www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хан Шабдандын болгон кызматы оёздун жардамчысы гана болгон, азыркы ажолор Путин менен тең ата. Агыны катуу суу кечип, ашуусу бийик тоо ашып көнүп калган Дыйкан болуш Кеминди көздөй баратты. Таңдын аппак –шапагында аттанган шайдоот атчандар Шабдан баатырды ажылыкка узатуу сыяпатына баратышат. Ак кийизге отургузулуп, атайы хан даражасына көтөрүлбөсө да тынайдын мыктысы Шабдан баатырдын хандай эле кадыр –баркы өскүлөң. Хан сыяктуу зоболосу утуру бийиктеп бараткан. Өзгөчө, аркалык кыргыздардын эл жакшылары арасында аны хан иретинде туюнушат. Ушундан улам тынай элинин бул манабын кээ бирде Шабдан хан атап коюшчу болгон.

Эл башчылары ага тигинтип ийилип турушса, караламан калк дегениң Шабданды ого бетер көкөлөтүп, аны ыйыкка айлантышкан. Анын үстүнө Жантайдын бул жылдыз нурлуу уулу ак падышанын амирин артынган орус төрөлөрү менен да коюн –колтук алышып, ымаласы ысышып алган. Орус төрөлөрү Шабдандын оозу менен сүйлөп, колу менен камчы чаап, анын башы менен кыргыз элин башкарып жаткандары билгендерге маалым.

“Жалгыз терек – токой болбойт” эмеспи. 

Шабдан баатыр Мекеге ажылыкка аттанаар алдында эл жакшыларына коштошуу үчүн төгөрөкө ат чаптырып, кабар айттырган. Дыйкан болуш да Шабдан баатырды узатуу сыяпатына келди. Ошондо кара жаак, кайкы тил Калмырза ырчы ыр жамгырын жаадырды:

  • Маргалаң менен Анжыян,

Малга жакшы базары.

Азыр мына айтылат,

Атактуу Шабдан казалы.

Мартабасын ыр кылып,

Эл кумарын жазалы.

Калдайып турган калайык,

Кан Шабданды мактоого,

Калмырза ырчы ылайык.

 

Алла-Талла жараткан,

Муканбеттин аты бар.

Асмандан түшкөн каты бар.

Азирети Абубакир,

Артынан өткөн чалыяр.

Кудайга шерик Мукамбет,

Мукамбетке биз үмөт.

Акчасы жеткен адамга,

Ажыга баруу чоң милдет.

Шабдан баатыр ханыбыз

Кан болсун жүз жыл башыңыз.

Баатыр аман келсе –деп

Көздөн агат жашыбыз.

 

Кан Жантайдан туулган,

Калктан сиздей ким чыккан?

Эгер чыкса бир чыгар,

Калыйпа менен Урумдан.

Калк –кара тал, сиз –терек,

Калк кыйналса сиз керек.

Калкың чогуу кетүүгө,

Каржысы жок, жан бөлөк.

 

Бээжинден уста алдырган,

Медресе салдырган.

Алыстан уста алдырган,

Аземдеп мечит салдырган.

Калкым канаат алсын деп,

Каржы жыйнап, кам кылган.

Чогултуп бала окутуп,

Калк көңүлүн шам кылган.

Эр Шабдан сиздей ким болгон,

Орошон ушул баатырым,

Оң менен солго дүң болгон.

 

Аргымак кетсе из калар,

Артында асыл сөз калар.

Күлүк кетсе из калар,

Күлдү журтта сөз калар.

Коногуна баатырдын,

Койдун эти жетпеген.

Кожо, молдо, дубана,

Эшигинен кетпеген.

Ушунча элдин барысын,

Баатыр өзү эптеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости