www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдан тарта Осоевдин демилгеси менен жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат. Бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын тоннасына 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк. Мындан фондго алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.

Жогорку Кеңеш "Жол фонду жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үч окууда кабыл алган. Аталган демилгеге 79 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон жок. Аталган мыйзам долбоорун мурунку чакырылышта депутаттар Нурбек Алимбеков, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаев демилгелеп, биринчи окуудан өткөн. Максаты — Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу. Фондго күйүүчү майдын акциз салыгынан жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен каражат түшөт.

Осоев Эркинбек Гүлмира Абдралиеванын ордуна келген. Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылы жетпей эми жолго баа койгон. Транспорт, жол министри Осоев Эркинбек маалкатпай отставкага кетириш керек эле, жок дегенде Сосновкадан түшкөн бечералардын акчасына Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылы жетпейт. Чор тамандардын жашылча-жемиш ташып оокат кылган жеңил машинеси ремонттон башы чыкпай жатат...

Тилекке жараша Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду.  Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри  Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.Алдын ала маалым болгондой, Жарлыкка Осоевдин өз каалоосу менен жазган арыз негиз болгон. Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциянын очогуна айланганы көп жылдар бою айтылып келип, орун басары 500 миң долларлык пара менен кармалган маалда жемкорлуктун бети ачылганын билебиз. Ошондо моралдык жоопкерчиликти моюнга алып министр отставкага кеткени барыбызга маалым. Анан эле тармакта бир күн иштебеген Осоев Эркинбекти таап чыгышып, жемкорлукту жоёт деген ишеним менен жетекчиликке дайындашкан. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, элге жүзүн көрсөтөрү менен «бул Осоев Эркинбектин өңү-түсү, кебете-кешпири, дегеле турган турпаты менен коррупция жыттанат экен» дешкен. Айтылган кептер чын чыгып, жолдор министрлигиндеги коррупция мурдагыдан беш бетер былгып жатып калган. Чекеден камалышты. Орун басары министрликтеги кыңыр иштерди жабыш үчүн УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жатып кармалган. Ага улай агенттиктин башчысы да темир торго киргизилген. Бирок, Осоев Эркинбектин бодурайган бети «бетон» экен, мурунку министрдей болуп отставкага кетпей жүрдү. Жемкорго жетекчилик жоопкерчилик тартат деген Президенттин сөзүн да көзгө илбеди. Колуңдан келгенин кыл дегендей эле отурчу. Өкүнүчтүүсү, 2022-жылы Бишкек-Ош автожолунда ири коррупциялык схема аныкталып, министрликтин 12 кызматкери кармалды. Алардын арасында «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары да тузакка түштү. Көп өтпөй, «Кыргыз темир жолу» иш-канасынын жакында эле кызматтан чегинген жетекчиси мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында камалды.

Айтор, Осоев Эркинбек келгенден бери факты менен кармалышып жемкорлук болуп көрбөгөндөй гүлдөгөн.. Тилекке каршы, «Алтын балыктын» образындагы Осоев Эркинбек үн катпай отурчу. Демек, алар менен «табакташ» болгон.

Кыргызстандын сырткы карызынын көбү жол тармагына жумшалары талашсыз. Акча көп болгондуктанбы же башка себеби барбы, анысын биле албадык. Бирок, Жолдор жана транспорт министрлигине келген жетекчилер кол жоолуктай эле алмашып жатат. Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери эң көп министр ушул тармакта алмашты. Жетекчилериби, орун басарлары ушунча сугалакпы?

Бири кытай компаниясынын жол тандабасын минип алса, бири Балыкчы-Корумду жолунан сугуна коюп, бирин президент орун басары 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин, "чык эшикке" деп иштен кетирди эле. Андан кийин кой оозунан чөп албаган, кыргызча такалып, какалып сүйлөгөн Осоев Эркинбек дайындалган. Мунусунун деле ишинин четин көрбөдүк.

Кытайлык гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом, мурдун балта кеспеген унаа министри Осоев Эркинбектин улутташтары 8 миң сом алчу. Кыргызстанда кытайлык гараж башчысы 800 миң сом алат экен, кыргыздардын орточо айлыгы 8000 сом, андан да аз алат. Аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина бар. Эгер 2000-3000 сом айлык алган биздин техкызматкерлердин айлыгын санасак бир кытайдын алганын ОТУЗ-КЫРКка чукул жылда алат. Биздин кызматкерлер 30-40 жылда ыйлап-сыктап алганы кытайлык завгардын бир эле айлыгы экен. Кызыгы, муну билген унаа министри билсе да билмексен. Же ага бирдеме сугунтуп коюшканбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости