www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин аткаминерлердин сөзүндө жана расмий документтерде чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Болгону орус тилинде аналогу жок сөздөргө гана уруксат берилет. Документ укуктук маалыматтын расмий интернет-порталында жарыяланды.

"Россия Федерациясынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Атайын сөздүктөрдө аналогу жок чет элдик сөздөрдүн тизмеси берилет. Сөздүктөр жана маалымдамалар орус тили боюнча комиссиянын сунушунун негизинде өкмөт тарабынан бекитилет, деп жазат «Коммерсанть».

Орус тилин колдонуу милдеттүү болгон тармактарга төмөнкүлөр кирет: менчигинин бардык түрүндөгү уюмдардын орустар менен кызматтык мамилелери жана расмий кат алышуусу, телеграммаларды жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын даректерин каттоо; мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык системалар; ошондой эле товарларды керектөөчүлөргө арналган маалымат.

Булак: NazarNews kg

Последние новости