www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин алдындагы АБПнын өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдык боюнча башкармалыгынын кадрлар боюнча улук инспектору, милициянын майору Асакеева Назира Зарылбековна менен журналист Кубаныч Заинидин маек курду. 

Назира айым 2002-жылы Кара-Кол шаарында жайгашкан Москва ишмердүүлүк жана укук университетинин юриспруденция факультетин аяктап, ошол эле жылы ИИМдин Ички аскерлерине эркин жалданма кызматкер катары жумушка кирген. Мына ошол Ички аскерлердин босогосун аттоо менен ал өзүнүн кызматтык тарыхын баштаган. Дегеним, имарат ичиндеги ички тартип, аскердик эреже, форма кийген офицер айымдардын өзүн алып жүрүүсү, жашоо образы Назира айымды бул кызматка азгырып, «Качан форма киет экенмин, качан полковник болот экенмин?»-деп кыялданып жүрүп, акыр аягы өзү да офицер айымдардын катарын толуктап калган. 2004-жылдан 2012-жылга чейин ИИМдин Ички аскерлеринде Жашыруун сыр бөлүмүндө жана кадрлар бөлүмүндө кызмат өтөп жүрүп, өз каалоосу менен кызматтан кетет. Бир жарым жыл аралыгында өз кесиби боюнча бир нече мамлекеттик да, жеке менчик да мекемелердин эшигин кагып, бирок, аскердик тартипке, аскердик эрежеге көнүп калган Назира айымдын көңүлүнө жөнөкөй адамдар менен иштешүү да, иштөө да жакпай туруп алат.

Ошондой күндөрдүн биринде ИИМдин Атайын багыттагы полку түзүлүп жаткандыгын угуп, кубануу менен конкурска катышып, Атайын багыттагы полктун кадрлар бөлүмүнө кызматка алынган. Табиятынан назик мүнөзгө ээ болгон айымдар үчүн аскерлештирилген бөлүмдө кызмат өтөө абдан оор. Аталган бөлүмдө кызмат өтөп жаткан айымдарды негизги функционалдык милдетине же кылган кызматына карабай, ушул бөлүмдү тандаганынын өзүн эле баатырлык катары бааласак туура болчудай.

Себеби, бул айымдар аскер кызматкери болуу менен болбогон нерселерге эркелеп, ыйлоодон же аял катары алсыз болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, катаал тартип, күчтүү эрежеге баш ийип жашашат. «Көпчүлүк учурда АБПга жаңы кызмат өтөгөнү келген жаш балдарды каттоодон өткөрүп жатсаң, «Мени менен эле тең экенсиң го, таанышып албайлыбы карындаш»-деп, тийишип, тамашалашкан учурлар катталат.
Кийин жумушка кирип, менин форма кийип жүргөнүмдү, көрүп, таң калып, айрымдары кечирим сураган да учурлар болот»-деген Назира айым, күчтүү болуудан же кызматтык түйшүктөн чарчаган учурда булбулдун үнүн, арчанын жытын эңсеп, табият менен сырдашуу үчүн, тоо койнуна сапар алган адаты бар.

Ооба, эгемендүүлүктү алганы Кыргыз мамлекети өз башынан бир эмес, бир нече революцияны өткөрдү. Төңкөрүш учурунда тараптардын кызыкчылыгын эмес, элдин коопсуздугун, мамлекеттин мүлкүн сактап, коргоп калуу милиция кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири. Кызмат учурунда көптөгөн кызыктуу да, күлкүлүү да окуяларга кабылган Назира айым 2020-жылдагы элдик төңкөрүштө болгон окуяны эстен чыгара албасын айтат. «Адамдын кандай адам экендиги, ким экендиги бийликке же байлыкка ээ болгондо бир, анан кыйын учурда бир сыналат деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары, адам болгондон кийин күнүмдүк кызмат учурунда бири-бирибиз менен амандашсак амандашып, амандашпасак ары карап өтүп кетип эле кадимкидей жүрө беребиз. Бирок, эл башына төңкөрүш же дагы бир кыйын күн түшкөндө бири-бирибиз менен бир туугандай жакын боло түшөбүз. 2020-жылдын октябрь окуясында бул айтканым дагы бир ирет далилденди. Балдар буйрук менен Ала-Тоо аянтына чыгып, бир нече сааттан кийин эле катуу жарадар болуп кайтып келип жатышты. Ошол учурда «Мен башчы элем» же «Бул менин кызматым эмес» деп бир да адам четте карап турбай, баарыбыз биригип, жарадар болгон балдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, айрымдар укол сайып, карап жаттык. Тез жардам да өз убагында жетпегендиктен өзүбүздүн унаабыз менен балдарды ооруканага ташып жаттык. Ошондо полктогу балдардын бирин-бири издеп, элдин ортосунда калып калган учурда кооптуулугуна карабай бирин-бири коргогон ынтымагына ыраазы болдум»-деген каарманым кыйын күндө бир туугандай бириккен кесиптештери менен сыймыктанаарын жана АБПда кызмат өтөгөндүгү, алардын куралдаш бир тууганы болгону үчүн тагдырына ыраазы экендигин айтат. 

Татаал кызмат Назира айымдын жеке бактысын таап, аял катары бактылуу үй-бүлө куруусуна эч кандай тоскоолдук жараткан эмес. “Күч структурасында иштеп жүргөн учурда эле турмуш жолуна аттангам. Эми кадимки үй-бүлөлөрдө болгон уруш-талаш кээде бизде деле катталчу. Айымдардын бир кемчилик жери, жакшы жумушта иштеп, көбүрөөк акча таап калса эле үнү бийик чыгып, аял катары аткара турган үйдөгү айрым милдеттерин убакыттын тардыгына же чарчаганына шылтоолоп аткарбай калган учурлары көп болот. Сен ушул кесипти тандап алганыңа сенин үйдөгү балаңдын же өмүрдүк жолдошуңдун эч кандай тиешеси жок. Алар сенин жумушуң үчүн жабыр тартпоого тийиш деп ойлойм. Ошондуктан, жумуштан канчалык чарчап келсем да кадимки айымдардай эле үй-бүлө камкордугун көрүүгө аракет кылам” - деген каарманыбыз учурда бир уулду тарбиялап келет.

Булак: NazarNes.kg 

Последние новости