www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 21-мартка караган түнү Кичи-Жаргылчак айылында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 152-чакырымында болгон.

Маалыматта айтылгандай, Жети-Өгүз РИИБне телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда Кичи-Жаргылчак айылында “Гольф” жана “Ауди В4” үлгүсүндөгү авто унаалар сүзүшүп, эки адам каза болгону тууралуу кабарланган.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖге катталып, алгачкы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«21-мартка караган түнү саат болжол менен 01:30 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан, тактап айтканда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто жолунун 152-чакырымында Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган З.А. жана келинчеги, 1993-жылы туулган И.Э. болуп Каракол шаарына кетүүгө жол тосуп турган. 

Ал учурда Оргочор айылынын 2001-жылы туулган А.Ы. аттуу тургуну “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасы менен аялдамада жол тосуп тургандарды көрүп, алардан алып кетүү үчүн токтоп, жүргүнчүлөрдү автоунаага салып жаткан учурда Чоң-Жаргылчак айылынын 1999-жылы туулган К.К. “Гольф-4” автоунаасы менен аялдамада токтоп турган “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын бет маӊдай сүзгөн.

Натыйжада “Ауди-В4” авто унаасынын айдоочусу А.Ы. жана автоунаага отуруп жаткан И.Э. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми, “Гольф-4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу К.К., Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну З.А. жана “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасынын жүргүнчүсү, А.Б. тез жардам менен райондук ооруканасына жеткирилип, хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты менен кылмыш иши козголгон, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости