www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Орусия Алмазбек Атамбаевди унуттубу?

2020 жылы 9 октябрда Орусия дале Атамбаевден үмүт кылып турган, ошондуктан ал Бабанов, Сапар Исаков болуп буулугуп чыкканда Бельянинов, “Газпромдон” Миллер сыяктуу немелер тешиктен карап турган. Кокустан Атамбаевдер бийликти алса, алар менен сүйлөшүүлөр болмок. Рыскелди Момбеков ошондо эле айтканы бар, Атамбаевди элди козгош үчүн гана пайдаланып, аны “кидать” этебиз деп. “Газпромдон” Миллер  9-октябрда  жеңилип калышса да Сапар Исаковду качырып кетишти. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш бир жарым кылымдан ашты. Орусиянын Ала –Тоого келиши жарык чачкан таң болдубу же капкараңгы күүгүмгө айландыбы, аны ар ким сезиминен туюп алар. Орустар келе электин алдында кыргыздар туңгуюкка такалышкан. Түштүк тарабы али экономикалык өнүгүүнүн арткы баскычтарында турган Кокон, Бухара хандыгы, чыгыш тарабынан калмактарды кырып ордуна жаңы чек орноткон Кытай, түндүгүндө тең жарымы Орусиянын карамагына өтүшүп, тең жарымы Орусия менен ачык душмандыкка чыккан казак хандыгы болгон. “Кайда барбасаң Мамайдын көрү” болуп калган. Ушундай чалкеш замандарда Орусия менен кызматташтык башталган. Дүйнөлүк аренада Кыргызстанга окшогон чакан мамлекеттин зор державалар менен карым –катнаш кылып турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Совет мезгилинде Москванын СССРдин чет жакаларында турган Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири чоң болду. Саясий жактан да Кыргызстан автономиялуу областы, автономиялуу республиканы жана да союздук республиканы СССРдин канатына калкаланып жүрүп алды. Кыргызстандан аянты (Якутия) же болбосо калкы (Татарстан) көп  автономиялуу республикалар Орусиянын курамында калган мезгилде Кыргызстан эгемендүүлүккө жетише алды.

Орусия менен бир жарым кылымдан бери келе жаткан кызматташтык, маалыматтарды биз англис, кытай, француз, немец тилдеринен эмес орус тилинен алгандыгыбыз жана тарыхий жактан Орусия менен байланганыбыз бүгүнкү күнү канча кыйкырганыбыз менен Орусияны алдыга сүрүп чыгарды. АКШ же башка өнүккөн мамлекеттер кыргыздын табагына бешбармак салып бербейт. Орусия башка мамлекет, ошондуктан биздин ички саясатыбызга кийлигишүүсүнө дүйнөлүк конвенцияларды жазылгандай мыйзам жол бербейт. Бирок, биздин ич ара болуп жаткан ыйкы –тыйкыларыбызга сырттан башкалардай эле көз салып турууга укугу бар. Былтыркы жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ Кой -Ташта саясий кармаштын апогейине жетип турганда, орусиялык миллиардер, Атамбаевге кайын агалык титулун сактап жүргөн Андрей Бельянинов Кой –Таштан Атамбаевди учагы менен салып кетип, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугуштурган. Алмазбек Шаршенович Кремлде эмне деген армандарын айтканын ким билет, бирок Путиндин биздин ички саясатыбызга киришпесе да, Кыргызстанда стабилдүүлүкту сактоо тууралуу айткандары орусиялык жана кыргызстандык маалымат беттерине жарыяланган. Мындан Кыргыз Республикасынын экспрезиденти Алмазбек Атамбаев кандай жыйынтык чыгарганы Кой –Таш окуялары боюнча өтүлө турган сотто такталганы турат. Кеп Алмазбек Атамбаевди бул сотко катышууга сот уруксат бербегенинде деле эмес. Кеп Андрей Бельяниновдун бүгүнкү күндөгү көз –карашында.

Андрей Бельянинов орусиялык мезгилдүү каражат басылмаларына маек бериптир. Албетте, орус миллиарддеринин байлыктары, Орусия мамлекети боюнча ой толгоолору, келечекке болгон ой -максаттары тууралуу бул маекте кенен божурап бериптир. Бул тууралуу көпчүлүктү кызыктырбаган соң, бизди кызыктырган бир суроого көңүл бурдук. Бул маегинде орусиялык кесиптешибиз Андрей Бельяниновго “Атамбаевдин тагдыры кызыктырары тууралуу” кыйытып өткөн. Андрей Бельянинов “Биз башка мамлекеттердин ички саясатына кийлигише албайбыз” –дегендей кылып, кыска, бирок так жооп берген. Албетте, Андрей Бельяниновдун бир ооз сөзү менен Орусиянын көз карашын таңуулай албайбыз. Учурунда Андрей Бельянинов өзүнүн достук милдетин аткарып Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин жеке жолугушуусун уюштуруп берген. Эми андан башка эмне демекчи эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости