www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БӨТ
Өмүрбек Бабанов
БӨТ- Бабанов Өмүрбек Токтогулович деп чечилет. Күрддөр жакынкы кошуналары Түркия сыяктуулардын эзелки душманы, ал эми РПК деген желмогуз партиясы аркылуу ааламга тор жайган күрддөр Кыргызстанды да Бабанов аркылуу аңдып турат. Илгери Күрд княздыгы Бабан эмираты аталган. Күрд княздыгы Бабан 1649-жылдан 1850-жылга чейин азыркы Ирак менен батыш Ирандын аймагында болгон экен. Бабан эмиратынын борбору Сулеймания шаары болгон. Бабан эмиратын азыркы күрддөр аль-Бабан атаса, түрктөр Бабанлар же Бабанзаде атайт экен. 17-19-кылымда Бабан эмираты түрктөргө каршы согушка активдүү катышып 1850-жылы таш-талканы чыгыптыр.
«Хамалеон»
Жантөрө Сатыбалдиев
Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болот, анткени хамалеон Сатыбалдиев жагалданып жылмайгандан алдына киши салбаган адам. Мырза-Акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону хамалеон Жантѳрѳ мырза. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева жылаңач жүргөн келишимдүү жигитти Бишкек - Ош автожолун «эксплуатация» боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуатационник» Сатыбалдиев «эксплуататор» Акаевге жагыныш үчүн үч кабат асфальт жолдун бир кабатын майга сүйкѳп Майрам Акаевага бриллиант шакек менен кошуп «бисквит» кылып, сугунтуп койду эле, жолдун бети жукарганы менен, Майрам Акаеванын бети калыӊдап, тамылжып турду. Ошол жукарган жолдун бүгүн тамтыгы чыгып баратат. Акаев болсо качып кетти, «май кармаган бармагын жалайт» дегендей кантип Сатыбалдиев, «бармагын жалабасын». Бакиевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев «эшек такалабай» эле, Ош облусуна кошуп, Түштүктү бүт «эксплуатациялап» жүрдү. Отунбаеванын тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев Ош шаарынын курулушун эксплуатациялоо боюнча директору болду. Келечектеги «эксплуататор» Жантөке Атамбаевдин колтугуна суу бүркүп президенттик аппараттын башына, андан аттап ѳкмѳт башына келди. «Бүркүт карыса чычканчыл болот», Жантѳрѳ мырза акча чыкчу жерлерди аӊдып жүргөн. А бирок ар бийликке мурдун сүйкѳп жүрүп мурду «бучук» болуп калган. Таппасаӊ сыйпалап кал, «вазири бучук болсо, ханы эмне болот» деп койчу эле?
«Сапарушка»
Сапар Исаков
Сапар Исаков өтө олуттуу деле саясатчы эмес. Анын бийлик элитасына келип, Атамбаевдин «Сапарушка» деген наамына татыш үчүн эмне аракеттер болгон? Алмазбек Атамбаев иштин көзүн билген олуттуу саясатчылардын түбүнө жеткен, өзүнүн сөзүнөн чыкпаган, акча дегенде көзү тумандап кеткен жаштарды колдоп, бул дүйнөдө Кыргызстанга түркүк болгусу келген. Ал бардык көтөргөн балдарын «Балашка» деп койчу, бул сөздү кокосу күнгө жеткен жаштар жактырышып, «улут лидери» мактап жаткандай кабыл алыша турган. Атамбаев бир гана Сапар Исаковду бөлүп, «Сапарушка» дегени, анын кекиртегинин кенендиги болсо керек. «Сапарушканын» бийликке келишинин баштапкы этабы Аликбек Жекшенкуловдон өткөн. Жекшенкулов тышкы иштер жагында «жаагы жанып» турганда жаш жана да идиреги бар Сапар Исаковдун тышкы иштер министрлигине «тийише» калып жүргөнүнө колдоо көрсөткөн. Менимче анын жердешчил сезими ойгонуп кетпесе керек, дараметтүү бул жигитти көпчүлүк жаштар иштеп жаткан Жогорку окуу жайынан сууруп чыгып, бийлик элитасына аралаштырууга алгачкы кадамды Аликбек Жекшенкулов жасаган. Жекшенкуловду саясатчылар бүт эле жакшы билет, «оомалуу төкмөлүү дүнүйө» аны толкунуна салып алып, көп ирмеди. Арийне «Сапарушка» өзүн көтөрмөлөгөн Жекшенкуловго эмне ыраазычылык кылды? Ал Жекшенкуловдун балким төмөндөшүнө пайдасы тийгендир, анткени улам ар кимди «кидать» этип келаткан «Сапарушкага» иштин көзүн билген Жекшенкулов чоң тоскоолдук кылгандыр.
Даниил Урицкий
Данияр Үсөнов
Апас Жумагуловго жардамчы болуп, анын арты менен бир катар «креслолорду жыртып отуруп», бир кездеги шефи сыяктуу өкмөт башчылыкты аркалап, бул орундан кыргызга кетпес кегиндей иш жасап, акыры өлкөдөн куулуп кеткен Данияр Үсөновдун да карьерасы алгач жардамчылыктан башталган. Анын Апас аксакалдын жардамчысы болуп, көп убакта жандоочусу болгонуна атасынын таасири болгону бизге маалым. Тагыраагы, Данияр Үсөновдун атасы менен Апас Жумагулов жакын достордон экендиги, экөөнүн ынактыгы аяш уулунун карьерасынын жол ачылышына алып келген. 2010-жылы премьер-министр катары электрэнергияны кымбаттатып, бийликтин качышына өбөлгө түзгөн Данияр Үсөновдун айтуусунда 2013-жылы Малайзияда маркум болуптур. Сөөгү сөпөт болгон Данияр Үсөновдун ордуна келген Даниил Урицкий 1 млрд.$.инвестиция салып "Беларусская национальная биотехнологическая корпорация " деген компанияны курган. Ушул жакка барып Белорус президенти Лукашенко Даниил Урицкийди «Даниил» дебей «Данияр» деп атады. Таң калычтуу Данияр 2013-жылы аркы дүйнөгө узабады беле? Эң алдыңкы технологиялар менен гибрид урук, көчөт, өсүмдүк дарыларын жана башка бизге эң керектүү көп нерсе өндүргөн чоң корпорация куруптур, аянты жүздөгөн гектар. 2010-жылы ушуну Нарынга куруу планы иштелип чыккан экен, бир жылдык таза пайдасы 350 млн.доллар, экспортунун көлөмү 650-700 млн. Ошол кездеги Даниил Урицкийдин биринчи орун басары Акылбек Жапаров Минкабдын төрагасы болду.
«Темир генерал»
Феликс Кулов
УКМК КГБ кезинде эле жүрөктүн үшүн алган жер болчу Бир учурда УКМКны КГБ деше турган. Учурунда КГБ республиканы ким жетектейт дегенге чейин кийлигише турган. КГБ тууралуу шыбырашып гана сүйлөшө турган, кокус катуурак айтсаң балээге калчусуң. Кийин КГБ атын которуп Феликс Кулов, Мисир Ашыркулов, Кеңеш Дүйшөбаев, Абдил Сегизбаев, Мурат Суталинов, Камчыбек Ташиев, Бузурманкул Табалдиев бийликтин жакын адамдары, «доссекретарлар» бул жерди тейлешти. Феликс Кулов гана бул «кыгыбышниктердин» арасында «ак карга» болуп турду, себеби анын Акаев менен жакындыгы жок эле. Ал вице-президент сыяктуу № 2 кызматта турган соң, аны бул жерден жоготуш үчүн бул кызматты жоюп салган. Куловду кызматынан төмөндөтүп УКМКга алып келген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg