www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
56.
Кара булут батышка карай сүрүлгөн сайын, алба –далба айрылган бир жак өңүрүнөн жылдыздуу асман жаркырай ачылып, көмкөрүлгөн алтын мүйүз ай тоолордун үстүндө кыпкызыл болуп шоола чачты. Ызага буулуккан Канат болуш асмандагы айдын шооласын карап, оор күрсүнүп алды. Канат болуш өзүн колдогон Бейшенбек бабасы Дыйкан болуш сыяктуу эл башчылары менен караламан кыргыз элин кылыч менен замбирекке каршы чыкканы турат.
Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү болуштун өкүлдөрү Канат, Дыйкан, Тезекбай, Көкүмбай, Курман, Эшимбек, Кудайберген, Мырзабек жана башкалар ак падышанын жаңы чыккан жарлыгы боюнча аскер –оорук жумушуна кандай шартта, кимдер, кандай тартипте алынарын билиш үчүн Пишпек ойозунун ачендигине жолукканы келишет. Бул жайдын акыркы айы августтун үчү болгон. Августтун төртү күнү маалыктырып ойоздун ачендиги Рымщевич болуштарды кабыл алат. Тилмеч катары кыргыз элине жан тарткан орус тилин суудай билген Абдыкерим Сыдыков катышат. Ойозной Рымщевич болуштарга ачууланып, ачуусун кимден чыгарарын билбей Суусамырдан келген Кудайберген Түркмөн уулун, эмне үчүн аттарды кеч алып келдиң деп кекете баштайт. Кызыгы, Кудайберген Түркмөн уулу үн чыгарбай, баш көтөрбөй отуруп берет. Кийин кыргыз эли көтөрүлгөндө Суусамыр болушу орус бийлигин колдоп чыгат.
Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү болуштун өкүлдөрү Канат, Дыйкан, Тезекбай, Көкүмбай, Курман, Эшимбек, Кудайберген, Мырзабек болуштар башында пристав Меньшиков турган Загорный участогуна баш ийишкен. Меньшиков андан мурун болуштарга ак падышанын жарлыгын туура эмес чечмелеп түшүндүргөн. Ал жумгалдык тогуз болушту Баястан арыгына чогултуп алып: “Падышанын жарлыгы боюнча түтүнгө бир ат, бир уй алып, калганын Ак падышанын өкмөтүнө бересиңер. Он сегиз жаштан алтымышка чейинки эркектер бүт аскер жумушуна алынат” –дейт. Бул маселени жакшылап тактоо үчүн Кочкор, Жумгал болуштары ойозго атайын келишкен, ойоз болсо жарлыкты түшүндүрүп коюнун ордуна, болуштарды тилдеп сөзгө келбейт.Болуштарды тилдеп киргенде Канат, Көкүмбайлар ойоз башчысы Рымщевич менен чатакташа кетет.
Эртеси Канат бардык болуштарды бир чайканага топтойт. Орус бийлигине нааразы болгон Канат: “Жерибизди орустар тартып алса, пристав Меншиковдун айтуусунда он сегиз жаштан алтымыш жашка чейин эр бүлөнү аскерге берсек. Ар бир түтүнгө бир ат, бир уй гана калтырып калганын бүт орус өкмөтүнө берсек. Кыргыздын болуштарын, бай –манаптарын каакым ордуна көрбөй, бийлөөчү катары эсептешпесе. Кыргыз кандай тиричилик кылабыз?Андан көрө жалпы элге түшүндүрүп, жалпы элди үгүттөп орус бийлиги менен күрөшүшүбүз керек”. –дейт. Бул жыйынга Шабдан уулу Самудин да катышкан. Чүйлүк, көлдүк болуштарга ушул ойлорду билдирип кат жөнөтүлгөн.
Канат Ыбыке уулу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушу болгон. 1916 –жылы улуттук боштондук күрөшүн жетектегендердин бири. Ушул жылы элдик козголоңдо аны үч ирет ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Ал Токмок, Ивановка, Столыпино (Кочкор), Долондун белиндеги, Сары - Булактагы уруштарга жалпы жетекчилик кылат. Орус аскери менен болгон теңдешсиз уруштарда бир колуна мылтык, бир колуна кылыч кармап элдин арасында жүргөн. Анын жалпы көтөрүлүшкө жетекчилик кылгандыгы, жеке эрдиги, чыныгы каармандыгы, өмүрүнүн аягына чейин сынбай, сатылбай “кыргызым” деп тургандыгы , туруктуулугу, кайраттуулугу кийинки муунга үлгү болот. Ал узун бойлуу, толук,бети агыш, ээги узунураак, кой көз, чокчороок жээрде сакал болгон. Өзү өкүм, сөзү ачык, мусулманча окуу, жазуу билген, сабаты ачык, сөзгө чечен, курч кайраттуу киши болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg