www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр мухиттерден алыс жайгашкан. Ошондуктан, суу алдындагы субмариндери жок. Ал эми Казакстан да мухиттерден алыс турганы менен казак миллиардери Ашымбаев Тынч океандан арал сатып алып, сүйгөн Казакстанына тартуулаган. Ошол үчүнмүмкүн субмариндери бардыр. Бизде деле Бабанов, Атамбаев, Салымбеков сыяктуу  мульти-миллионерлерден куру эмеспиз. Бирок алар тынч океандан арал сатып бермек турсун, өзүм дегенде өгүздөй күчтөрү бар, ал эми Кыргызстан үчүн күйөбү же күйбөйбү ким билет. Түндүк Кореянын согуш-деңиз күчтөрүндө 100 субмарин бар, ал эми Кошмо Штаттарда болгону 50, Орусияда болсо 70. Суу алдындагы субмарин  боюнча Кошмо штаттардан эки эсе ашып кеткен Түндүк Корея.

 Жоокерлерине келсек Түндүк Кореянын 1 миллион 300 миң жоокери бар. Түндүк Корея Орусияга жардам берүүгө багыт алууда. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери урматтуу жолдош Ким Чен Ын "Ангара" космостук жана ракеталык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Аталган комплекстин курулуш-монтаждоо иштери 2019-жылы 31-майда башталган. Учурда анын курулушу аяктоо алдында турат. Комплекс 109 гектар аянтты ээлейт жана 200дөн ашык имараттарды жана курулуштарды куруу пландалган.

Түндүк Кореянын лидери урматтуу жолдош Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинди Түндүк Кореяга иш сапар менен келүүгө чакырды, орус лидери макул болгонун Түндүк Кореянын борбордук телеграф агенттиги билдирет. Кабыл алуудан кийин  Ким Чен Ын  Путинди өзүнө ыңгайлуу каалаган убакта Түндүк Кореяга келип кетүүгө чакырды. Президент чакырууну кабыл алып, орус-корей достугунун тарыхын жана салттарын дайыма улантууга даяр экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

13-сентябрь эки мамлекеттин лидерлери Чыгыш космодромунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул Ким Чен Ындын 2019-жылдан берки биринчи сапары.

 

Владимир Путин менен урматтуу жолдош Ким Чен Ындын делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөрү аяктап, тет-а-тет форматындагы сүйлөшүүлөрү башталганын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирет. Ал тактагандай, кеңейтилген сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду.. "Россия менен КЭДРдин ортосундагы мамилелердин толук спектри аскердик-техникалык кызматташтыктын жана коопсуздук чөйрөсүндөгү пикир алмашуунун курч маселелерин камтыйт", - деп белгиледи Песков "Россия" телеканалына берген маегинде.

Түндүк Кореянын лидери урматтуу жолдош Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда Пхеньян Москванын бардык чечимдерин колдой турганын жана мындан ары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө ниеткер экенин айтты.

Урматтуу жолдош Ким Чен Ын Орусияга Путиндин чакыруусу менен 12-сентябрь күнү, келген. "Восточный" космодромунан Ким Чен Ынды Путин өзү тосуп алды. Жолугушуу учурунда ал чакыруу үчүн ыраазычылык билдирген: "Биз мындан ары дагы мамилелерди өнүктүрүүнү каалайбыз. Биз президент Путин менен Орусия өкмөтүнүн чечимдерин ар дайым колдоп келгенбиз жана мындан ары да колдой беребиз", — деди Ким Чен Ын.

Ал ошондой эле Орусия менен Түндүк Корея ар дайым империализмге чогуу каршы туруп, суверендүү мамлекет курууну жактай турганына үмүт артарын кошумчалады. Ал эми Путин өз кезегинде жолугушуу Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнө 75 жыл толгон маалда өтүп жатканын белгиледи: "КЭДРди биздин өлкө биринчи болуп тааныган. Сиз менен жолугушуубуз мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн дагы бир учур болот деп ишенем ", — деди РФ лидери.

"Бизде мамилелерди өнүктүрүү үчүн көптөгөн маселелер бар, анын ичинде саясат, экономика жана маданият", - деп кошумчалайт Түндүк Кореянын лидери.

Түндүк Кореянын лидери урматтуу жолдош Ким Чен Ын Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Владивостокко барат, анда Коргоо министрлиги аркылуу ага Тынч океан флотунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт, ошондой эле Ыраакы Чыгыш федералдык университетине барат жана Россия илимдер академиясынын айрым объектилери менен таанышат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Россия 1» телеканалында билдирди.

«Алдыда урматтуу жолдош төраганын чоң программасы турат. Ал азыр да бул жерден Комсомольск-на-Амуредеги жарандык да, аскердик да авиациялык техника чыгарылган заводдорго барат», - дейт Путин. 

2023-жылдын 13-сентябрында Путин менен Түндүк Кореянын лидери Амур аймагындагы Чыгыш космодромунда сүйлөшүү өткөрүштү. Түндүк Кореянын лидери Орусияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Орусия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. 

Урматтуу жолдош Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости