www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Кырчаңгы Эдил Байсалов Акаевди сүздү

Жакында  Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн кооптуу чечим чыгарды. Бул тууралуу 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирген. Анын айтымында, аталган чечимде мындан ары Парламенттин депутатына Жогорку Кеңештин макулдугусуз кылмыш ишин козгосо болот: "Биздин Регламентте жана Баш мыйзамда да так жазылган. 78-берененин 1-пунктунда: ЖК депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүнү жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет. Демек, Конститутциялык соттун чечиминен соң биз Регламентти да өзгөртүшүбүз керек", - деген Акаев. Ал бул боюнча Конституциялык сотко кайрылганын билдирди.

"Төлөндү Самаков аттуу жаран эмне үчүн депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдугу менен иш козголуш керек деп айтыптыр. Аны министрлер кабинети туура көрүп, акырында Конституциялык сот ушундай чечим чыгарды. Депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек да. Эгер ал кылмыш кылып жаткан учурда кармалса, анда маселе жок.  Мындан ары мал-чарбачылыгы, дыйканчылыктан башка нерсе сүйлөбөй калабызбы? Ушул чечими үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керек. Өзү баш болуп Баш мыйзамды бурмалап жатат", - деген депутат.

Конституциялык соттун жетекчиси кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев 1-июнда парламент жыйынында билдирген.

Анын айтымында, сот Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле парламент депутаттарына кылмыш иштерин козгоого жол берип, кооптуу чечим чыгарган.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында депутаттын билдирүүсүнө жооп берди. Ал Конституциялык сот Конституцияны коргогонун баса белгиледи: «Факт мына ушунда, Жогорку Кеңеш жаңы регламенттин 138-беренесине депутаттарга карата иш козгоо боюнча норманы депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана киргизген, ал эми Конституциянын 78-беренесинде депутатты жоопко тартууга көпчүлүктүн макулдугу талап кылынат. Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. Бийлик бутактарынын ортосундагы талаш-тартыштарды жана Конституцияны ар кандай чечмелөөнү Конституциялык сот чечет. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы эле кол тийбестикке ээ жана көпчүлүктүн макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деп жазган Эдил Байсалов.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык сот эми депуатка каршы кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттин макулдугу талап кылынбайт деген чечим чыгарган. Сот депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына пропорционалдуу эмес экенин белгилеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости