www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус газы Украина, Польша аркылуу Европага кете турган. Бирок ал абалдын татаалданышынан Түркия менен кете турган «Түштүк агым», «Түркиялык агым» жана Балтикадан кете турган «Түндүк агым -1», «Түндүк агым -2» газ куурлары аркылуу чет мамлекетке кетмек. 2022-жылдын 26-сентябрында бир нече сааттын ичинде «Түндүк Агым» жана «Түндүк Агым-2» газ түтүктөрүндө төрт газдын агып кеткен жери аныкталган. Алардын биринчиси Даниянын Борнхолм аралына жакын жердеги «Нордик агым-2де» табылган. Андан кийин Түндүк Агымда агып чыкканы кабарланган. Даниянын энергетика агенттиги деңизге чоң көлөмдөгү газ киргенин билдирди. Акыркы төртүнчү агып чыгуу чекити Швециянын аймагында табылган. Учактарга жана кемелерге окуя болгон жерге беш деңиз милден жакын келүүгө тыюу салынды.
Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Украинанын оккупацияланган аймактарынын аннексияланышы тууралуу сөзүндө «англосаксондорду» Түндүк агымдагы газ түтүктөрүн бомбалады деп айыптады: «Англосаксондор үчүн санкциялар жетишсиз. Алар Балтика деңизинин түбү менен өткөн эл аралык Түндүк Агым газ куурларын бомбалоо менен укмуштуудай саботаж жасашты. Алар жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны талкалай башташты. Мындан ким пайда тапты? Бул албетте баарына түшүнүктүү», - деди Орусиянын президенти.
Буга чейин Евробиримдик Орусиядан келген газдын азайышынан улам АКШдан суюлтулган газды алып жатканы белгилүү болгон. Бул фактынын негизинде басылма Путиндин сөзүндө «англосаксондор» биринчи кезекте АКШны билдиргенин белгилеген.
Европанын Орусияга каршы санкциялары жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыктан "Түндүк агымда" иш августтун аягында токтотулган. Бирок түтүк газ толтурулган боюнча калган. Жакында эле Дания менен Швеция мамлекеттеринин бийликтери "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүнүн төрт жеринен газ чыкканын кабарлашкан. Алар эки өлкөнүн тең экономикалык зонасында жайгашкан. Владимир Путин "Түндүк агымдагы" кырсыкка баа берип, аны эл аралык террорчулуктун актысы деп атады. Орусиянын президенти "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүнө жасалган соккуга, тагыраагы, эл аралык террорчулук актыга принципиалдуу баасын берди. РФ бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында көтөрүп чыгат.
2022-жылдын 2-октябрында бузулган «Түндүк Агым» газ түтүгүнөн деңизге агып жаткан газ токтоду. Nord Stream AG Даниянын Энергетика агенттигине Түндүк Агым 1дин эки түтүгүндө туруктуу басымга жетишилгенин билдирди. Бул эки тармактын агып чыгуучу пункттарынан газды чыгаруу аяктаганын көрсөтүп турат. Ошентип, Балтика деңизине газ проводунун төрт тешигинен тең газдын агып чыгышы токтотулду. Бир күн мурун Дания бийлиги Түндүк Агым 2 куурунда туруктуу басымга жеткенин, андан газдын агып чыгуусу да токтоп калганын билдирген.
Евробиримдиктин өкүлдөрү Түндүк Агымга атайылап зыян келтирилгенин айтышууда. Швеция менен Даниянын сейсмологиялык станциялары газ чыккан аймакта суу астындагы жарылууларды катташкан. Германия, Дания жана Швеция окуяны иликтеп жатат. Германиянын атайын кызматтары муну суучул же суу астындагы кайык менен диверсия болгон деп шектенип жатышат. Алар газ түтүктөрү тез арада оңдолбосо, биротоло эскирип калышы мүмкүн деп эсептешет. Орусиянын президенти Владимир Путин «Түндүк агымдын» ишке ашпай калышын «англосаксондор» атайылап уюштурганын айтты. Бирок англосаксондор деп кимди айткысы келгенин так айткан жок.
Ушундан улам Европанын газ сактоочу жайлары келерки жылдын февраль айынын башында бош калышы мүмкүн, деп жазат испаниялык La Vanguardia гезити. Дээрлик 83% толтуруу деңгээли менен 18 өлкөдө жүз алтымыш газ сактоочу жай Евробиримдикке мүчө мамлекеттерде жылдык керектөөнүн 21% гана камсыз кылууга жетет», — деп белгилейт басылма.Эми европалык бийликтердин алдында газдын азыркы запастары бүткүл кышка жетет деген татаал милдет турат. Биз күйүүчү майдын чыгымын азайтып, ашыкча каражатты кайра бөлүштүрүшүбүз керек:
«Муну 2023-жылдын мартына чейин кармап турууга болот эле, бирок Москва аз көлөмдө болсо да газ берүүнү калыбына келтирүү шарты менен», - деп белгилейт басылма. Басылма маектешкен эксперттер Европа керектөөнү кыскартуу максатына жете алабы жана ресурстарды муктаж болгон өлкөлөргө бөлүштүрө турган инфраструктурасы бар-жогун так билишпейт.
Европа өлкөлөрү узак мөөнөттүү энергетикалык кризиске кириптер болуп, азыр орто кылымга кайтып баратышат, деп билдирди Forbes журналынын журналисти Кеннет Рапоза.
"Батыш Европадан келген жаңылыктар бир кезде Боливия өңдүү өлкөлөрдөн келген жаңылыктарды эске салат. Инфляциянын жогорку деңгээли мамлекет тарабынан таңууланган ресурстарды керектөөнү нормалоо менен коштолууда", - дейт журналист.
Ошентип, Германияда ишканалар электр энергиясына болгон төлөмдүн жетишсиздигинен улам ишин токтотууда. Жаңы шайланган премьер-министр Лиз Трасс гидравликалык жардыруу жолу менен газ өндүрүүгө тыюуну алып салууга убада берип, Британия дагы энергетикалык көйгөйлөргө туш болду, деп улантты автор.
Barclays Capital энергетикалык баанын өсүшүнөн, ECB үнөмдөө чараларынан жана суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам ЕБ терең, узакка созулган рецессияга туш болуп жатканын болжолдойт. Ал 2023-жылдын экинчи кварталына чейин созулуп, ИДП 1,7 пайызга кыскарат. Кризис эң катуу Германия, Франция, Италия жана Испанияга тийет.
Рапозанын айтымында, Евробиримдик Орусиядан импортту жарым-жартылай башка булактар менен алмаштырып, ошондой эле өзүнүн керектөөсүн азайтат. ЕК Евробиримдик Москва менен “тыныгуу” болгондо газ керектөөнү 15 пайызга (же болжол менен 60 миллиард кубометрге) азайтышы керек деп эсептейт. Бирок, мындай болгон күндө да континент орусиялык күйүүчү майды сатып алууну улантат.
Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялардын киргизилиши жана россиялык отундан баш тартуу саясатынан улам энергетикалык баанын көтөрүлүшүнө жана инфляциянын өсүшүнө туш болууда. Күйүүчү майдын, биринчи кезекте газдын кымбатташынан улам Батыштын өнөр жайы өзүнүн атаандаштык артыкчылыктарын жоготуп, бул экономиканын башка тармактарына да таасирин тийгизди. Ошондой эле, АКШ жана Европа өлкөлөрү ондогон жылдардан берки рекорддук инфляцияга туш болууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg