www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жана Кочкордо Нарын электр тармактар ишканасынын кызматтык жамааты менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйынга министрдин орун басарлары Сабырбек Султанбеков, Таалайбек Толубаев жана "Улуттук энергохолдинг" ААКтын төрагасы Таалайбек Байгазиев, "КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты. Энергетиктер менен болгон жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчилери 2022-жылы аткарылган иштер тууралуу отчёт беришти. Мындан тышкары 2023-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берилди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Таалайбек Ибраев ишкананын жетекчилерине кардарларды ыкчам тейлөө максатында транспортту көбөйтүүнү, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин тездетүүнү, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары дө компаниянын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Таалайбек Ибраев ишкананын жетекчилерине кардарларды ыкчам тейлөө максатында транспортту көбөйтүүнү, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин тездетүүнү, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары менен толук кандуу камсыз кылуу тапшырмасын берди. Ошондой эле кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында баардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министр "Кыргызкөмүр" МИнин Балыкчыдагы көмүр базасына барып, калкка жана ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу жеринен маалымат алып, тиешелүү адистерге көмүрдү тынымсыз ташуу тапшырмасын койгондугу кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости