www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Украинаны мындан аркы колдоо боюнча эки анжы пикир РФ лидери Владимир Путинге жакшы жардам берет. Spectator басылмасынын баяндамачысы Лукас Дегутистин минтип жазганын РИА Новости билдирди.

Автор Украинанын башчысы Владимир Зеленский сүйлөп жатканда келбей койгон конгресстин мүчөлөрү Путинге "жакшылык кылганын" белгилеген.

Ал демократтар менен республикачылардын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерге карабастан, Киевге жөнөтүлгөн каражаттарды текшерүү керек экенин кошумчалаган.

"Республикачылар демократтар сыяктуу эле, салык төлөөчүлөрдүн акчасы эмнеге жумшалып жатканын сураганда жаңылыштык кетиришпейт болчу", — деген Дегутис.

Серепчинин айтымында, Конгресстеги республикачылардын көбү Зеленскийдин сапарына абдан нааразы болушкан. Төрт конгрессмен Украинанын президентине кол чабуудан баш тартса, экөө ал трибунага чыкканда ордунан турган эмес.

Эске салсак, Зеленский шаршемби күнү Вашингтонго барып, АКШнын президенти Жозеф Байден менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости