www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткан Эрлан Бекчоро уулу, Акыйкатчы институтуна, Юстиция министри Аяз Баятовго, Кыйноолорду алдын алуу мекемесине, Адам укугун коргогон эл аралык уюмдарына, ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоочуларына чыкул кайрылуу жасады.
Текст төмөндө толугу менен өзгөртүүсүз берилди:
«Бийлик Конституциялык укуктарыбызды тебелеп, бир дагы далили жок абакка камаганы аз келгенсип суук, ным баскан, камоо шарттары эң начар камерага бир күндө которушуп абактан кыйноого алуусу деп эсептейм.
Бул бир айдын ичинде баарыбызды оорулуу кылып, ошо менен өлүгүбүздү чыгаруунун негиздүү кадамдары. Бул бийликтин суук түшкөн маалда атайын жасаган иши.
Башка камерадан абалы өтө начар деп айтуудан дагы өтө төмөн камерага которушу ден-соолугубузга, өмүрүрүбүзгө коркунуч алып келет. Мен кайрылган аталган институттар камерага чейин кирип, абалыбызды кабар алууңуздарды өтүнөм», - деп жазылган кайрылууда.
Арыз ээси 21- мекемеде күнөөсүз камалып жаткан Эрлан Бекчоро уулу.
Булак: NazarNews.kg