www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалам түйүндөшүп татаалданып баратат. Бирок ушуларды мурун эле көрө билген Вангага кайрылалы. Ал 2022-жылы «чабалекейлер өз уясына кайтып келе башташат» деп айтыптыр. Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарынын Орусияга кошулабыз деп референдум өткөргөнү Ванганын сөзүн чындыгын тактап жатат. Төрт аймак «өз уясына кайтып келди», Ванганын айтуусу боюнча бул менен токтобойт дагы бир топ аймактар Орусияга кошулушу мүмкүн.

«Эски дүйнө менен жаңы дүйнө биригишип, чыр-чатак күчөп, эски дүйнөдө батыштан согуштук коркунуч туулуп, эки бир тууган калк кармашып, алааматка айланат»,-деп 20-кылымда жашаган болгар Ванга айтып кетиптир. «Эски дүйнө» деп Европаны, «Жаңы дүйнө» деп Американы айткан. «Эски дүйнөнү» согуштук алааматтан сактануусун өтүнгөн, бирок анын оюу ишке ашпай бир тууган Орусия Украинага кирди.

Башкысы 2022-жылы Орусияда эч кандай жаратылыш катаклизми болбойт. Орусияда тынчтык болсо бул Кыргызстанга да тиешелүү. Анын айтуусунда: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Орусия, Украина жана Белорусия болушу ыктымал деген ой келет. Белорусия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украинаны танка менен тебелеп барып, акыры өз ыгына күч менен салып, Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн.

 2022-жылы Орусия жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмек. Жыл аягында Украина менен Орусиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында Орусия президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2023-жылды Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт...

Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2022-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Акыр заман, кыямат кайым тууралуу көп кылымдардан бери сөз болуп келе жатат. Келечек заманды көрө билгендер Ванга менен Нострадамус 2022-жыл тууралуу эмнелерди айтканына саресеп салып көрөлү. Алардын айткандарынан кайсылар ишке ашты, келечекте бизди эмнелер күтүп турат? Алардын жазып кеткенин чечмелегендер көзү ачыктардын айтып кеткендерине тан берип турушат. Нострадамустун алдын ала айткандарына караганда ал 3797-жылга чейин эмне болорун айтып кеткен.  Эгерде анын айткандарына ишенсек биздин өмүрүбүз өткүчө кыямат кайым болбойт, эгер кыямат кайым жакында болсо эмне үчүн 3797-жылга чейин айткан?  

Эмесе Ванга менен Нострадамустун  айткандарын байкайлы. Ванга менен Нострадамус 2022 жыл тууралуу эмнелерди алдын-ала айтышкан? Ванганын айтуусу боюнча эже-сиңди Орусия менен Украина тытышарын көрө билген,  2022 жылы Орусия Кытай менен жакындашып, Батыш менен болгон мамиле эң жаман абалга келет. Кытайга келе турган болсок, Кытайдын парламент спикери  Ли Чжаньшу Орусия менен кызматташууну соода, илимий инновациялык жана гуманитардык тармак боюнча өнүктүрүп, күчөтүү зарыл экенин белгиледи.  The Sunдун эксперттери  Батыш мамлекеттери учурда Кытай менен Орусиянын аскердик кызматташуусунан чоочуп, бул дүйнөлүк «алааматка» алып келет дешип сестенип турушат. Эки чоң державанын өнөктөштүгүнүн күчөшү Вашингтондун дүйнөлүк аренадагы таасирин жоготууга алып келишин белгилеп жатышат. Владимир Путин Орусия менен Кытайдын өнүгүп келаткан өлкөлөрдө кызматташуусуна басым жасоодо, айрыкча Жакынкы Чыгышта.  Анын айтуусунда Москва Бээжиндин соода түйүндөрүнүн глобалдуу инфраструктурасын аныктаганы турган «Бир алкак - бир жол» стратегиясын кубаттайт.

Көзү ачыктар коронавирус тууралуу эмне дешет? Ванга минтип коронавирусту да алдын-ала айткан экен. Ал 2020-жылы «ааламды өтө коркунучтуу дарт каптайт, ушул дарттын айынан бүткүл дүйнөдө эпидемия башталат» -деп айтыптыр.  Бир гана жаңылган жери вирус Африкада башталат дептир, бирок ошол эле жылы «бул жугуштуу дартка каршы дары табылып, ошол эле жылы дарылануу башталат» дептир. Бул оору Кытайдын Уханда башталып 2020-жылдын 29-январында гана ал дүйнөгө тарап жатканына шекшип, 2020-жылдын мартында пандемия башталат. 2022-жылы коронавирус түп-тамырынан жоголбойт. Ванганын айткандары боюнча адамзат мындай эрежелерге көнүп, коронавирусту тоготпой калат. Туурасы  COVID-19 ду биротоло жогото албаска көз жетти, ал каяктан келгени белгисиз, улам жаңы кайталанып жатат, бирок ал деле грипп сыяктуу көнүмүш нерсеге айланат.

Нострадамустун айтуусунда 2022 жылы Жер планетасын караңгылык каптап, масштабдуу согуштук чыр-чатакка алып келет.  2022 жылы көптөгөн адамдар курмандыкка чалынарын айтып, бул Европада бир туугандар ортосунда согуштан улам деп болжогон. 2022 жылы жаңы валюталардан улам доллардын күнү бүтөрү тууралуу айткан. Анын айтуусу боюнча АКШда инфляция контролдон чыгып, америкалык валютанын куну түшө баштайт.

Көзү ачык Ванга 1969 жылы: «Аны көйнөгү жок кылат!   Кызгылт-сары көйнөк өрттөнүп жатканын көрүп турам!» -деп төшөгүнөн тура калып кыйкырган. Ванга кандай шартта бул чоочуп, кыйкырып айтканын ким билет, бирок күйүп жаткан көйнөктү Индиянын премьер-министри Индира Гандинин өлүмү менен байланыштырат. 1984 жылдын октябрында  драматург Питер Устиновго маек бергени жатып ал кызгылт-сары көйнөк кийип алган. Премьер-министр кадимки аялдардай болгусу келип толук кылып көрсөтөт экен деп, сулуулуктун айынан дайыма кийип жүргөн бронежилетти чечип салат.  Аны тартып алууга келген топко бара жаткан жолдо, ал өзүн өлтүргөн адам менен жолугат. Ал Гандини үч ирет аткан да, жанындагы адамга автомат менен ок жаадырган.

1979 жылы Орусиянын келечеги  тууралуу Ванганын айткандарын кээ бир маалымат булактары айтат: «Көптөгөн бак-дарактарды көрүп турам. Бул Орусия. Айланасы аппак кар. Кар аябай жааптыр. Эркек менен аялдын үндөрү угулат. Жок, бул  эркек менен аялдын добушу эмес – жердин тереңинде бак-дарактар шире менен тамактанып жаткандай. Орусияда өзгөчө жаз келе тургандай». Ванганын бул айткандарын кайра куруу доору менен байланыштырып, буга далил катары экс-канайым Раиса Горбачеванын мемуарларын мисал келтирет. Михаил Горбачевдин жубайы Раиса Горбачева «Мен ишенем...» деген китебинде (80-жылдардын аягында) 1985 жылдын 10-мартын  минтип эскерет: «Бакка чыктык. Михаил Сергеевич абдан чарчап турган. Алгач унчукпай туруп, анан минтип айтты: «Эртең — пленум. Мүмкүн мамлекет менен партияны мени башкарсын деген маселе көтөрүлөт». Пленумда Михаил Горбачев КПСС БКнын Башкы катчысы болуп дайындалып, кайра куруу доору башталып, акыры Варшава келишими менен СССРдин тамтыгы чыгат.

