www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик 2021-жылдагы шайлоо учурунда Каныбек Иманалиев өз талапкердигин президенттикке койот. Ал ойлонуп турбастан өзүнүн сын пикирин андагы президентикке талапкер Жапаровго жаадыра баштайт. Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды алган оор кырдаалдарда, ага колдоо көрсөтүүнүн ордуна  чамасына карабай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, президенттикке ат салышып, Садыр Жапаровду акылынын жетишинче какшыктап, келеке кылып сындаган. Тактап айтканда, Иманалиев ошол кезде 24-ноябрда пресс-конференция берип: “Урматтуу Ысык-Көлдүн калкы, аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби. 2 жыл губернатор болуп иштесин, өссүн-өнсүн, андан кийин премьер-министр болсун. Анан даяр болуп келсин. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Ал жалаң фейктерди угуп калды” – деп билдирген. 

Каныбек Иманалиев өзүн бийик президент сезип, кыска оюу боюнча Садыр Жапаров губернаторго араң татыктуу деп элге кан-какшап, бирок анын тилеги сууп аткарылбай калган. Анын Өмүрбек Текебаевге ык салып,аны көргөндө ыктытытып анын ошол кездеги Жапаровго каршы сөздөрүн жомоктоп элге таратып жүргөн.  «Эл төө десе, бээ деген» Каныбек Иманалиев депутат кезинде аз мөөнөт ичинде 56 жолу мамлекеттик номер менен Казакстанга каттаганын жашырып, ар кандай шылтоолорду айтып жүрдү. Депутаттын тез-тез чек арадан өтүп туруусу баңги заттар менен байланыштуу, себеби атка минердин машинасын эч ким текшерчү эмес. Эми болсо Садыр Жапаровго жагынып Илим, билим министринин милдетин аткаруучу болду. Илим,билим министринин өзү бул министрликти тарта албай калды,чарчады окшойт, эми ордун өткөзүп бере турган убак келген. Бирок Каныбек Иманалиевке эмес. Эмнеге Каныбек Иманалиевке ордун бошотуп берет эле, анткени Жапаров президент болордо кошо талапкер болгон Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун Дене тарбия институтун сырттан окуп бүтүргөнүн айтып, ушул кантип президент болот деп сыпаттап: “Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан Түркмөнстанга айланат деп жаңылды. Эгер Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан экинчи Афганистан болот. Анткени, ал күч колдонуп, бийликке умтулуп жатат. Биз буга жол бербейбиз” – деп шыбаган.

 Өз камын гана ойлогон учурунда депутат Каныбек Иманалиевке өкмөт 600 миң сомго демөөрчү таап, акын-жазуучулар көлөкөдө калышты. Ошол өкмөттүн айрым иштерин угуп, шатырата эле ашаткың келет. Анан эмне дейсиң, эл акындары менен эл жазуучуларынын китептерин чыгарып бергендин ордуна, эл өкүлдөрүнүн китептерине демөөрчүлүк кылып жүрдү. Мына, Бишкек СЭЗдин директору вице-премьерге чалып отуруп, депутат Каныбек Иманалиевдин китебине 600 миң сом акча алып бериптир. Эки ортодо ал акча боюнча Каныбек Иманалиев эмес, берешен байкебиз сурак берип жүрдү. Ал эми өкмөт болсо, алп акындарыбыздын китебин чыгара албай жатат, кашайып каражат таппай койгон. Депутатка 600 миң сом төлөп китебин чыгарып берүү одоно иш болгон.

Кыргызда карыяны какпай сыйлоо керектигин эсинен чыгарып, Каныбек Иманалиев кадр саясатына батыл аралашып, тымызын өз кишилерин бийлик сересине алып келүүнүн кыныгын алып алды дешет. Мындай аракети Маданият министрлигине Алтынбек Максүтов ошол кезде биринчи ирет министр болуп келгенде ай тылган. Бул жолу аттуу-баштуу адамдар ачык айтып чыгышкан. Мындай сынга Каныбек Иманалиев чычалап, “Эл баатырларыбыз ушундай күн тийип турганда эле эмес, бороондуу күндөрдө да баатыр болсо. Эмне үчүн кадр маселесин бир үй-бүлө - Жээнбековдор чечип жаткан учурда ушинтип айтып чыккан жок. Булар жаштарга бут тосуп жатышат?”, - деп, карыяны каптап өткөн. Кыргыздын акыл-насааттарын ар бир сөзүнө кошуп сүйлөгөн Капаш аксакалдын баласы, кыргызда карыяны какпай сыйлоо керектигин эсинен чыгарып, үтүрөңдөгөнү коомчулукту иренжитип таштаган. Анын үстүнө кыйынсынган Каныбек мырза деле Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун тушунда өзүнүн ооз ача албай коңулда жатканын унутуп койгону кызык. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрө койгон” Иманалиевдин көрөгөчтүгүнө баракелде дебешке аргаң жок калат экен.

Каныбек Иманалиев ким күчтүү болсо ошол жакта. Ал саясий карьерасын Текебаевдин келишкис душманы Акаевге пресс-катчы болуп баштаган. Акаев качаар менен анын аялынын классташы Тойчубек Касымовдун күйөө баласы Тайырбек Сарпашевдин “Туран” партиясына кирди. Андан Феликс Куловдун “Ар-Намысына”, андан Шакинин “Кыргызстан” партиясына, андан Текебаевдин “Ата-Мекенине” өткөн. Андан “Мекеним Кыргызстанга” жалдырап барганы бар. “Мекеним Кыргызстан” оодарылган соң Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулган, Садыр Жапаровду келекелеп жүргөн Каныбек баатырдын Билим, илим министри болуп калганына жол болсун. Же «хамалеончо» өңүн өзгөрттүбү? Каныбек Иманалиев  «Эркин Тоо» ишканасынын жерин кантип ээлеп алганы тууралуу сөздөр болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости