www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-май күнү Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн кооптуу чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйыныда депутат Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, аталган чечимде мындан ары Парламенттин депутатына Жогорку Кеңештин макулдугусуз кылмыш ишин козгосо болот.
"Биздин Регламентте жана Баш мыйзамда да так жазылган.
78-берененин 1-пунктунда: ЖК депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүнү жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.
Демек, Конститутциялык соттун чечиминен соң биз Регламентти да өзгөртүшүбүз керек", - деди Акаев.
Ал бул боюнча Конституциялык сотко кайрылганын билдирди.
"Төлөндү Самаков аттуу жаран эмне үчүн депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдугу менен иш козголуш керек деп айтыптыр. Аны министрлер кабинети туура көрүп, акырында Конституциялык сот ушундай чечим чыгарды.
Депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек да. Эгер ал кылмыш кылып жаткан учурда кармалса, анда маселе жок.
Мындан ары мал-чарбачылыгы, дыйканчылыктан башка нерсе сүйлөбөй калабызбы?
Ушул чечими үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керек. Өзү баш болуп Баш мыйзамды бурмалап жатат", - деди депутат.
Булак:NazarNews.kg