1989 жылы көзү ачык Ванга 2001 жылдагы окуяны көрүп алдын-ала айткан: «Коркунуч! Коркунуч! Америкалык туугандар темир куштардын алдында бүк жүгүлүп жыгылышты. Бадал түбүндө жашынып жаткан бөрүлөр уулуйт, жана эч күнөөсүз кандар дарыя болуп агат» -деген. 2001-жылдын 11-сентябрында «Америкалык туугандар» «темир куштардын алдында бүк жүгүлүп жыгылышканына»  аалам күбө болду.

2022-жылды алдын-ала айтып болгар көзү ачыгы дүйнөдө ар кандай талкалоочу катаклизмдер болорун алдын-ала эскерткен. Ушул жылы Орусияда миңдеген гектар токой өрттөндү, Гаитида ааламдын оозун ачырган оор жер силкинүү болду, Канар аралдарында жанар тоо (вулкан) атылды.

Нострадамустун айткандарына кайрылалы: «Батыш Европада кедей үй-бүлөдө бир бала төрөлөт. Ал тили менен жар салып, көпчүлүктү өзүнө тартып, Европада бүлүндүргүч  адамдарды топтоп, чыгыш жерлерине чейин таанымал болот. Кыжырланган жырткыч айбандар дарыядан өтүп дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү ага каршы чыгышат». 1889 жылы Батыш Европада кедей үй-бүлөдө келечектеги диктатор Адольф Гитлер жарык дүйнөгө келет. Ал тууралуу аңыз бир гана «чыгыш жерлеринде» эмес, бүткүл дүйнөдө болгон.

Нострадамус 1666 жылдын 2 сентябрында Лондондо болгон өрттү алдын-ала көрө билген. «Лондондо күнөөсүз адамдардын каны төгүлгөнү турат, алоолонгон өрттүн айынан көптөгөн адам жан таслим болот. Эски айым тактысы күлгө айланып, көптөгөн хансарайлар жок кылынат». Ошол кезде Оливер Кромвел бийликке келип королду тактысынан кубалап түшүп, нечендеген кан төгүүлөр коштолгон.

Нострадамустун дагы бир көрө билгендери: «По, Най жана Олорон — кан менен өрттүн кучагында калышат. Мактоого магдыраш үчүн, улуу адам куйманын башталышына чейин жетип барат. Пийдин келишине жол бербей, аны кыйынчылыкта кармайт». По, Най жана Олорон —француздардын үч шаары, «кан менен өрттүн кучагында калышат» дегени тарыхчылар менен иликтөөчүлөрдүн айтымында Наполеондун келиши. Пий —Пий VI жана Пий VII Наполеондун душмандары болгон.

Нострадамус атом бомбасынын пайда болушун да алдын-ала көрө билген: «Асман огу чоң жетишкендиктен улам, ажал канатына кол сунат. Кордолгон эл бактын башынан ыргытылган таш менен салгылашат. Адам өзү жараткан катаал желмогуз адамзатын кырып жатканы тууралуу аңыз тарайт».  1945 жылдын августунда АКШ япондук Нагасаки жана Хиросима шаарларына эки атом бомбасын таштайт.

Нострадамус көзү ачыктыгынан АКШ президенти Жон Кеннединин өлүмүн да көрө билген: «Ага чатырдын башындагы бийиктиктен бактысыз өлүм буйрулат. Бул үчүн күнөөсүз адам жазага тартылып, атып өлтүрүлөт», -деген. Жон Кеннедини чынында эле «чатырдын башындагы бийиктиктен» атышкан, анын башын көзөп кеткен окту Далластагы китеп дүкөнүнүн алтынчы кабатынан атышкан.   Анын өлүмүнө күнөөлөнгөн Ли Харви Освальд акыр аягына чейин Кеннедини өлтүргөнүн мойнуна алган эмес. Бирок ал сотко чейин жеткен эмес, аны бир түрмөдөн экинчи түрмөгө которуп жаткан кезде, көзүн тазалап коюшкан. Ли Харви Освальд Кеннеди каза болгон ооруканада эки күндөн кийин көз жумган.  Деги тынччылык болсо экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости