www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын эң орчундуу жаңылыктарынын бири тажик президентинин уулу, борбор калаанын кожоюну Рустам Рахмон тажик УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовду атканы безге тийер жорук болду.  Бул тууралуу Тажикистандын Улуттук Альянсынын жетекчисинин орун басары Алим Шерзамонов билдирген. Негизи борбор калаанын кожоюну Рустам Рахмон менен тажик УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун ортосунда чыр-чатак көптөн бери келатат. Планетанын сактоочусу, тынчтыкты түзүүчү Эмомали Рахмондун уулу Душанбенин мэри Рустам Эмомали Саймумин Ятимовдон Хорогдо аскердик –полициялык операциянын башталышын талап кылган. Айтылганга караганда Саймумин Ятимов Хорогдо карателдик операция жүргүзө турган болсо, көптөгөн адамдар курман болот деп Душанбенин мэринин айткандарына моюн толгоп койгон. Көпчүлүк аскер адамдары тынч адамдарга карателдик операция кылууга  каршы болушкан. Алим Шерзамонов айтымында Хорог операциясы Тажикстан үчүн оор кырдаалды түзмөк, Рустам Эмомалинин ишенген адамдары 2012-жылы генерал олжен быть ликвидирован физически подобно генералу Назарзоданы жок кылгандай Саймумин Ятимовду жок кылууну көздөп жатышат. Саймумин Ятимовду жок кылуу үчүн МВДнын министри генерал Аламшозода жана анын кишилерине милдеттенме коюлган. Жазылган булактарга караганда өзүн өзү билген Рустам Эмомали Саймумин Ятимовду жарадар кылган. Ал мурун да аталаш агасы Хасан Асадуллону ит аткандай атып Германияга барып жараттынан дарыланып келгени бар.

Жакында Рахмон Душанбеде кенже кызын өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун уулуна турмушка узатты. Фарзона Рахмон менен Сафархон Юсуфтун үйлөнүү үлпөтү шаңдуу белгиленди. Башкы прокурордун уулу Сафархон Юсуф Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Фарзона Рахмондун иши жөнүндө маалымат жок. Кыз узатуу Душанбедеги “Магнолия” ресторанында өткөнүн тастыкташты. Анын алдында көчөнү ремонттоп, ресторандын тышын сырдап, Эмомали Рахмон келген күнү жол жабылды.

Тажикстанда президенттин кудалары жана күйөө балдары өкмөттө негизги кызматтарды аркалашат же ири компанияларга ээлик кылышат. Президенттин улуу кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев мурда Улуттук банкта иштеген. Ал Душанбе-Хожент жолун тейлеген IRS компаниясына ээлик кылары айтылып келет.

Президенттин үчүнчү кызы Тахмина Рахмон менен анын күйөөсү Зарифбек Давлатов да ийгиликтүү ишкерлер. Алар ээлик кылган агенттик Орусиянын шаарларына авиабилет сатуу боюнча эксклюзивдүү укукка ээ. Президенттин төртүнчү кызы Рухшона Рахмондун күйөөсү Шамсулло Сохибов агасы менен бирге Тажикстандагы күйүүчү май базарын монополдоштуруп алган. Рухшона Рахмон өзү болсо бир жыл мурун Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган. Президенттин башка бир кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов – Тажикстандын Түркиядагы элчиси. Дагы бир күйөө баласы Байланыш министрлигинде.

"Тажикстан менен чек ара маселесин тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деп билдирди президент Садыр Жапаров 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.Анын айтуусуна караганда, чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет:"Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деди президент.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү..Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралды. Ош облусунда тажик тараптын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чек арада баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушкан.

Ал өзүнүн резервдик фондунан беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берген. Жамалдинов жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбастыгын жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости