www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Замир Жоошев кечээ, 28-февралда кыркы чыга элек чүрпөсү менен сотко жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүшкөн.

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов баласы менен түрмөдө отурган аялды кечирүү жагын карап берүүнү сурады.

«Кечээ интернетте аял киши баласы менен түрмөдө отурган сүрөтү чыкты. Ушул окуя боюнча адилеттүү чечип берип, аял кишинин карызын мамлекет жактан болсо да, караштырып берип койсоңуздар. Ырайымдык кылып берсеңиздер», — деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости