www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы тапта Советтер Союзунан чыккан ѳлкѳлѳрдүн ичинде бир гана Тажикстанда бийликти ѳткѳрүп берүү маселеси курч турат. Учурда Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында Тажикстанда гана бийлик алмаша элек. Кыргызстанда учурда алтынчы президент иштеп жатат. Казакстанда дээрлик 30 жылга жакын ээрден түшпѳгѳн Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарт Токаевге бийлигин ѳткѳрүп берди. Айрыкча 2022 жылдын январынан соң Токаев күчкө толуп Назарбаев шылынып баратат. Ѳзбекстанды мыкчып турган Ислам Каримовдун дүйнѳдѳн ѳтүшү менен ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёев эки тизгин, бир чылбырды кармап, стабилдүүлүктү сактап калды. Ѳзбекстан мамлекети бийлик, таасир талашкан саясий чайпалуудан жеңил ѳтүп кетти.
Ал эми Түркмѳнстандагы авторитардык бийликтин эгеси Гурбангулы Бердымухамедов ѳлкѳнү былк этирбей кармап турган таасири, күчү бар кезде баласы Сердар Бердымухамедовду президент кылып кырдаалды кѳзѳмѳлдѳ кармап кала алды. Азыр Түркмѳнстанда ата-бала башкарган кош бийлик ѳкүм сүрүп жатат.
Ал эми Тажикстанда бийликти ѳткѳрүп берүү Эмомали Рахмонго ѳтѳ оорго туруп жатат. Азыркы кезде Тажикстанда социалдык-экономикалык абал курч. Жумушсуздук, жакырчылык күч. Карапайым тажик калкы Рахмондун кландык, авторитардык бийлигине нааразы. Рахмондун атадан-балага бийликти мурстап калтыруу саясатына ичтери чыкпайт, колдобойт. Ошондон улам, Рахмон бийликке каршы күчтѳрдү сырткы душманга карата консолидация кылуу максатында, ошол кырдаалдан пайдаланып бийликти баласы Рустам Эмомалиге ѳткѳрүп берүүнү кѳздѳп Кыргызстанга куралдуу кол салуу уюштуруп, адам ѳмүрүн кыйган баскынчылык жасады. Бирок мындай арам максаттагы саясий провакациясы, бийликти баласына ѳткѳрүп берүүгѳ мүмкүнчүлүк түзгѳн жок. Маселе, дагы да болсо курч бойдон турат.
УКМК жетекчисин президенттин баласы атканы тууралуу сөз болуп жатат. Президенттин эрке баласы атпаганда эмне кылат, ансыз деле борбор калаанын мэри болсо. 1937 жылдан СССР тараганга чейин Тажикистанды Ленинабад облусунан чыккандар башкарып келген. Булар менен өнөктөш болуп 1970 жылдан күч органдарын Эмомали Рахмон төрөлгөн Куляб облусунан чыккандар башкарган. Акыркы «ленинабадчы» Набиевди түшүргөн соң, бийлик исламчылар башында турган Курган-Төбө, Гарм, Памирликтерге өтөт. Буларга каршы Куляб-Гиссар, Ленинабад, өзбектер чыгышкан. Ошентип беш жылга созулган граждандык согуш болот. Ушул беш жылга созулган согуштан соң бийликке кулябдык Эмомали Рахмон келет. Эки тарап келишимге кол коюшуп исламчылар башында турган топко күч түзүмдөрүнөн УКМК берилип бул орунга лакай Саймумин Сатторович Ятимовго келет. Аны билбегендер кыргызстандык деп жатышат, лакай менен кыргыздын кайнаса каны кошулбайт, бирок окшоштуктары бар. Лакай ооган уруусунун курамындагы урук. Тажиктер ЛАКАЙларды азыр да «кыргыздар» деп аташат. ЛАКАЙлар менен кыргыздардын ортосунда
жалпылыктар байкалган. Биринчиден, ЛАКАЙ деген аталыш кыргыздардын гана курамынан учурайт, экинчиден,
кыргыздардагы «Кырк кыз», «Толубай сынчы» жөнүндөгү байыркы уламыштар бүгүнкү ЛАКАЙлардын фольклорунда сакталып калган. Көчмөн шартта жашаган ЛАКАЙлардын боз үйү, анын ички жасалгасы, орун-очоктордун аталыштары
кыргыздардан дээрлик айырмасы жок. Тамак-аштарында, аны даярдоонун ыкмаларында кескин айырмачылыктар байкалбайт. ЛАКАЙ жашаган аймактардагы барлас жана түрктөрдүн курамдарынан «кыргыз» деген уруктар бар.
Мүмкүн байыркы заманда лакайлар менен кыргыздар бир эл болуп туруп кийин бөлүнүп кетишкен да тил өзгөчөлүккө дуушар болушкан.
Ятимов лакай болот дешет. Лакайлар өтө согушчан, илгерки кыргыз-кыпчакка окшош болгон эл. Ооганстандын эң согушкер калкы. Бирок нейтрал болууга жакын. Талиптер менен мамилеси түшүнүксүз? Саймумин Ятимов лакай бул билинбей бийлик талашып жатканы менен Кыргызстандын ташын талкан кылуучу стратегияны ойлоп тапкан. Бул президент болсо Кыргызстанды жыргатпайт, Ятимовдун стратегиялары тууралуу кийин сөз кылабыз.
Тажикстанда бийлик трансформациясы ачыка чыгып калды. Ѳкүнүчтүүсү Рахман бийлигин сактап калууга жана аны баласы Рустам Эмомалиге ѳткѳрүп берүү үчүн коңшу эки элди сѳѳк ѳчтү кылган каршылаштыкка жеткирип, ынтымакка кыйла жыл айыкпас жик салып койду. Бул ѳтѳ кооптуу кѳрүнүш. Анткени эми бийлик башына ким келсе дагы эки элдин ортосундагы кооптонуу, ишенбѳѳчүлүк сакталып кала берет. Бул аз убакытта калыбына келчү оңой-олтоң маселе эмес.
Андыктан, Рахмондон бийлик кимге калат деген жагдай Кыргызстан үчүн ѳтѳ маанилүү. Кокус, Эмомали Рахмондон ѳткѳн кокуй келсе анда жалпы региондо тынчтык болбойт. Бүгүнкү күндѳ тажик бийлигинин жогорку эшолонунда бийлик кимге ѳтѳт деген таасир талашуу, интрига күч. Рахмон баласы Рустамды канчалык ѳз ордуна калтырып кетүүгѳ жандалбастабасын аны ишке ашыруунун жолун таба албай убара. Анткени Рахмондун кийинки эле таасирдүү күчкѳ ээ Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комиттетинин тѳрагасы Саймумин Сатторович Ятимовду ѳлкѳ башына алып келүүгѳ кызыкдар саясий топтор ортосунда тиреш катуу жүрүп жатканын эскперттер айтып келишет.
Мындай абалда Орусия ким тарап? Тар чѳйрѳдѳ Кремль Рахмондун уулу Рустамды эмес Ятимовду колдойт деген имиштердин чыгышы жѳн жеринен эмес. Ушул жылдын башында Саймумин Ятимовго кол салуу болуп жаракат алганы боюнча талкуу жараткан маалыматтын чыгышы, жана бул окуянын артында президент Рахмондун уулу Рустам Эмомали турат деген имиштердин айтылышы бийлик талашуу канчалык курч экенин кѳрсѳтүп турат. Тараза ташы кимге оойт, азырынча айтуу кыйын.
Бирок бул эки фигуранын тең Тажикстандын бийлик башына келиши Кыргызстан үчүн анчейин ыңгайлуу эмес. Бул экѳѳ тең бир шинелден чыккан авторитардык режимдин жактоочулары жана Кыргызстанга карата жасалган агрессияга түздѳн-түз тиешеси бар адамдар.
Демек, Тажикстандагы бийлик алмашууда демократияга ыктаган, Рахмондун бийлигине оппозициялык маанайдагы, маселени дипломатиялык сүйлѳшүү жолу менен чечүүгѳ ынтызар саясий фигуранын келиши кыйла ыңгайлуу болмок. Андай адам барбы деген маселе суроо жаратат?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg