www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин премьер-министри, бийликте турганда Атамбаевке Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолунун атын койолу деп кыйкырып жүрчү Кубанычбек Жумалиев деген бар.Анын жубайы Роза Аманова. Булардын кантип баш кошкону тууралуу айың сөздөр көп. Ошол кездеги президент Акаев Жалал-Абад облусун кыдырып барып калат. Аны менен кошо ырчы катары Роза Аманова жүрөт. Экөөнүн ортосунда сөз чыгып кетет. Муну уккан Майрам Акаева булар Чаткалда жүргөндө жетип барат. Акаевдин аялы менен эмне кеп болгонун ким билет. Эртеси Жалал-Абад облусунун акимдерин чогултуп Акаев Роза Аманова менен Кубанычбек Жумалиев баш кошкон атканын чукул билдирет. Ошол кездеги акимдердин биринин айтуусунда булар алардын үйлөнгөнү үчүн катуу «сынышат».

 Сыймык Жапыкеев деген шудуңгут бар эле, ал Кубанычбек Жумалиев дегенде жата калып буркурап ыйлап жиберчү. Кубанычбек Жумалиев 2021-жылы камалып, Ташиевге жакындайын деп ортого өкүл баласы, азыркы спикер жердеши Нурлан Шакиевди салайын десе ал «Ташиевке жуучу түшкүдөй Акаевдин заманы эмес» деп койгон. Эптеп жылчык тапса керек, камак тараптан таптаза кутулган. Эми болсо анын жубайы Роза Аманова өзүнүн жердеши Токтогулдук акын Бактыгүл Сейитбекова менен жалгыз уулунун үстүнөн арыз жазып, каматып жиберди. Акын менен уулунун баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 2 айга камоо чечими чыгарган.

Токтогулдук аттуу-баштуу, кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандар барып Роза Амановага телефон чалып ала албай коюшкан. Эл артистинин мындай кадамга барышын көпчүлүк эл туура эмес көрүп, интернет желелеринде Амановага нааразычылыгын билдиришүүдө. Азырынча Токтогулдун таланттуу эки кызынын чыры Токтогул районунда жайгашкан мал базарга байланыштуу экендиги маалым.

2023-жылдын 26-майында саат 14:00дө "Кыргыз Туусу" редакциясынын жыйындар залында акын, жазуучу Бактыгүл Сейитбекова менен ырчы Роза Аманова, Кубанычбек Жумалиевдердин ортосундагы чырлуу соттошуу тууралуу Бактыгуль Сейитбекова менен Роза Шамшибекова кенен маалыматтык жыйын беришет.

Роза Аманова Башкы прокуратурага арызданып, Бактыгүл Сейитбекованы уулу менен чогуу мыйзамсыз каматкан... Жыйынтыгында, мыйзамдуу сатылган мал базарды аргасыз өткөрүп беришкен, бирок соттук отурумдар уланып жатат.

Токтогулдагы мал базардын анык мыйзамдуу ээси, Роза Шамшибекова мал базарды кантип алдатып, тарттырып жибергендиги тууралуу, бардык тиешелүү далилдери, документтери менен кенен маалымат берет.

Акаевдин заманында өкмөт башчы болгон Кубанычбек Жумалиев учурда кыргыздын эң бай олигархтарынын бири. Ал ээлеген обьекттерди санап жүрүп Сыймык Жапыкеев генералга жетип, чачы агарды. Кубанычбек Жумалиев көрөр көзү ырчылык менен атакка жеткен Роза Аманованы өзү түзгөн мединститутка ректор кылган. Роза Аманованын байлыгына келели. Экс-премьер  Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Аскар Акаевге «завкафедра» болуп жүргөндө аспиранты Кубанычбек Жумалиев деген жаш жигит эле. Кудай бак берип, Акаев тез эле «завкафедрадан» тоңкочук атып Кыргызстандын президенттигине жетет. Анын таманнын жалап жүргөн аспиранты аны ээрчип жүрүп Кыргызстан өкмөт башчысына чейин жетет. Суук колун элдин энчисине матырып 10-15 завод-фабрикаларды басып алган учурлары болгон.  Акаевдин «басып алуу» саясатын 100 пайыз аткарган Кубанычбек Жумалиев деген эми бизнес кылып тапкам" дейт. Кантип ал бизнес кылып табат? Бишкектеги ЭВМ заводу 33 гектар жерде турат экен, аны кантип сатып алат? Ошонун ичинде эле 37би же 38би, ири имарат бар экен. Ал сатып алган жок, ал — элдин ырыскысы.

Бизнес кылып кантип сатып алган? Ошонун баарына мамлекеттеги туура-туура эмес менчиктештирүүнүн эсебинен ээ болду. Азыр жыргап жашап жатат. Андан ары бала-чакасы, кийин неберелери жыргап жашайт. Ал эми баягы эч нерсе албай калган адамдар ошол бойдон калып кете берет. Ошондуктан, туугандар, социалдык теңдештирүүнү киргизиш керек. Ошондуктан, коррупционерлерди талкалап жок кылуу керек эле.

Кубанычбек Жумалиев эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган. Кубанычбека Жумалиева менен Роза Аманованын  50 фирмасы  декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жумалиевдин декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрү чакан эле, анын бизнеси айына - 47 миң сомдон 84 миң сом гана табат.  Бирок «кыңыр иш кырк жылда билинсе» Жумалиевдин мамлекетке төлөөдөн качып салыктан жашырып жүргөн 33 фирмасы, ал эми сүйгөн жары Роза Амановага каттатып  мамлекеттен жашырып жүргөн 14 фирмасы оркоюп көрүнүп калбадыбы. Мейли салыктан жашыргандарынын акчасын кимдир бирөөлөрдүн капчыгын толтуруп жаткандыр, салыкка төлөгөндөрү канча экен? Жумалиевдин бир жылда тапкан кирешеси декларация боюнча 561.7 миң сом, айына 47 миң сомду түзөт. Кыймылсыз мүлк катары  507 квадрат метр хансарайын жана  316 квадрат метр аянттагы үйүн көрсөткөн. Машиналарынан 2008 жылдагы Toyota Sequoia.

Роза Аманованын бир жылда тапкан кирешеси күйөөсүнөн көптүк кылат  – 678.6 миң сом (айына 56.5 миң сом). Күйөөсүнөн өзүнчө  1 242 квадрат метр аянттагы хансарайда жашап 2007-жылдагы  Ауди Q7 минет.

  • Роза Аманованын 12 фирмасы  2004 – 2018 жылдары катталган, дагы көптөгөн фирмалары андан кийин ачылган.  15 коммерциялык фирмасы уулуна катталган. Жумалиевдин үй-бүлөсүнүн салыктан жашырбаган  48 фирмасы бар.

Роза Аманова клиникаларга, университетке, жеке мектептерге жана турагентчиликке ээлик кылат. Жумалиев айлык алып иштеп чоң кызматтарда гана иштеген, буларды кайдан тапты?

 Роза Аманованын 14 фирмасы:

1.  «Клиника профессора Асымбековой Г.У.» клиникасы

2.  «Generation Corporation» (Дженерэйшн Корпорэйшн) ЖЧКсы

3. «ТРК Санат» ЖЧКсы

4. «Билим Бишкек» мектеп-комплекси

5. «Международный Медицинский Университет» ЖЧКсы

6.  «Билим Бишкек КейДжи»Мектеп-Комплекси» ЖЧКсы

7.  «Веллмарт» ЖЧКсы

8.  «Алатоо Групп Плюс» ЖЧКсы

9.  «Стар отель» ЖЧКсы

10.  «Вириннор» ЖЧКсы

11.  «Международный университет искусств и коммуникации» ЖЧКсы

12. «Фиделите Констракшн» ЖЧКсы

13. «Научно-исследовательский институт онкологии и радиологии Международного медицинского университета» ЖЧКсы

14. «Мурас Трэвел» ЖЧКсы

Роза Аманова менен Кубанычбек Жумалиев кантип баш кошкону тууралуу, анын мындан башка байлыктары тууралуу, жубайы Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеев билген эсепсиз байлыктары тууралуу сөз толуп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “жактоочу Бакыт Жумашев айткандай Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев ак эмес, буга далилдер бар” деген. Бул тууралуу Ташиевдин соцтармактагы ошол кездеги баракчасын караса болот: “Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу, жолдош Бакыт Жумашев айтып жатыптыр мени депутаттын мүлкү тууралуу туура эмес маалымат таратты деп. Анда угуп алыңыздар. Мен чындыкты айткам, дагы бир нерсе айтып койоюн. Жумалиев жер тилкесин 17 000 сомго сатып алып, бүгүнкү курс менен кайра 184 миллион сомго саткан. Мамлекетке бир да сом салык төлөгөн эмес. Буга эмне дейсиздер?

Ушундай жолдош адвокат. Ал коррупционер. Эми ал баардык уурдап алган мүлкүн мамлекетке кайтарып берет. Биз аны мыйзамдын негизинде мажбурлайбыз”, - деп жазган Ташиев.

Ал эми, Жумалиевдин жактоочусу Бакыт Жумашев соцтармак аркылуу коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда "мыйзамдар баарына бирдей иштебей жатат" деген оюн айткан.
"Жумалиев тууралуу азырынча далилдер болбогондон кийин, аксакал киши катары үй камагына чыгарып коюшса болмок", - деп жазган адвокат.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев 2021 жылы 4-февралда коррупцияга шектелип камалган. Ал эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости