www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызга куралдын эмне кереги бар, же орустарга окшоп хахолдор менен согушуп атпасак. Кошмо Штаттардын жүрөгүн түшүрүп Кытай Орусияга курал-жабдыктарды бере баштады. АКШ дагы Украинага 2 млрд доллар бере салды. Чеченстандын президенти Кадыров тамылжып калды, негизи Кытай Чеченстандын полкторун жабдыса керек. Жаңжал бүтүш үчүн Батыш Украинага курал бергенин токтотушу керек. Эгер Батыш Украинаны жабдыса Кытай жана башкалар Орусияга жардам берет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин RT басылмасы жазды. Өлкө башчы мындай учурда Киев өзү да жакын арада сүйлөшүүлөрдү баштоону каалайт деген ишенимин билдирди: “Батыш Украина үчүн кампаларындагы бардык курал-жарагын берди. Эми Түштүк Корея менен Израиль гана калды, бирок алардыкы да жакында бүтөт”, - деди Путин.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг америкалык PBS телеканалына берген маегинде Кытай менен Орусиянын жакындашуусуна тынчсыздануусун билдирди: "Түндүк Америка менен Европанын аймагы глобалдык коркунучтарга дуушар болууда. Анткени Кытай өнүккөн аскердик потенциалына, өзөктүк куралына көбүрөөк инвестиция салып жатат жана дүйнөдөгү коңшуларын коркутуу аракетин жүргүзүүдө. Кытай менен Орусия жакындап баратат, алар жакында ири деңиздеги биргелешкен машыгуу өткөрүштү. Биз деңизде жана асманда орус жана кытай патрульдарына байкоо жүргүзүп жатабыз", - деди Столтенберг.
Столтенберг ошондой эле азыркы кырдаалда коопсуздук аймактык эмес, глобалдуу болуп калганын, Европада болуп жаткан окуялар Азияга таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.
Буга чейин Орусия лидери учурда Украина масштабдуу контрчабуул жүргүзүп жатканын айткан. Анткен менен украиналык аскерлер максатына жетпегени белгиленген. Украина мурунтадан даярдалган резервдерди колдонуу менен масштабдуу контрчабуулун 4-июнда баштаган, ал дагы деле жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал учурдагы кырдаал боюнча кезектеги докладды укканын жана украин аскерлери төрт багытта чабуул жасап жатканын айтты: “Жалпысынан алганда бул, албетте, масштабдуу чабуул. Так стратегиялык резервдерди пайдалануу менен ишке ашкан жана азыр да уланууда. Биз сүйлөшүп жаткан учурда согуш бир нече багытта жүрүп жатат”, — деген Путин кабарчылар менен жолугушууда.
Орусия лидери Украина контрчабуул учурунда бир да жерде ийгиликке жетпегенин кошумчалаган: “Душман эч бир жерде ийгиликке жеткен жок. Оор жоготууга учурап жатат”, — деди Путин.
Орусия президенти Владимир Путин шейшембиде блогерлер, орусиялык аскердик кабарчылар менен жолугушууда, акыркы жумадагы украин аскерлеринин чабуулу учурунда Орусиянын жоготуулары Украинаныкынан он эсе аз болгонун жана Киев ийгиликке жетпегенин айтты.
Ошол эле маалда ал каза болгондор менен жараат алгандарын санын атаган жок, бирок орус аскерлери 54 танкынан ажыраганын белгиледи. Ал Украинанын жоготууларын 160 танк жана 360тан ашык бронетехника деп баалады. Путиндин айтымында, бул «чет өлкөдөн келген техниканын болжол менен 25-30% түзөт».
Путиндин ырастоолорун көз карандысыз булактар тастыктай элек — Украина чындап эле чабуул учурунда Орусия сыяктуу эле ондогон техникасын жоготкону аныкталган. Бирок Путин атаган сан тастыкталган жок. Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо чабуул учурунда Орусия чоң жоготууга учураганын айткан.
Бул арада Путин бүткүл өлкө боюнча аскердик абал киргизүүнүн мааниси жок экенин айтты. Анын пикиринде, аскерге чакырылгандарды согушка жөнөтүү зарыл эмес. Мобилизациялангандар качан демобилизацияланары белгисиз, Путин аларга эмгек өргүү берилерин айтты. Орусия президенти кошумча мобилизация “бүгүнкү күндө кереги жок” деп билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg