www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин «кошёлогу»

- Биздин археологдор жерди казып отурушуп байыркы цивилизациянын изин табышты, - дейт орустар.

- Биздин геологдор чөлдү казып отурушуп эсеп жеткиз мунайзаттын запасын табышты, - дейт казак мактанып.

- Биздин политологдор архивди казып отурушуп бир көчүк табышты. Ага кулак кадап, жан киргизип койду эле, эми «Өнүгүүнү» таштап «Ата-Журттун» «кошёлогуна» айланып калды, - дейт кыргыз мактанып.

Ресторан жакта ооз толуп,

Бийликке жакын дос болуп.

Оозуңду ачып отурдуң,

Кеткенде алар козголуп.

 

Арзымат адам эң керек,

Мага да жечү жем керек.

Экстерди  болсо кубала

Мамиле бүттү, келбе деп.

 

«Ата-Журт» жакты мактагын,

Иш кылгын үкам жатпагын.

Жумурду тешип чыккыча,

Жута бер үкам, таап барын.

 

Кошомат кылып кой сойгун

«Кошелек» болуш ой,сонун.

Көпкүлөң тартып жүрө бер

Көтөрөр эл-журт той-союн.

 

Ойлонуп жуткун,турбагын

Оппозиция жакты урбагын.

Акчасыз сенде жашоо жок

Чуркагын үкам, чуркагын.

№2 Шүкүрбек Эркебпев

«Жийиркеничтүү иштерди да жигин билгизбей жасаш керек». Шүкеме эмнени айтабыз. Шүкем «Аа-журт» партиясы үчүн кыйынчылыкта кошо жүргөн, башкаларга окшоп кошула калганы жок. Депутутка тизмеге да илинбей калыптыр.

Советтен  учкан канатым,

Советти  кызмат тандаттым.

Жаныма коюп өзүңдү

Миллиондорду жалаттым.

 

Миллиондор менен ойнодуң,

Кызматка барып тойбодуң.

Тишиңди чукуп эт жеген

Тизгинди жакшы чойбодуң.

 

Кымбаттап баары баратат,

Кыжирын элдин жаратат.

Кылкылдап чыкса аянтка,

Кыргызды кимдер таратат?

 

Кайрадан катта жулунгун,

Каражат бүтүн сугунгуң.

Калкыңа мында ач турган,

Калбасын тиштем жугундуң.

№3 Кубан Кадыров

Соткадан: «Ушул абонент сизди кызматка алууңузду өтүнөт».

Касмамбетов: «Кызматка алуу үчүн соткаңыздагы каражат жетишсиз»

«Кыз боюна бүтүрүп,энесин коркутат» - дечү беле, Кадыродун кеңеши менен жаңы өкмөт унду асмандатып, кендерди сатып, элин коркута баштады. Элде эмне жазык? Бийликти кубалап чыгышса, «жылда туусам жылда жок, жылда жылан жеп коёт» - дегендей, мурунку бийликке мурдун такагандар каптап келип, кымбатчылыкка шарт түзүп берип атышпайбы.

Өпкөсү үлкөн баатырым,

Депутатка сени чакырдым.

Жеткирип өзүң коёрсуң

Жетпесе менин акылым.

 

Тааныш көп жигит оңот го,

Байлыктууну  конокто.

Жакырлар жаман эл болот,

Жаныңа жакын жолотпо.

 

Революционерге караба,

Эмгегин эч бир санаба.

Ак үйдү толтур көлдүккө,

Калбайсың эч бир жалаага.

 

Шефтин  уккун сөзү бал,

Ар кимдин сенде өчү бар.

Дүнүйө-мүлктү бүт жыйнап,

Европаны көздөй көчүп ал.

№4  Сабиров Равшан

Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болобу? Бул улуту тажик кыргыз менен тажик апрелдин аягында кармашып жатса Тажикстан президентине жагалдана күлүп жаткан талапкер

 

Билесиң сырын акчанын,

Миллиондорду чачканың.

Эсинде калды кыргыздын,

Тажикти көздөй качканың...

 

Чалкала, эми, чалкала,

ЖКны  өзүң талкала.

Башыңа дагы иш түшсө,

Тажик борлуп калкала.

 

Жерлерди болсо сата бер,

Жемишин өзүң тата бер.

Кереги тиет качканда,

Миллиондор болсо ката бер.

 

Иш кылбай жакшы кудайга

Элиңди салгын убайга.

Көтөрүлсө эл-журтуң,

Көчүп кеткин Дубайга.

 

Той бергин, ак төө союлсун,

Туугандын  бары тоюнсун.

«Безразмер» өпкөң бар эле

Дардаңда сабыр, чоюлсун!

№5 Эсенаманов Замирбек

Экс -министр

«Ата-Журт» партиясына далай партияны кайсаган Эсенаманов Замирбек баш болуп келди. Ал Чүйдү жайлап акчасына Атабаевдин өкмөтүндө 300 сомго лицензия берип кыргыз кендерин сатып жок кылган неме.    «Ата-Журт» партиясы ага эң акыркы үлгүдөгү супермоделдеги автомобиль тапшырат. Закең ага кирсе жаркырайт, эч кынтыгы жок, айдайын десе рулу жок.

- Ой,мунун рулу кана? - дейт.

- Пульт менен иштейт да.-дешет.

- Пульту кана? - дейт Закең.

- Пульт деген УКМКда эмеспи - дешкен имиш  

 

Шайлоодо чыгып чийинден,

«Шералы чокой» илинген.

Сандыкка салып бекемдеп,

Сактагам  аны кийин мен.

 

Табылар шылтоо себепке,

Жарайт деп жүргөм керекке.

Кабинет жакка илип кой,

Берейин сага белекке.

 

Депутат болуп көктөгүн,

Абайла бирок көппөгүн.

Чокойду дайым карай жүр,

Чогулган анда өткөнүң.

 

Замирбек аке, эстесең,

Акеңе катта «беш» десең.

Камгактай болуп учасың,

Каалаган күнү «кет!»-десем.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости