www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Өнөктөш CCTV plus агенттиги эмне дейт?

Кытай дүйнө жүзүндөгү ишкерлердин, анын ичинде америкалык ишкер Илон Масктын өлкөгө келишин кубаттайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Бээжиндеги ведомстволук маалымат жыйынында билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги маалымдады. Электр унаасын чыгарган Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск Бээжинге конду. Ал Кытайдын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Шанхайдагы Тесла заводуна барат деп күтүлүүдө.

Илон Масктын сапары тууралуу комментарий берип жатып, Мао Нин мындай деди: “Кытай алар өлкөнү жакшыраак түшүнүшү жана өз ара пайдалуу кызматташууга көмөктөшүүсү үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн соода жана өнөр жай чөйрөлөрүн өкүлдөрүнүн, анын ичинде Илон Маск мырзанын өлкөгө визитин ар дайым кубаттайт".

"Кытай жогорку деңгээлдеги ачыктыкты илгерилетүүгө жана рынокко багытталган, мыйзамга негизделген жана эл аралык бизнес чөйрөсүн түзүүгө чечими бекем. Биз чет элдик ишканалардын Кытайга инвестиция салып, өнөр жайды өнүктүрүүгө, Кытайдын рыногун терең изилдөөгө, жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшүп жаткандарына кубанычтабыз” , - деп кошумчалады ал.

Электромобилдерди чыгарууга адистешкен Tesla Motors компаниясынын жаңы автомобили өндүрүштөн чыкпай жатып рекорд койду. Model 3 электромобилинин жүз ачары жакында болду. Андан кийинки бир жумада 325 миңге жакын кардар миң доллардан төлөп, жаңы электромобилге кезекке жазылган. Бул компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Илон Масктын айтышынча, “болочокто 14 миллиард долларга” электромобиль сатылып кетти дегенди билдирет жана автомобиль өндүрүшүндө мындай рекорд болгон эмес. Натыйжада, 14-майга карай Tesla Motors компаниянын акцияларынын наркы 3% өскөн. Жаңы автомобиль беш орундуу. Ал 6 секундда ылдамдыгын 96,6 километрге чейин көбөйтө алат. Бир заряд менен 346 километр жүрөт. Азыркы электромобилдердин заряды узакка жеткени BMWi3. Анын бир заряды 128, 7 километрге жетет.

Model 3 инвестор-миллиардер Илон Маск башында турган компания базарга массалык чыгарган биринчи автомобиль болот. Былтыр Tesla Кошмо Штаттарда электр менен заряддалып жүрчү 116 миң автомобиль саткан. Тесланын ийгилиги атаандаштарын изденүүгө түртөрү кадиксиз. General Motors, Toyota, Ford, BMW же VW Group компаниялары беш жылда 150 миң электромобиль сатса, Nissan жалгыз өзү быйыл март айына чейин 200 000 даана электр менен заряддалып жүрчү автокөлүк саткан.

Model 3 электромобили 2023-жылдын аягынан баштап сатыкка чыгарыла баштайт. Бирок Time басылмасы Tesla Motors кардарлар күткөн сандагы автомобилди жетиштүү чыгара алабы деп суроо коёт.

1908-жылы октябрда Ford компаниясынын Model T автомобили чыкканда келерки 19 жылда эң көп сатылган автоунаа болгон, 15 миллион даана сатылган. Бул рекордду 1972-жылы Volkswagen Beetle бузган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости