www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дастан” ишканасын жетектеп турганда “Дастанга” келген 3 млн. доллардын 54 млн. сому алгач заводго караштуу “Улан” ишканасына которуп, андан кийин “Альфа Легион” компаниясы менен түзүлгөн жасалма келишимдин негизинде чыгарып кеткен кылмыштуу иште башкы ролдун бирин аткарган Талантбек Иманов деген бар. Ал жерден кантип кургак чыкканын эл угуп жакасын карманат. Негизи шопурлар деген балээ, учурунда Атамбаевдин шопуру Илмиянов машинанын эмес, мамлекеттин рулун башкарып калган. Эми да шопурлар пайда боло баштады.

 Бир кездеги “шефи” Алексей Ширшов менен болгон тыгыз байланышы дагы күмөндүү ойлорду жаратат? Жакында анын кулагы чырлуу, мандемдүү иштерден чыгат деп ишенимдүү түрдө божомолдой берсек болобу? Ошондо кайырмакка илинеби? Же дагы да болсо УКМКнын мурдуна бок сүртүп мыш кылып, министр болуп кеткендей суудан кургак чыгабы? 

Бала болуп башына жүн чыкканы Ширшовдун шопуру катары элге таанылган, андан соң  «Дастан» заводунда кароолчу болуп жүрүп «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсында чоң кызматты ээлеген боюнча, таскактаган бойдон министр болгон. Талантбек Иманов Санарип министрлигине дайындалып жатканда, 54 млн. сомго байланыштуу айыпталган ”Уландын” директору Руслан Жампешов менен “Альфа Легион” компаниясынын жетекчиси Карыпбай Джамансариевдин 46 млн. 108 миң сом уурдалган каражатты кайра ордуна кайтарды деп акталып кеткенин кандай түшүнсөк болот?

 Баса, Талантбек Иманов Асылбек Жээнбековдун ишенимдүү жигити катары 2020-жылы 1 жарым миллион сом кошуп, өз талапкердигин «Биримдик» партиясынан коюп жеңишке жеткени менен алардын шайлоосу жараксыз болуп калган. Дегенибиз, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевге (24-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматы Курманбек Дыйканбаевди кармайт. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган)  “коркутуу аркылуу 7 млн. сом пара алган” деген өңүттө арыз жазып каматып, кийин “карыз катары эле бергем, доом жок” деп махинация жасаган жоругу менен УКМКнын ишмердүүлүгүнө көө сүрткөн.

Анын былыктарын “Азаттык” ташка тамга баскандай иликтеп чыкты. Ийинге кире албагандай  чычкандай куйругунда калдыраган калбыр барына карабай, кантип Санариптик өнүктүрүү министрлигин мыкчып отурат? Баскан изи күмөндүү, кызматтык ишмердүүлүгү мандемдүү немени эмнеге министр кылды деп ойлойсуз?  

Ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев УКМК сизге кылмыш ишин козгогонун, бир ай СИЗО жатканыңызды айтып, анан кантип министрлик кызматка келе жатат деген суроо берди эле? Ал иштин учу 54 млн. сом менен Курманбек Дыйканбаевге байланыштуу эмес беле?  

Учурда сиз жетектеген Санарип министрлигине “Евразиялык сактык банкы”, Кыргыз телеком”, “Альфа телеком” ишканалары жана “Дастан” заводу өттү. Эми “Дастанды” жетектеген учуруңуздагы ишканадан чыгарылып кеткен 54 млн. сом кылмыштуу ишти эске алганда, жогоркуда аталган ишканаларды сиздин көздөй адамдарыңыз түздөн-түз башкарып турса, 2020-жылдагыдай схема башталып, мамлекеттик ишканалардан миллиондор чыгарылып кетпейби?  

2010-жылы февралда ал кездеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн премьер-министри Данияр Үсөнов элге салык салуунун ойго келбес жоругун баштаган. Электрэнергиясынын тарифи ошол кезде жаңы эле кымбаттагын эске албай Данияр Токтогуловичтин Өкмөтү уюлдук телефондун бирдигине өкмөт ала турган 60 тыйындык жогорулатуу кийирген. Ар бир бирдиктен 60 тыйындан алып отурса канчалаган акчалар түшөт эле. Бул ошол мезгилде иштеп жаткан бийликке каскак болуп, өкмөттүн ушундай терс сунуштарын оппозиция майдай жактырып, элди бийликке каршы үндөө үчүн жакшы аргумент болуп берген.  Уюлдук телефондор бийликти алмаштыруу үчүн оппозицияга аргумент болуп берген, эми да телефонго 700 сом кошулабы? Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбашы керек.

Дегенибиз, сиздин төбөңүз көрүнгөн чырлуу иштерге УКМК кылмыш ишин козгойт, жыйынтыгында айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар тутулуп, акыры алар да аппак болуп чыгышат. Кандай керемет? Шайтанды жолдон чыгарчу мындай сыйкырларды кимден үйрөндүңүз эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости