www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чөбөгө»

Улукбек Марипов

Улукбек Марипов президент Алмазбек Атамбаевдин «балашкасы», ал Икрам Илмияновдун ордун алган президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары катары Садыр Жапаров түрмөгө камалып жатканда, айткан сөзү өтсө да эч чара колдонгон эмес. Атамбаев «балашканы» 2016-жылы Эсеп палатасы Элмира Ибраимованын ордун алып берген соң соцтармактарда анын атасы мурунку депутат азыркы Ноокат районундагы ооруканалардын жетекчиси Асамидин Марипов кыргыздарды кул сыяктуу жумшап алды деп катуу уу-дуу болгон. Улукбек Мариповду мурунку президенттер Атамбаев, Жээнбековдор эмнеге көтөрмөлөп, колдоп келишкен? Анткени, анын атасы Асамидин Марипов убагында парламент депутаты катары жагынганды туура колдонгон. Ал мурун Алмазбек Шаршенович жана Сооронбай Шарипович деп ийилип жүрүп көнүп калган. Эми атын гана өзгөртүп койду. Асамидин Марипов өкүл атаны да тандап койгон.  Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып Америка континенттинде из жашырып жүрөт. Жер үй кенин «жемканага» айланткан Өмүрбек Бабановдун «Республика-Ата-Журт» фракциясы тарабынан сунушталганына караганда элде бүдөмүк ой пайда болгон. Эгер Бабанов өзү өкмөт башына келе турган болсо элде нааразычылык күч алмак, ошондуктан ал өз кишисин бийликке алып келип, Бабановдун көксөөсү сууган.

«Атадан калган туяк»

Айдаралиев Искендербек

Орто жүздүн төрөсү Кунанбай баласы Абайга суроо салат экен:

-Эй, балам атадан кем туулган уул болот экен, атага тең туулган уул болот, атадан артык туулган уул болот экен. Сен өзүңдү кимисине кошосуң?-деп.

-Мен атадан артык туулган уулмун деп эсептейм .-дейт Абай.

-Эмнеге?-дейт Кунанбай.

-Сени бир билсе ушул аймак билет,ашып кетсе орто жүз билер. Мени  бүткүл казак элинен тышкары кошуна түрк туугандар, күн Чыгышта жапан, кытай, күн Батышта орус, Европа бүт дүйнөбилет.-дейт Абай.

  Ошондо Кунанбай:

-Мен болбосом сен ким болмок элең.-деген экен.

 Мен ушул суроону Искендербек Айдаралиев мырзага койгум келип туру. Себеби, Айдаралиевдин атасы убагында Таластагы эң мыкты башкармалардын бири болсо, Искендербектин колу өкмөт башчыс ынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен.

 «Ураган»

Кубатбек Боронов

Коронавирус күчөп турганда саясат менен иши жок Кубатбек Бороновду көпчүлүк көтөрүп биринчи вице-премьерден өкмөт башына алып келген. Ошол бойдон былк этпей элдин ден соолугу үчүн кризис менеджери аталган Боронов күрөшүп келаткан. Жаңы кызматка орношкон Алмазбек Баатырбеков эмнеге жарамак эле, же Акрам Мадумаров чек араны кыйраттыбы? Алар парламенттик шайлоого ооп келечегин ойлоп партияларды колдой баштаганда,  Кубатбек Боронов өкмөт башында элдин камын көрүп калган. Мындай кырдаал түзүлбөсө балким ал өкмөт башына кайрадан шайланат беле же шайланбайт беле бир кудай билет. Боронов болсо саясаттын курмандыгы болгондой. Анын кризистик менеджер катары көп тажырыйбасы бар. “Атаң алтымышка келгенде алдап соолап күчүн ал” деп кыргыздар бекер айткан эмес, 60 ка келе элек Бороновдун тажырыйбасын ушундай мезгилде пайдаланып кырдаалдан чыгышыбыз башкы шарт.

«Өлүм доктору (доктор смерти)»

Танаев Николай

Аскар Акаев менен Николай Танаев бийликтен кетишкен соң 2005-жылы  юридикалык жактан мамлекет башчысы бойдон калган, парламент спикери Өмүрбек Текебаев Кадыржан Батыров сыяктуу депутаттар менен Москвага барып, бийлигин өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 2005 – жылдын 3-апрелинде Акаев бийлигин юридикалык жактан өткөрүп берүүгө макул болот. Бирок, ал да жөн калбай анын башына куугунтуктоону токтотуп, бир топ жеңилдиктердин берилишин талап кылат. Акаев менен Текебаевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, акыры Акаев «өз каалоосу менен кызматынан кеткени тууралуу» токтомго кол койот. Ушул токтомдун негизинде Жогорку Кеңеш анын отставкасын кабыл алып, мөөнөтсүз жаңы шайлоонун күнүн белгилейт.Токтомго ылайык Аскар Акаев өз үй-бүлөсүнө жана өз башына кепилдик алат. Бул жерде баса белгилей кетиш керек аны кылмышкер катары куугунтуктоого мыйзам жол бербей турган болот,  Башмыйзамдын негизинде анын жеке мүлктөрү, турак-жайы, транспорту  да өзүнүн менчиги бойдон калат. Акаев ушундай жеңилдиктер үчүн мунун кекиртегине чейин жеп-жуткан көп байлыктарынан кол жууйт. Акаевдин митаамдыгы бул токтомго кепил болуп Орусия менен Казакстан болуп берсин деп жарыялайт. 2005-жылдын 4-апрелинде  кубаланган президент Аскар Акаев Москвадагы кыргыз элчилигинде бул токтомго салтанаттуу түрдө кол коюп, өзү 2005-жылдын 5-апрелинен баштап отставкага кетет.

«Жагалмай»

Муралиев Амангелди

«Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт»-дегендей Амангелди мырза сынынан кете элек. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк саясатчылар Владимир Путин, Касымжомарт Токаев, Шавкат Мирзияевдер  дүйнөлүк маанидеги маселелерди талкуулоодо Амангелди Мурсадыковичтин пикирин баалап жүрүшкөнү бекеринен эмес. Саясатты мамлекет башчысы жалгыз жаратпайт. Саясатты айланчыктап жүргөн «мозгилер» жана «алкымдар» болот. Совет мамлекетинин учурунда Фрунзенин негизги завод-фабрикаларын бүт орус тилдүүлөр ээлеп алган. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон Амангелди Мурсадыкович иши менен Кремлдин көзүнө чалдыгат. Завод-фабрика жетекчилери түз эле  Москвага баш ийчү.Ошондо өндүрүштү калчаган кычыраган жапжаш жигитке Кремль бекеринен көз салган эмес, келечектеги Кыргызстандын жетекчилигине даярдап жаткан. Усубалиев мэрден кийин Кыргызстанга биринчи болуп келген. Борборго мэр болгон Муралиевди да эртеңки мамлекет башчысына даярдап жаткан. Масалиевдин ээри  кыйшая баштаганда, эл Муралиев биринчи болот деп калган. Кечээ эле завкафедра болуп, Масалиевдин колдоосу менен БКга «завотдел», андан соң Илимдер академиясына келип, ал жердегилерге сөзү өтпөгөн Акаев СССР Жогорку Советке депутат боло калып, Айтматовдун башын айлантып, ага бериле турган Нобель сыйлыгын Горбачевго бердирип, аны СССРдин президентинин кеңешчисине дайындатат. Көрсө, өзүн бийликке алып келген Масалиевге ор казып, ордун аңдып аткан экен. ЖКдагы өз кишилерин Масалиевге каршы тукуруп, аны жыгыш үчүн аркалык Апас Жумагулов менен Жумгалбек Аманбаевди каршы чыгарып, жыгат. Эл Муралиевдин келишин каалап турган. Акаев ЖКны бүт сатып алып, президент болуп келип, Кыргызстанды көз ачып жумгуча бүт талкалады. Эгерде Муралиев президент болгондо азыр майкөл-сүткөлдө жашап атмакпыз. Муралиевди Акаев эң оор тармакка иштетип турду. Ошко жиберди эле, Ошту оңдоп келди. Дефолтко кабылган мамлекетти баткактан сууруп чыгуу үчүн, издетпей таптырган Муралиев жыйырма айдын ичинде кыргыз элин дефолттон сүйрөп чыгып, экономиканы көтөрө алды. Анын кадыр-баркы Акаевдикинен жогорулап калган. Митаам Акаев үчүнчү ирет президент болоор алдында Муралиевди премьер-министр кылып өлкөнүн экономикасын түзүк жолго салат. Эл экономика оңолуп баратат деп да ишенип калат. «Төө кыядан өткөн соң» Муралиевди алмаштырат. Амангелди мырза кийинки  бийликтер менен талбай күрөштү, ал коомдук парламентке активдүү катышып,элдик курултайларды уюштуруп, көп эмгек сиңирди. Отунбаева алдыны көрө билип эң тажырыйбалуу, саясий интригага аралашпаган Амангелди Муралиевке техникалык өкмөттү тейлетип койду. Техникалык өкмөт Убактылуу өкмөткө салыштырмалуу саясий интригаларга аралашпай эң таза иштеп, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылып, жулунган коалициялык өкмөткө бийликти өткөрүп бергени белгилүү. Эгерде техникалык өкмөттөй башкалар иштесе, биз жакшы заманды даамын татып калмакпыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости