www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минкабда 20 млрд долларлык «Асман» экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен Асман экологиялык таза шаары пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган. «Кызарган этке конгон чычкак чымындай болгон» Туманбаев эми «Асман» шаарын кура баштайт. Шопур Илмияновдун шопуру катары атагы чыгып, шопур Илмиянов мамлекеттин баранкасын айлантып жүрсө, Туманбаев тумандуу күндөргө карабай шопурдун баранкасын айлантып жүрүп, президент Атамбаевдин сол колуна айланган. Айланып жүрүп эле бул бийликке Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары келе баштады. Ал Атамбаев сүйүп, кара пиарын көрсөтүп турган «Апрель-ТВ» телеканалынын Башкы директору катары мурунку машинасын айдап жүргөн шопур Илмияновду, Илмиянов машинасын айдап жүргөн Атамбаевди даңазалап башкаларга кара бойок сыйпап жүргөн. Бирок, өң деген хамалеончо тез өзгөрүлөт.

Туманбаев Атамбаевдин СДПК партиясынан парламентке депутат тизмесинде жүргөнүн унутуп, Сооронбай Шариповичтин убагында «Биримдик» партиясынын «билеги күчтүү» адамдарынын бирине айланып, 2020-жылы бул партия байлыктын күчүнө салып шайлоодо жеңип чыгышы үчүн тызылдап чуркап жүрүп, тилеги ишке ашат. Жапаровдун бийлиги учурунда Туманбаевдин ташы өйдө кулап азыркы учурдун «Тендербай Сарпашевине» айланат. Туманбаев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан коюлган тендерлердин бардыгын утуп жүрүп президенттин Иш Башкармалыгын жетектөөгө келип, көктү тиктеп калган учуру.

Учурда Атамбаевдин кандосу кийин кандушманына айланган Иса Өмүркулов ага  кантип жетип барам деп тыбырчылап отурган кези, ал эми Шаки, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Икрам Илмияновдор эсебин таап, бирден чубай баштады. Атамбаев түрмөгө камаса да мурунку досу Текебаев деле Германияда жолугам деп күүлөнүп турат. балким Испанияга барып жолугар. Бөтөнчө Икрам Илмияновдо намыс, абийир, бет деген караманча жок экен. Атамбаевдин үйүн сагаалап жетип баргандардын ичинен өзгөчө ал "персона" көпчүлүктүн оозун ачырып таң калтырды. Икрам Илмиянов Атамбаевдин үйүнө Абдышүкүр Нарматовду ээрчитип алып, 3 литрлик желим бөтөлкөгө жарымынан суу куюп алып жетип барыптыр. Икрамдын колундагы сууну, "бул эмне суу, дубаланган эмес беле" дешип тартып алып коюшканы эле эмне деген "сокку" болду мээси бар, түшүнгөн жанга?

«Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт» дегендей Атамбаев чыгар менен жетип барган мурун келгендердин  куйкасы курушуп, ачык эле жек көрүп жатышканын жашырышкан жок. Кайсы бети менен уялбай келди дешип көптөр жерге түкүрүштү. Атамбаев деле ага мурдагыдай көңүл бурбастан, салкын мамиле кылып, келдиңби-кеттиңби дебей койгонуна көпчүлүк күбө болушту. Икрам "кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жан таттуу" дегендей өтө ыңгайсыз абалга туш болуп, киргенинен чыкканы бат болуп, артын карабай качып жок болду. Атамбаевден жүз буруп кеткен бир топтор, абактан чыгаары менен үйүнө жетип барышып, "биз мындабыз"деп турушканын азыркы бийлик кантип кабыл алар экен.

Алмазбек Атамбаевдин доорунда анын шопуру болуп жүргөн Икрам Илмиянов өлкөдөгү таасирдүү экинчи фигурага айланып, асмандап жүрүп калган. Ал кабыл алчу бөлмөсүнө Шаршенбек Абдыкеримов, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев сыяктуу партия лидерлерин, фракция жетекчилерин күттүрүп коюп, өзү телевизор көрүп отурчу. Бир ирет анын кабыл алышын шопур кезинде сырдашы суранып калат. «Шопурду шопур алыстан тааныйт» эмеспи, «Шопур» аны кабыл алганы чакырат. Ал Илмияновго киргени барса кабыл алуусунда Шакилер отуруптур. Бирок аны түз эле Илмияновго кийирет. «Шопур» менен шопур жолугушуп аңгемелешип отурса, кабыл алуу бөлмөсүн даана тартып сүрөттөгөн, ким эмне кылып жатканын көрсөтүп турган телевизору бар экен. Шакиге окшогондорду 5-6 саат күттүрүп коюп телевизордон эмне кылып жатканын карап эрмектеп отурчу тура. Башкасын айтпасак да, кадр саясатына, Финансылык ресурстарга активдүү аралашканын кантип жокко чыгарабыз? Президенттик аппараттын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өзүн экинчи «хандай» эле көрүп калган да. Куугунтук жүргүзүүгө да салым кошкону талкууланып келген…

Айтмакчы, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда ага карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, аз убакытка түрмөгө отуруп чыкканы, жеңил жаза алганы маалым. А эң башкысы, Икрам Илмиянов шопурлуктан олигархка айланганы, бакса менен курган тамдан мал-мүлккө, бизнеске, элиталык үйлөргө жеткени жалганбы? Күч органдары тыкыр иликтөөгө алышса, төбө чачты тик тургузгандай байлыктары бапырап чыкса керек, туурабы? Эгерде Икрамды «кустурса» бюджетин бир капшыты толуп, бийликтин рейтинги көтөрүлөт беле?

Ал Атамбаев бийлигинин тушунда шопур Икрам Илмиянов мамлекетти каалагандай калчап, дөөгүрсүп жашап калбады беле?! Жээнбековдун бийлиги кезинде камалымыш этип, 150 миң доллар “кусуп”, жеңил-желпи жазадан кутулуп кеткен. Эл көзүн будамайлап. Бул дүйнөдө көп адамдарга кылган жамандыгы аркы дүйнөгө чейин эле талданып, баа берилери шексиз да. Учурда Икрамды айрым лөк саясатчылар өткөн чакты териштирүү үчүн издеп атышса, кылмыш дүйнөсүндөгү олуттуу фигуралар да ээн жерге тартуу менен “сүйлөшүүгө” кызыкдар. Кутулбас куяга калгандай. Анда-санда той-ашка башбага калган шопур соңку кездери жүрөгү титереп, баскан изин жашырып, “куйругун түйүп” качкандай. Ооба, артынан аңдыгандар пайда болсо, мындай жашоонун өзү кыяматтай сезилсе керек. Кыскасы, бул Икрам Илмияновдун “ириген” жашоосунан бир үзүм го...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

 

Последние новости