www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сутенерша-депутат  «Мамочка Гульханды» учурунда АШАнын таманын жалап жүрүп бийик кызматтарда иштеп жүргөн күйөөсү Мирбек Асанакунов теңине да алчу эмес. «Жырткыч» Асанакуновдун кол алдында эмне күндөрдү көрдү экен? Бирок мезгил өзгөрүлөт экен, азыр сутенерша «Мамочка Гульхан» депутат болгон. Ага далай азапты көрсөткөн Асанакунов алтымышка келип алжып калды. Депутат Молдобекова жаш кездеги өчүн алып, жасанып, сулууланып парламентке келет.  Мокочо «мончочунун» жубайы Молдобекованы «Альянс» партиясы депутатыкка алып келген. 2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган.

Саунага түшкүң келсе жаңы парламентке бар, «Мама Гульхан» сыяктуу сутенершалар депутат болушкан. «Альянс» партиясы менен депутат болгондордун бири Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон сутенерша «Мамочка Гульхан». Гүлкан Молдобекова 2015 –жылы канайым Раиса Атамбаеванын колдоосу менен СДПК фракциясынан депутат, кийин комитет жетекчиси болгон. Анын жубайы Мирбек Асанакуновдун каймана ысымы «мончочу» Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын төрагасы, башкысы эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун. Эл ичинде Мирбек Асанакунов «саунщик»  каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо, Атамбаевдин эркеси, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсү ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу.

Асанакунов мырза менен анын аялы – алтынчы чакырылыштагы  КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы, СДПК фракциясынын мүчөсү, жетинчи чакырылыштагы парламентке «Альянс» партиясынан депутат болгон Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан табышкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек. Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчаларга облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаевдин жана казандык бизнесменша Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп чыгышкан. Ларчиктин ачылышы эң эле жөнөкөй, кеп анын ошол кездеги КРнын Президенти А.Ш.Атамбаевдин кол баласы болгондугунда, бирок, ал азыр түрмөдө отурат, анда эмне үчүн Асанакуновду жоопкерчиликке тартышпайт? Суроо абдан кызыктуу. Азыркы учурда «Кумтөр» кенине байланыштуу коррупциялык иштерге катышып барлардын бардыгын жоопкерчиликке тартып жатышат. Мамлекеттин эсебинен байыгандардын бардыгынын жазасын берип, туура кылышууда. Коррупционер түрмөдө отурушу керек, уурдалгандарды ордуна кайтарууга убакыт келип жетти.

Ошентсе дагы, эмнегедир Асанакуновду чекисттер айланып өтүп жатышат, анткени менен, бийликтин Асанакуновдон азыраак жегендерге деле аёосуз мамиле кыла жатышкандыгын фактылар көрсөтүп жатат. Ал эбак эле Ысык-Көл облусунун фондундагы каражаттарды өзүмбилемдик менен максатсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишинин каарманы болууга тийиш эле. Ушундан улам анын кайрадан крышасы пайда болгону ачык көрүнүп турат.

Мисалы, Атамбаевдин учурунда бул - биринчи айым Раиса болсо, С.Ш. Жээнбековдун учурунда анын иниси – кудуреттүү Асылбек колдоп турган, ал эми азыр ким? Кандай болсо да, колдон суурулуп, кайда болбосун мурдун тыккан Молдобекова Г.С. айланасындагы адамдарга башкы чекист К.К.Ташиевге «жол» тапканын саймедиреп далай жолу айтканын эшиттик жана бул башкы чекисттин дарегине карата мындай жалааны Раисанын жана СДПКнын эркек талтаңы дайыма кайталагандан жадабайт. Элди «жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» деп ойлосун дейт көрүнөт же кандайдыр бир «жагдайлардын кагылышы» болгон сыяктуу. ПФК төрагалыгына Ташиевдин тарапташтары түштүктөн бирөөнү «түртүшкөн». Албетте, ал өз ишинин дасыккан адиси. Окумуштуу. Балким, билим берүү жөнүндө документи бар жана «Профсоюздар» – бул коммунизм мектеби экендигин жакшы түшүнөт. Ташиевдин тарапташтарын Камчыбек Кыдыршаевичке көлөкө түшүрбөөсүн суранат элек. А эгерде кимдир бирөөнү алып келгиси келсе, жок дегенде эки ооз сөздүн башын кошуп сүйлөй ала турган адамды тандоого кеңеш бермек чыгаар. Андай болбогон учурда Ташиевдин жеке мүдөөнү көздөгөн ишмердүүлүгү жөнүндө айыңдар күчөйт. 

Ал арада Асанакунов Молдобекова Г.С. аялы экөө Ташиевдин дарегине карата ушак-айыңдарды таратып, өз колдоруна профсоюздун менчигин толугу менен алууга аракет кылышууда. Бул схема дагы эң жөнөкөй, ар кандай махинацияларды жасоо жана манипуляция кылуу менен санаторийлерди, курортторду, эс алуу жайларын кудуретсиздикке дуушар кылып, андан кийин бөлүп-жарып сатышууда. Ал эми бул өтө чоң суммадагы каражаттар жана кимди болбосун сатып алышат. Асанакунов жана анын  компаниясы 2020-жылдын 7-декабрында профсоюздар федерациясынын имаратына рейдерлик баскынчылык кылышын көп суммадагы каражаттардын айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Жумушчулар өз иш орундарына кире албай калышкан кырдаалда ал эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Ал эми прокурор кызматкерлери жана Ички иштер министрлиги анын «бейбаштыгына» көз жумуп коюшту, анткени менен аларга аталган кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети фактысы боюнча профсоюз активисттери он жолудан кем эмес кайрылышкан. Буларды көрүп туруп Асанакунов менен Молдобекованын чындыгында жогору жакта «крышасы» бар окшойт деген жыйынтыкка аргасыз келесиң. Эгер андай болбосо, анда «Мончочуну» эбак эле темир тор артына камак коюшмак. Мамлекеттик структураларда коррупция жашап, гүлдөп жатат жана «өлүмгө алып келүүчү бул ооруну» эч кимдин токтотууга күчү жетпейт.  

ПФК мүчөлөрү атамбаевчилер жалааларды жаап, кадыр-барктарына доо келтирип жатышкан Жапаров менен Ташиевге үмүт артып жатабыз. Бийлик  Асанакунов менен Молдобекова сыяктуу алдым-жуттум, принципсиз аткаминерлерди эмес, элди колдосо деген тилектебиз» деп ачык эле айтышууда. 

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости