www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нострадамустун айтуусу боюнча адамзатты кандай келечек күтүп жатат? Анын алдын ала божомолдоп айткандарынына өзүңүздөр баам салып көрүңүздөр.

“2027-жылы Европада эл азая баштайт”.

“2030-жылы энергиянын жаңы булагы табылат. Венера планетасына жөнөтүлүүчү космикалык кеме старт алат”.

“2033-жылы уюлдук муздар ээрип, дүйнөлүк океандардын деңгээли көтөрүлөт”.

“2035-жылы Кытай дүйнөлүк державага айланат”.

“2037-жылы көпчүлүк адамдар тери ооруларынан жабыркашат (химиялык согуштун натыйжасы)”.

“2041-жылы радиоактивдик жаан-чачындын натыйжасында жер шаарынын түндүк жарымында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да калбай калат. Кийин мусулмандар европалыктарга каршы химиялык согуш башташат”.

“2043-жылы дүйнөлүк экономика дүркүрөп өсөт. Европаны мусулмандар башкарышат”.

“2046-жылы адамдагы бардык органдарды өстүрүп алса боло турган мезгил келет. Башкача айтканда, органды алмаштыруу дарылоонун эң мыкты ыкмасы болуп калат”.

“2053-жылы Жердин орбитасы өзгөрөт”.

“2066-жылы мусулмандык Римге кол салып жаткан АКШ жаңы климат өзгөртүүчү курал-жарак колдонот. Ушул учурда жер бетинде кескин түрдө суук түшөт”.

“2088-жылы оорунун жаңы түрү – бир нече көз ирмемде картайып кетүүчү оору пайда болот”. 10 жылдан кийин анын дарысы табылат”.

“2111-жылы адамдар киборгторго айлана башташат (тирүү роботтор)”.

“2130-жылы – суу алдында колониялар пайда болот (инопланеталыктардын кеңеши менен)”.

“2164-жылы – шумдуктуудай жаныбарларды жарым-киши кылып жарата башташат”.

“2170-жылы – ири кургакчылык болот”.

“2196-жылы – азиат менен европалыктар толугу менен аралашып, ортодогу айырма таптакыр билинбей калат”.

“2256-жылы – космикалык корабль Жерге коркунучтуу бир ооруну алып келет”.

“2291-жылы – Күн өчө баштайт. Аны кайра жандандыруу аракеттери көрүлөт. Күндө ири “дүрт” этип күйүүлөр болот. Тартылуу күчү өзгөрөт. Эски космикалык станция менен кемелер кулай баштайт”.

“2371-жылы дүйнөнү улуу ачарчылык каптайт”.

“3854-жылы адамдар жаныбарларга окшоп, үйүр-үйүр болуп тирилигин өткөрө баштайт. Жерге жаңы пайгамбар келет”.

“4509-жылы адамзат өнүгүүнүн жеткен чегине жетип, Кудай менен баарлаша баштайт. Бара-бара адамдар өлбөс болуп, түбөлүктүү болушат”.

Нострадамустун пикири боюнча, адамзатты келечекте ушундай турмуш күтүп жатат.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости