www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

58

Эки жактагы элдин баары Кытайга качып кетип жатканда, жол тосулуп, Канаттын эли деп бүт кырылабыз го деп жатканда, Канат айыл жакшыларын, уруу башчыларын чогултуп:

– Силердин убалыңарга мен калдым. Эми силер Кытайга качабыз деп убара болбой, тынч тургула. “Бизди Канат-хан зордук менен урушка тарткан, эми өзү жок” дегиле, - дейт. Эл жазалоочулар менен ымалага келип, алар Канаттын Ысак деген уулун кармап кетип, дарга асып салышат. Жазалоочулар Канаттын Жапарсадык деген баласын Бишкектен кармап, ошол жерден эле атып салышкан.

Канат элин үркүтпөй тынчытып коюп, он-чакты жигити, бир аз туугандары менен Кытайга аттанат. Экинчи аялы Шабдандын инисинин кызы Аселди Сарала –Ала – Сазга калтырып кетет. Балким, Шабдандын балдары көтөрүлүш учурунда тикелей жардам бербеди дегени болсо керек. Биринчи аялы – кетмен-төбөлүк Жылдызды, үчүнчү аялы солтолук Курманжанды, төртүнчү аялы кочкордогу туздук азык Жайыпты өзү менен ала жүрөт. Беделдин белине келгенде Канат:

  • Болду, кайталы! Кытайга барып жыргап кеткенден көрө, элге барып өз башымды өлүмгө тосконум жакшы – деп, кайра тартат.

Орус бийлиги Канатты тирүүлөй колго түшүрүүнү көздөшкөн. Бул мүмкүнчүлүктү жумгалдык болуш Канаттын уулу Карынбайдын кайнатасы Курман Лепесов менен анын уулу, кайнагасы Исхак Курмановдор түзүп берген. Канат-ханды кармап бергени үчүн алар орус бийлигинен сыйлык-наамдарды алган.

Канат болуштун сотко берген көрсөтмөсү боюнча, Исхак Курмановдун аны кармабаганын, ал генерал-гүбүрнатыр Куропаткиндин Жети-Сууга келээрин билип, ага жолугуу үчүн, Нарында колго түшүп бергенин, кыргыздын жерлерин орус келгиндери өзү билгендей тартып алып жатканын, болуштарды шайлоодо ойоз башчылары, приставдар пара алып,ким көп пара берсе,ошону болуш кылып шайлап жатканын, салык, чыгымдар көбөйүп, кыргыздар мал катары эсептелип жатканын, кыргыз элинин көрүп жаткан азап-тозогун, ошондон улам көптөгөн болуштуктар көтөрүлүшкө чыкканын, өзү көп уруштун башында турганын айтып берген. Канат болуштун бир уулу Керимбай ушул урушта окко учса, бир уулу Жапарсадык атылып, Ысак дарга асылган. 1917-жылы 27-мартта Убактылуу Өкмөттүн жарлыгынын негизинде Канат-хан акталат.

Бирок орус жазалоочу аскерлери аны бошоноордо чачын алабыз деп, Алматы калаасында уулантып өлтүрүшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости