www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алишер Усманов – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кудасы. Аны ыйлаганына карбай Еврошаркеттин санкциялык тизмесине кошуп койгон. НАТОнун расмий журналында Усманов “Орусиянын президенти Владимир Путин менен өтө тыгыз байланышы бар кремлчил олигарх" деп мүнөздөлгөн. Алишер аке Путиндин бизнесиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар деп божомолдонуп келет. Ал Путин менен тез-тез жолугуп турган таасирдүү 50 орус бизнесмендин катарында экени айтылган, Орусиядагы эң ири салык төлөөчү.
Bloomberg компаниясынын индексине ылайык, өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы жыл башынан бери 1 млрд долларга көбөйүп, 19,5 млрд долларга жетти. Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан. Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берген. Ал муну "пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы" менен түшүндүргөн.
Алишер Усманов Орусиянын көркөм гимнастика боюнча курама командасынын башкы тренери Ирина Винер-Усмановага берген доосун соттон кайтарып алды. Алишер Усманов 1992-жылы баш кошуп, ырыс -кешикте жашар келаткан «хотини» Ирина Винер көзүнө көрсөтпөй жоготуп, ажырашмай болгон. Анткени, Батыш койгон санкциядан улам Алишер Усманов миллиардаган доллар акчасынан айрылып, жинин чыгаргысы келип турган. Ажырашуу процесси Москва шаарында 2022-жылдын 7-июнунда болмок. Албетте, бул ажырашууда Алишер Усманов доогер, ал эми анын миллиардарынан ажырагысы келбеген түбү еврей Ирина Винер жоопкер катары катышкан. Сот ажырашуу боюнча иш өндүрүштөн алып салганын билдирген.
Төрт орусиялык олигарх – Алишер Усманов, Роман Абрамович, Михаил Фридман жана Петр Авен Евробиримдик киргизген санкцияларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылды. Еврошаркет ар бир олиграхтын арызын өз-өзүнчө карай турганын белгилеген. Алишер Усманов жана анын карындашы Гүлбахор Исмаилова санкцияны жокко чыгаруудан тышкары Еврошаркеттен 20 миң доллар өлчөмдө соттук чыгымдарды төлөп берүүнү да талап кылышкан..
Усманов арызы сотто тез каралышына аракет жасаган. Усманов муну санкциядан улам бир нече коммерциялык келишимдер жокко чыгарылганы, анын кесепетинен үч компаниясы банкрот болуу алдында турганы менен түшүндүргөн. Бирок сот Усмановдун өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Улуу Британия ТИМинин маалыматына караганда, Алишер Усманов санкциялык тизмеге киргизилгенден кийин ал активдеринин бир бөлүгүн карындашы Гүлбахор Исмаиловага берген. Исмаилова "Дилбар" яхтасынын жалгыз ээси да болуп эсептелет. Исмаилованын Улуу Британиядагы бардык активдери тоңдурулган, анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Гүлбахор Исмаиловага Ташкенттеги Федорович атындагы Клиникалык санаториянын 82,1 % акциясы да таандык. Еврошаркет санкциялык тизмеге Алишер Усмановдун дагы бир карындашы Саодат Нарзиеваны да киргизген. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Нарзиеванын швейцариядык банктарда 2 миллион доллардан ашуун акчасы бар экенин жазышкан.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Улуу Британия Москвага каршы бир нече санкциялар топтомун киргизген. Аларга ылайык, Владимир Путин, Сергей Лавров, миллиардер Роман Абрамович, "Роснефттин" директорлор кеңешинин төрагасы Игорь Сечин, "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер жана Путин менен Лавровдун кыздары чектөөлөргө кабылган.
Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Еврошаркеттин санкциялык тизмесине киргизилгени үчүн Европа сотуна кайрылган, андан деле жарытылуу натыйжа чыккан эмес. Миллиарддарынан ажыраган бизнесмен Европа Кеңешине каршы арызданганы «текей тергендей» эле болду. Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, доогер Кеңештин ага карата киргизген чектөөлөрүн жоюп, сот чечими чыкканга чейин тыюу чараларынын аткарылышын токтотууну талап кылган. Еврошаркет Песков баш болгон 25 орусиялыкка санкция жарыялаган. Көптөгөн саясатчылардын арасында Алишер Усманов да бар. Алишер аке Путиндин этегине «тооп» кылып кудайында сыйынып жүргөн, ага санкция жарыяланып, акчасынын бары тоңдурулар менен кылтылдай баштады. Ал Эл аралык фехтования федерациясын башкарууну токтотуп, актанып чындык издей баштаган. Миллиардер Алишер Усманов Путинге кудайындай сыйынбай өз байлыгын аман сактап калууну ойлой баштаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg