www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

48 премьер-министрдин акыркысы балким акыркы жылын иштеп жатат. Булардын кимиси түрмөгө түшүп, кимисине кылмыш иши козголуп, кимдери  куугунтукталган. Көзү өткөн өкмөт башчыларын тим койолу, көзү тирүү өкмөт башчыларынын көпчүлүгү камакты көздөй жутунат экен. Камалгандардан Садыр Жапаров отуруп чыкты, Атамбаев Алмазбек ушул күнгө чейин отурат, 2020-жылы октябрда качып кеткен Исаков Сапар деген бар. Сыртынан кесилген өкмөт башчылары Курманбек Бакиев менен Үсөнов Данияр. Сегиз өкмөт башчы караңгы үйдө отуруп, жыйырмасына кылмыш иши козголгон. СИЗОдо отуруп чыгышкандар: Жумалиев Кубанычбек, Чудинов Игор Витальевич, Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович, Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич, Оторбаев Жоомарт Кайыпович, Сариев Темир Аргенбаевич, Абулгазиев Мукамбет  СИЗОдо бир өтүгү, бир өтүгүнө батпай турмуштун тарчылыгын көрүшүп, акыры бийликтин көзүн будамайлап жарыкчылыкка чыгышкан.

Репрессиядан улам бешөө камалып, ошол жерде түрмөдө өлтүрүлгөн. Раззаков Исхак, Сүйөркулов Абды, Дикамбаев Казы, Мамбетов Болот, Сүйүмбаев Ахматбек  Кыргыз ССРинин Министрлерт Советинин председателдеринен ар кандай себеп менен куугунтукталган, кээ бирлери Совминден алынып катардагы министрлик берилген. Ибраимов Султан каракчылардын колунан өлтүрүлгөн. Кулатов Төрөбай, Дүйшеев Арстанбек, Муралиев Амангелди, Кулов Феликс, Кубатбек Боронов  жана башкалар маркум болушкан, пенсияга чыгышкан же иштеп жүрүшөт. Танаев Николай өлсө да, Чынгышев Турсунбек, Жумагулов Апас жана башкалар өкмөт башчыдан түшсө дагы качан кармалабыз деп кудайдан тобо кылып жүрүшөт. Исанов Насирдин тууралуу сөз көп, Ибраимов Жумабек ажалынан өлгөн. Улукбек Марипов Араб өлкөлөрүнө элчи болуп кеткен. Отунбаева Роза Исаковна менен Жээнбеков Сооронбай Шарипович президент болушуп экс-президенттин макамын алышкан.

 Кыргызстандын өкмөт башчылары:

Орозбеков Абдыкадыр (1925-27);

Абдрахманов Жусуп (1927-33);

Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1933-37);

Салихов Мурат (1937-38);

Кулатов Төрөбай (1938-45);

Раззаков Исхак (1945-50);

Сүйөркулов Абды (1950-58);

Дикамбаев Казы (1958-61);

Мамбетов Болот (1961-68);

Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевич (1968-78);

Ибраимов Султан (1978-80);

Дүйшеев Арстанбек (1981 -86);

Жумагулов Апас (1986-91);

Исанов Насирдин (1991);

Иордан Андрей Андреевич (1991-1992);

Чынгышев Турсунбек (1992-93);

Алмамбет Матубраимов (1993);

Жумагулов Апас (1993-98);

Борис Силаев (1998);

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (1998);

Ибраимов Жумабек (1998-99);

Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000);

Бакиев Курманбек Салиевич (2001-02);

Танаев Николай Тимофеевич (2002-2005);

Кадырбеков Ишенбай (2005);

Бакиев Курманбек Салиевич (2005);

Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007);

Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01-29.03.2007):

Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007);

Жапаров Акылбек Үсөнбекович (2007);

Айдаралиев Искендербек (2007);

Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-2009);

Үсөнов Данияр (2009-2010)

Отунбаева Роза Исаковна (2010);

Атамбаев Алмаз Шаршенович (2010- 2011);

Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович (2011-12);

Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич (2012-2014);

Оторбаев Жоомарт Кайыпович (2014-2015);

Сариев Темир Аргенбаевич (2015-2016);

Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2016-2017);

Исаков Сапар Жумакадырович (2017-2018);

Абулгазиев Мукан (2018-2020);

Кубатбек Боронов (2020 –июль -2020-октябрь);

Садыр Жапаров (2020-октябрь- 2020 декабрь) ;

Артем Новиков (милдетин аткаруучу) (2020-декабрь-2021-январь);

Улугбек Марипов (2021)

Акылбек Жапаров (2021  октябрынан)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости