачуусу келип. Ошентип отуруп учкаяк далай күндөр өтөт.
Ушундай заманда Шамендин небереси Балбак жамаатташ Төрөгелди болуштугундагы анын тукумдарынан болгон Өтөнбай дегенди, каматып жиберет. Төрөгелди тукумдарды Балбактан кантип өч аларды ойлоп жүргөндө капыстан бир куржун алтын келип түшөт. Төрөгелди тукуму андан өч алууну көздөп, алтынын уурдап, аны уурдаган аттын изин Кубат айлына буруп, Балбакты Кубат уулу менен кагылыштырат. Кыламык кар жааган кеч күздүн бир күнүндө Балбак атын токунуп, из кууп жөнөйт. Үйүнөн чыккан үч аттын изи Мураталы баатырдын айылына келет. Балбак болуш Мураталы агасына уурунун изи анын айылында экенин айтат. Мураталынын ачуусу кайнайт. «Сен мени ууру тутуп турасыңбы?» -дейт ызырынып. Ак боз күлүгүнө ыргып минип, колуна бөрү тил найзасын алат. Балбак Карагерге камчы басып, зымырап качат. Кара суунун кечмелигине жетип кече качаарда, куугунчу кууп жетип, аттан сайып түшөт. Жараланып жерде жаткан Балбакты кара жүрөк Мураталы койнунан кестигин алып мууздап жатканда кестиги өтпөй Балбактын өзүнүн кестиги менен мууздап салат. Балбак жапжаш кезинде койчо мууздалып өлөт. Анын сөөгүн Кубат эли корумдап жашырып жан кишиге сыр билгизбейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg