www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 17-мартындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу З.Д. карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 15-май күнүнө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнин №21-мекемесине камакка алынган.

Эске салсак, УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (Дүйшөнбек Зилалиев) кармалганын 15-мартта кабарлаган.

Атайы кызматтын маалыматы боюнча, ал 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталган, бирок Зилалиев айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес.

Белгилей кетсек, Зилилиевге 2020-жылы Башкы прокуратура 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген. Кийин 2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости