www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салымбековдун кабагы салыңкы болбогондон кийин, кимдин кабагы салыңкы болот? Отуз жылдан ашык убакыттан бери Салымбеков чүчкүрсө элдикиндей чийки түшпөй, бышып түшүп атса. Атамбаев деле «Кыргыз эл Баатыры» болбоду беле, эми камактан колу бошобой жаткандай. Салымбеков болсо Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдордун убагында колун ушалап, жакшылап кошомат кылганды үйрөнүп деми көккө жетип турса. Каалаган орден, наамдарды сатып алып, кыргыздын көптү үмүттөнткөн жигиттеринин катарында турса. Баса, Аскар Салымбековго «Кыргыз эл Баатырын» берүү тууралуу маселе көтөрүлүп турду. Камчыбек Ташиевге, Медеткан Шеримкуловго, Болот Шамшиевге «Кыргыз эл Баатырын» берип Салымбековдун кабагын салаңдатып бербей койгону туура эмес да. Салымбековго деле «Кыргыз эл Баатырын» берип койсо отуз жылдан бери «Дордойу» менен элди багып келаткан акыбети кайтат эле. Азыр бербесе кийин деле алат. Бут тосуп турган бир кезде Салымбековдун көмөгү менен бизнесте эрезеге жетип алган Камчыбек Жолдошбеков жок.
Салымбеков интернетке азыраак кирип тиричилигин кылып турса, эл туура айтат, азыраак интернетке кирсе «Дордойу» менен тоону томкорот. Коррупция менен «Кыргыз эл Баатыры» Камчыбек Ташиев үкасы күрөшөт, өлкөнү келечектеги «Кыргыз эл Баатыры» Садыр Жапаров үкасы гүл кылат, убактыны, энергияны башка пайдалуу жакка буруп «Кыргыз эл Баатырын» эмки жолкуда күтүп отура бериш керек. Кыргыз өтө жалкоо, ишенбесеңиз карап туруңуз, жарымынан көбү окубай эле фейсбукту басып өтүп кетет, себеп жалкоолукту сүйөбүз, ушул жерде саясат тема жазылган болгондо ар бири окумак аттиң. Салымбеков тууралуу жазылыптыр деп ким окуйт эле.
Белгилүү бизнесмен, Аскар Салымбековдун кедей боло турган адамдын 20 белгисин айткан пикири:
1. Эрте турганды жаман көрөт.
2. Мүмкүнчүлүк болсо эле жамбаштап жатканды жакшы көрөт.
3. Эмгекчил адамдарды «акча дегенде өлүп кетет» деп сындайт.
4. Күнүмдүк маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана.
5. Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы күн болорунан үмүт үзбөй күн өткөрөт.
6. Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт.
7. Көп акча тууралуу кыялданат, бирок, аракет кылбайт.
8. Бирөөнө сүйөнүп жашайт: аялына, күйөөсүнө, карыган апасына, эжесине же байкесине.
9. Бирөөгө акыл үйрөткөндү билет. Бирок ал акылын өзүнө пайдаланбайт.
10. Интернетке көп убакыт коротот.
11. Жанын кыйнагысы келбейт. Эки күн чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей.
12. Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар.
13. Жакшы көргөн сөзү «Ошол күн келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын өз ырыскысы бар», «Бара көрөбүз», «Байлык колдун кири» ж.б.
14. Билими деңгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок.
15. Жаңы нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт.
16. Изденбейт, өзүнүн ишканасын ачып аракет кылуу, өнүктүрүү тууралуу ойлоп да койбойт.
17. Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чөнтөгүн «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат.
18. Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шөкөт кыла берет.
19. Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын.
20. Эң башкысы! Бекерчиликте жатып өмүр жылдары кемип, мүмкүнчүлүктөрү азайып жатканын капарына да албайт. Ыңгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg