www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязов парламент депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан. Мындай антидемократиялык методду ал эмес журналист Павлюкту ѳлтʏрʏп, кээ бир журналисттерди жазалап сабатып койгондор да кабыл алган эмес. Ал эми Абдил Сегизбаев менен Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турушкан Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» гезиттерин жаптырып, «Вечерний Бишкекти» рейдерлик жол менен тартып алып, Замира Сыдыкованы камата койом деген бийлик, аягы качарга тешик таппай калды.  Сегизбаев, Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын Атамбаевдик бийлик кабыл алган, азыркы камалгандан да тартынбаган, коркпогон жаштар ушул мыйзамдын аркасы менен бийликти кʏм-жам кылып кеткен.

Азыркы журналисттердин арасында бешиктен бели чыга элек жатып, «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «журналюгалар» кѳп эле учурайт.Ошолордун бири Фарид мырза. Ниязовдун кандай жазганын ким билет, «жел» жазмалары менен журналисттердин катарын толуктап жʏргѳнʏ чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса «быш этип» да койгон эмес. Кыргыздын элин малга теӊеп, жакырчылыктын чегине алып барып, кыштын кʏнʏ тезек тердирип, электрге бааны эки эсе кымбаттатып, ГЭС,ТЭЦтерди арзыбаган баага менчиктештирип,элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Фарид мырзага окшогондор Максим Бакиевдин колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту. Эл кыйналса мейли, бир гана Фаридге окшогондор сайрандап турушу керек эле.Бирок,кыргыз эли ага макул болгон жок, суук тумшук,жырткыч бийликти кубалап чыкты. Фарид мырзага окшогон бекер ашка кыныккандар жыргай баштады. Чет мамлекетке качып-бозуп жʏргѳн капчыктуу «шефтери» ага окшогон кошоматчыларын унутта калтырган жок.Элдин энчисинен жеп кеткен миллиардарынан ʏлѳлѳштʏрʏп аларды кайра жалдап алды.Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эми эсине келгенсип элдин атынан сʏйлѳмʏш болбогондо кимдер сʏйлѳйт? Фарид мырзанын айтымында аны кимдир бирѳѳлѳр телефон аркылуу коркутат имиш.Ырас кылат, ал Акаев, Бакиевдин заманында чалчактап кѳппѳдʏ беле?Бакиевдер акыйкатты айткан адамдарды кʏм-жам кылып, каматып,сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Фарид мырзалар дардалаӊдап ресторан, тʏнкʏ клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин ʏнʏн укту беле? Албетте, Фарид мырзанын Сегизбаев КГБга кетип, эки жʏздʏʏлʏк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилʏʏ. Антпесе, качып-бозуп жʏргѳн, агасына топурак сала албаган мурунку «ээлери» ага кантип «кʏчʏ-кʏчʏ» деп акча беришсин. Фарид мырза ѳзʏн бир шордуу кылып кѳрсѳтпѳсѳ, ал бийлик менен сугунгандары жукпай калбайбы. Эми чыныгы журналисттерди «кыл аркан» менен муунтуш Фарид Ниязовдун башкы милдети болуп калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости